https://sputnik.kg/20231122/zhalal-abad-kriminaldyk-kagylyshuu-1080669148.html
Жалал-Абадда криминалдык чыр-чатактарды уюштургандар кармалды
Жалал-Абадда криминалдык чыр-чатактарды уюштургандар кармалды
Sputnik Кыргызстан
Кармалгандардын автоунаалары жана жашаган жери тинтилип, натыйжада ок атуучу куралдар, ок-дары, бет каптар, ошондой эле граната табылган. 22.11.2023, Sputnik Кыргызстан
2023-11-22T15:06+0600
2023-11-22T15:06+0600
2023-11-22T15:06+0600
кыргызстан
жалал-абад
криминал
кагылышуу
укмк
https://sputnik.kg/img/101928/64/1019286441_98:215:1575:1046_1920x0_80_0_0_e6795e0d99bf3cad0b7fcc4628f4bca1.jpg
БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Жалал-Абад шаарында криминалдык чыр-чатактарды уюштургандар кармалганын УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.Билдирмеге караганда, акыркы убакта облустун ар кайсы райондорунда жана шаар четиндеги айылдарда жаштар арасында мушташтар көбөйүп кеткен. Анда кээ бири курал-жарак, травматикалык ок атуучу куралдарды колдонуп турушкан.Мындай иштерге бөгөт коюу максатында УКМК 20-октябрда Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренеси ("Уюшкан кылмыштуу топту түзүү же ага катышуу") боюнча иш козгоп, анын алкагында 17-ноябрда бир нече жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылган эки кишини колго түшүргөн."Алардын автоунаалары жана жашаган жери тинтилип, натыйжада ок атуучу куралдар, ок-дары, бет каптар, ошондой эле граната табылган. Учурда бул кылмыштуу топко тиешеси бар башка адамдар изделип жатат", — деп айтылат кабарда.
https://sputnik.kg/20230823/makintosh-karmaldy-bosteri-kriminal-1078031897.html
жалал-абад
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2023
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/101928/64/1019286441_204:77:1541:1080_1920x0_80_0_0_3f7bed5ca2ac29e8088c730df567ca4a.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, жалал-абад, криминал, кагылышуу, укмк
кыргызстан, жалал-абад, криминал, кагылышуу, укмк
Жалал-Абадда криминалдык чыр-чатактарды уюштургандар кармалды
Кармалгандардын автоунаалары жана жашаган жери тинтилип, натыйжада ок атуучу куралдар, ок-дары, бет каптар, ошондой эле граната табылган.
БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Жалал-Абад шаарында криминалдык чыр-чатактарды уюштургандар кармалганын УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, акыркы убакта облустун ар кайсы райондорунда жана шаар четиндеги айылдарда жаштар арасында мушташтар көбөйүп кеткен. Анда кээ бири курал-жарак, травматикалык ок атуучу куралдарды колдонуп турушкан.
"Айрымдар өздөрүн кылмыштуу топтун лидери катары көрсөтсө, кээ бири Жалал-Абад шаарындагы кичи райондорду караган адам катары көрсөтүп (смотрящий), катарына спорт менен машыккан жаштар да тартылып турган", — деп айтылат маалыматта.
Мындай иштерге бөгөт коюу максатында УКМК 20-октябрда Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренеси ("Уюшкан кылмыштуу топту түзүү же ага катышуу") боюнча иш козгоп, анын алкагында 17-ноябрда бир нече жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылган эки кишини колго түшүргөн.
"Алардын автоунаалары жана жашаган жери тинтилип, натыйжада ок атуучу куралдар, ок-дары, бет каптар, ошондой эле граната табылган. Учурда бул кылмыштуу топко тиешеси бар башка адамдар изделип жатат", — деп айтылат кабарда.