https://sputnik.kg/20231119/ufc-orolbay-uulu-kommentariy-1080572647.html
Бул башталышы гана! Оролбай уулунун UFC уюмундагы жеңишинен кийинки кеби
Бул башталышы гана! Оролбай уулунун UFC уюмундагы жеңишинен кийинки кеби
Sputnik Кыргызстан
Биз дагы көрсөтөбүз, бул башталышы гана! Бул тууралуу кыргызстандык Мыктыбек Оролбай уулу UFC уюмундагы ийгиликтүү дебютунан кийин айтты. 19.11.2023, Sputnik Кыргызстан
2023-11-19T12:37+0600
2023-11-19T12:37+0600
2023-11-19T12:39+0600
кыргызстан
мыктыбек оролбай уулу
ufc
спорт
мушкер
жеңиш
видео
комментарий
https://sputnik.kg/img/07e7/0b/13/1080571323_0:0:1281:720_1920x0_80_0_0_9c2c88866be8d948e68fff2b423e99e8.jpg
Биз дагы көрсөтөбүз, бул башталышы гана! Бул тууралуу кыргызстандык Мыктыбек Оролбай уулу UFC уюмундагы ийгиликтүү дебютунан кийин айтты. Ал белгилегендей, алдыда келишим боюнча үч беттеш күтүп турат. Алгачкы кармаш боюнча сунушту төрт күн мурда шашылыш кабыл алган.Белгилей кетсек, бүгүнкү мелдеш Лас-Вегаста өтүп, кыргыз мушкери атаандашы сербиялык Урош Медичти муунтуу ыкмасы менен жеңди. Аны Бишкектеги күйөрмандары да сүрөп турушту.Оролбай уулу мындан төрт күн мурун жеке баракчасына UFC уюму менен келишим түзгөнүн жарыялаган. Кечээ анын көз караштар таймашынын видеосу чыккан.Мыктыбек ММА уюмунда 13 беттеш өткөрүп, анын 12син жеңип, бир ирет утулуп калган. Ал эми атаандашы Медичте 10 беттеш болгону, анын тогузунда жеңишке жетип, бир жолу жеңилгени жазылган.Белгилей кетсек, UFC беттештеринде Кыргызстандын атынан бир тууган Валентина жана Антонина Шевченколор чыгып келе жатышат.Тема боюнча:
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2023
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e7/0b/13/1080571323_130:0:1090:720_1920x0_80_0_0_0e18715f6f92c3123861697e599dd9df.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, мыктыбек оролбай уулу, ufc, спорт, мушкер, жеңиш, видео, комментарий, видео
кыргызстан, мыктыбек оролбай уулу, ufc, спорт, мушкер, жеңиш, видео, комментарий, видео
Биз дагы көрсөтөбүз, бул башталышы гана! Бул тууралуу кыргызстандык Мыктыбек Оролбай уулу UFC уюмундагы ийгиликтүү дебютунан кийин айтты.
Ал белгилегендей, алдыда келишим боюнча үч беттеш күтүп турат. Алгачкы кармаш боюнча сунушту төрт күн мурда шашылыш кабыл алган.
“Биз каршылашты изилдедик (Урош Медич — Ред). Ал стойкада мыкты экен. Ошон үчүн күрөшкө басым жасадык. Алдыда 70 килограммга чейинки категорияда үч беттешим бар. Биз дагы мыкты кармаштарды көрсөтөбүз, бул башталышы гана", — деди ал.
Белгилей кетсек, бүгүнкү мелдеш Лас-Вегаста өтүп, кыргыз мушкери атаандашы сербиялык Урош Медичти
муунтуу ыкмасы менен жеңди. Аны Бишкектеги күйөрмандары да сүрөп турушту.
Оролбай уулу мындан төрт күн мурун жеке баракчасына UFC уюму менен келишим түзгөнүн жарыялаган. Кечээ анын
көз караштар таймашынын видеосу чыккан.
Мыктыбек ММА уюмунда 13 беттеш өткөрүп, анын 12син жеңип, бир ирет утулуп калган. Ал эми атаандашы Медичте 10 беттеш болгону, анын тогузунда жеңишке жетип, бир жолу жеңилгени жазылган.
Белгилей кетсек, UFC беттештеринде Кыргызстандын атынан бир тууган Валентина жана Антонина Шевченколор чыгып келе жатышат.