https://sputnik.kg/20231119/myktybek-orolbaj-uulu-sport-mushker-zhenish-1080570245.html
Мыктыбек Оролбай уулу UFC уюмундагы дебюттук беттешинде атаандашын жеңип алды
Мыктыбек Оролбай уулу UFC уюмундагы дебюттук беттешинде атаандашын жеңип алды
Sputnik Кыргызстан
Ал ММА уюмунда 13 беттеш өткөрүп, анын 12синде жеңишке жетип, бир ирет утулуп калган. 19.11.2023, Sputnik Кыргызстан
2023-11-19T10:38+0600
2023-11-19T10:38+0600
2023-11-19T11:44+0600
кыргызстан
мыктыбек оролбай уулу
ufc
спорт
мушкер
жеңиш
видео
сүрөт
https://sputnik.kg/img/104728/46/1047284629_0:211:3072:1939_1920x0_80_0_0_98edf7bf21d335e6e20fdcf2643296fc.jpg
БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Кыргызстандык мушкер Мыктыбек Оролбай уулу UFC уюмундагы дебюттук беттешинде атаандашын муунтуу ыкмасы менен утту. Оролбай уулунун уюмдагы алгачкы кармашы 18-ноябрга караган түнү Лас-Вегаста өтүп, сербиялык Урош Медич менен күч сынашты. Беттештин экинчи раундунда кыргызстандык спортчу жеңишке ээ болду.Мындан төрт күн мурун эле спортчу жеке баракчасына UFC уюму менен келишим түзгөнүн жарыялаган. Кечээ анын көз караштар таймашынын видеосу чыккан.Мыктыбек ММА уюмунда 13 беттеш өткөрүп, анын 12синде жеңишке жетип, бир ирет утулуп калган. Ал эми атаандашы Медичте 10 беттеш болгону, анын тогузунда жеңишке жетип, бир жолу жеңилгени жазылган.Белгилей кетсек, UFC беттештеринде Кыргызстандын атынан бир тууган Валентина жана Антонина Шевченколор чыгып келе жатышат.
https://sputnik.kg/20230919/shevchenko-betteshti-kyrgyzstanda-otkoruunu-sunushtady-1078734901.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2023
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/104728/46/1047284629_341:0:3072:2048_1920x0_80_0_0_2c519330f8c47d46f899657af8d494ad.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, мыктыбек оролбай уулу, ufc, спорт, мушкер, жеңиш, видео, сүрөт
кыргызстан, мыктыбек оролбай уулу, ufc, спорт, мушкер, жеңиш, видео, сүрөт
Мыктыбек Оролбай уулу UFC уюмундагы дебюттук беттешинде атаандашын жеңип алды
10:38 19.11.2023 (Жаңыртылды: 11:44 19.11.2023) Ал ММА уюмунда 13 беттеш өткөрүп, анын 12синде жеңишке жетип, бир ирет утулуп калган.
БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Кыргызстандык мушкер Мыктыбек Оролбай уулу UFC уюмундагы дебюттук беттешинде атаандашын муунтуу ыкмасы менен утту. Оролбай уулунун уюмдагы алгачкы кармашы 18-ноябрга караган түнү Лас-Вегаста өтүп, сербиялык Урош Медич менен күч сынашты. Беттештин экинчи раундунда кыргызстандык спортчу жеңишке ээ болду.
Мындан төрт күн мурун эле спортчу жеке баракчасына UFC уюму менен келишим түзгөнүн жарыялаган. Кечээ анын көз караштар
таймашынын видеосу чыккан.
Мыктыбек ММА уюмунда 13 беттеш өткөрүп, анын 12синде жеңишке жетип, бир ирет утулуп калган. Ал эми атаандашы Медичте 10 беттеш болгону, анын тогузунда жеңишке жетип, бир жолу жеңилгени жазылган.
Белгилей кетсек, UFC беттештеринде Кыргызстандын атынан бир тууган Валентина жана Антонина Шевченколор чыгып келе жатышат.