https://sputnik.kg/20231113/kyrgyzstan-suu-kerektoo-statistika-1080388352.html
Кыргызстанда суу мурдагы жылдарга салыштырмалуу көп пайдаланыла баштады
Кыргызстанда суу мурдагы жылдарга салыштырмалуу көп пайдаланыла баштады
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын аймагында 1 923 көл, 3 500дөн ашык дарыя, сайлар бар. 13.11.2023, Sputnik Кыргызстан
2023-11-13T10:47+0600
2023-11-13T10:47+0600
2023-11-13T10:47+0600
кыргызстан
суу
статистика
көл
дарыя
https://sputnik.kg/img/07e7/08/07/1077616185_0:0:3074:1730_1920x0_80_0_0_0d7f99269231ddddf451ea226ad0ee5a.jpg
БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Акыркы жылдары Кыргызстанда сууну пайдалануу 15 пайызга өстү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин 2018-жылдан 2022-жылга чейинки өлкөдөгү экологиялык абалга арналган жыйнагында жазылган.Маалым болгондой, өлкөдө жетиштүү суу ресурстары бар. Кыргызстандын аймагында аянты 6 836 чарчы чакырым болгон 1 923 көл, 3 500дөн ашык дарыя, сайлар жана жер астындагы таза, минералдык суулардын 44 кени бар.Сууну керектөөнүн жалпы көлөмүнөн көбү (94,3 пайызы) сугат, айыл чарба иштерине пайдаланылган. Чарба жана ичүүчү сууга 3,4 пайыз, өнөр жайга 1,4 пайыз суу пайдаланылган.Суу керектелгенден көп алынып жатканы белгиленди. Алсак, өткөн жылы 8 миллиард 742 миллион кубометр алынса, 5 миллиард 844 миллиону гана пайдаланылган.Себеби — алынган суунун 27 пайызы сугат системаларынын начар абалынан улам тиешелүү жерге жеткиче коромжуга учурайт.
https://sputnik.kg/20230607/suu-resurstaryn-pajdalanuu-1076013799.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2023
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e7/08/07/1077616185_235:0:2966:2048_1920x0_80_0_0_0cb4305437de9c352c5dca754d973087.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, суу, статистика, көл, дарыя
кыргызстан, суу, статистика, көл, дарыя
Кыргызстанда суу мурдагы жылдарга салыштырмалуу көп пайдаланыла баштады
Кыргызстандын аймагында 1 923 көл, 3 500дөн ашык дарыя, сайлар бар.
БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Акыркы жылдары Кыргызстанда сууну пайдалануу 15 пайызга өстү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин 2018-жылдан 2022-жылга чейинки өлкөдөгү экологиялык абалга арналган жыйнагында жазылган.
Маалым болгондой, өлкөдө жетиштүү суу ресурстары бар. Кыргызстандын аймагында аянты 6 836 чарчы чакырым болгон 1 923 көл, 3 500дөн ашык дарыя, сайлар жана жер астындагы таза, минералдык суулардын 44 кени бар.
"2022-жылы сууну керектөөнүн көлөмү 5,8 миллиард куб метрден ашкан. Бул 2018-жылга салыштырмалуу 14,8 пайызга көп (төрт жыл мурда 5,1 миллиард метр кубга аз болчу)", — деп айтылат маалыматта.
Сууну керектөөнүн жалпы көлөмүнөн көбү (94,3 пайызы) сугат, айыл чарба иштерине пайдаланылган. Чарба жана ичүүчү сууга 3,4 пайыз, өнөр жайга 1,4 пайыз суу пайдаланылган.
Суу керектелгенден көп алынып жатканы белгиленди. Алсак, өткөн жылы 8 миллиард 742 миллион кубометр алынса, 5 миллиард 844 миллиону гана пайдаланылган.
Себеби — алынган суунун 27 пайызы сугат системаларынын начар абалынан улам тиешелүү жерге жеткиче коромжуга учурайт.