https://sputnik.kg/20231121/teniz-bolt-rukko-okum-chykty-1080644608.html
Теңиз Бөлтүрүккө өкүм чыкты. Чоо-жайы
Теңиз Бөлтүрүккө өкүм чыкты. Чоо-жайы
Sputnik Кыргызстан
Бөлтүрүктүн камакка алынган банктык эсеби да колуна тийгени айтылды. 21.11.2023, Sputnik Кыргызстан
2023-11-21T18:03+0600
2023-11-21T18:03+0600
2023-11-21T18:04+0600
кыргызстан
теңиз бөлтүрүк
кумтөр
сот
өкүм
кумтөр голд компани
https://sputnik.kg/img/07e6/01/12/1061318684_0:383:2533:1808_1920x0_80_0_0_d30008e7739019890bec36aa8dcb5369.jpg
БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. Биринчи май райондук соту үй камагындагы Теңиз Бөлтүрүктү 800 миң сом айып төлөөгө милдеттендирип, эркиндикке чыгарды. Бул тууралуу аталган соттун маалымат кызматы кабарлады.Бөлтүрүк буга чейин үй камагында болчу. Маалымат кызматынан анын камакка алынган банктык эсеби да өз колуна тийгенин кошумчалады.Бөлтүрүк "Кумтөр" ишканасына келтирген зыяндын ордун толтуруу үчүн 10 миллион сом төккөнү белгилүү болду.Сот прокурор менен айыпталуучунун ортосунда күнөөсүн мойнуна алуу тууралуу макулдашуу болгонун айтып, мындайда ал камалбай турганын белгилеген.Бөлтүрүк 2022-жылы сентябрда кармалган. Анда Кумтөрдү башкарып жатканда 1,1 миллиард сом зыян келтиргени айтылган. Быйыл жазда бийлик ал башка шектүүлөр менен кошо 831 миллион сом кайтарганын билдирген. Ошондон улам тергөө абагынан чыгарылган.Бөлтүрүктү президент Садыр Жапаров 2021-жылы компанияны башкарууга чакырган. Кийинки жылы Эсеп палатасы ишканадан финансылык алешемдиктерди таап чыгып, Бөлтүрүк менен компаниянын каржы директору Рыспек Токтогулов кызматтан четтетилген. Башкы прокуратура коррупциялык схемадан улам мамлекетке 1 миллиард сом өлчөмүндө зыян келтирилгенин аныктаган. Жалпы тогуз киши суралган.Теңиз Бөлтүрүк быйыл 30-апрелде үй камагына чыккан болчу.
https://sputnik.kg/20231017/dinara-kutmanovanyn-uulun-turkiyadan-alyp-kelishti-1079565953.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2023
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/01/12/1061318684_0:0:2731:2048_1920x0_80_0_0_0d4cce80436ab69aa294a93f7e80fb57.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, теңиз бөлтүрүк, кумтөр, сот, өкүм, кумтөр голд компани
кыргызстан, теңиз бөлтүрүк, кумтөр, сот, өкүм, кумтөр голд компани
Теңиз Бөлтүрүккө өкүм чыкты. Чоо-жайы
18:03 21.11.2023 (Жаңыртылды: 18:04 21.11.2023) Бөлтүрүктүн камакка алынган банктык эсеби да колуна тийгени айтылды.
БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. Биринчи май райондук соту үй камагындагы Теңиз Бөлтүрүктү 800 миң сом айып төлөөгө милдеттендирип, эркиндикке чыгарды. Бул тууралуу аталган соттун маалымат кызматы кабарлады.
Бөлтүрүк буга чейин үй камагында болчу. Маалымат кызматынан анын камакка алынган банктык эсеби да өз колуна тийгенин кошумчалады.
Бөлтүрүк "Кумтөр" ишканасына келтирген зыяндын ордун толтуруу үчүн 10 миллион сом төккөнү белгилүү болду.
Сот прокурор менен айыпталуучунун ортосунда күнөөсүн мойнуна алуу тууралуу макулдашуу болгонун айтып, мындайда ал камалбай турганын белгилеген.
Бөлтүрүк 2022-жылы сентябрда кармалган. Анда Кумтөрдү башкарып жатканда 1,1 миллиард сом зыян келтиргени айтылган. Быйыл жазда бийлик ал башка шектүүлөр менен кошо 831 миллион сом кайтарганын билдирген. Ошондон улам тергөө абагынан чыгарылган.
Бөлтүрүктү президент Садыр Жапаров 2021-жылы компанияны башкарууга чакырган. Кийинки жылы Эсеп палатасы ишканадан финансылык алешемдиктерди таап чыгып, Бөлтүрүк менен компаниянын каржы директору Рыспек Токтогулов кызматтан четтетилген. Башкы прокуратура коррупциялык схемадан улам мамлекетке 1 миллиард сом өлчөмүндө зыян келтирилгенин аныктаган. Жалпы тогуз киши суралган.
Теңиз Бөлтүрүк быйыл 30-апрелде
үй камагына чыккан болчу.
17 Тогуздун айы 2023, 14:49