https://sputnik.kg/20231123/manas-musaev-ajdagy-zhezkempir-tasmasy-taberik-surot-1080688366.html
Айтматовдун айылына чогулган киночулар. "Айдагы жез кемпирдин" таберик сүрөтү
Айтматовдун айылына чогулган киночулар. "Айдагы жез кемпирдин" таберик сүрөтү
Sputnik Кыргызстан
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, тарыхын баяндоону улантат. 23.11.2023, Sputnik Кыргызстан
2023-11-23T20:06+0600
2023-11-23T20:06+0600
2023-11-24T10:41+0600
кыргызстан
маданият
манас мусаев
режиссер
тасма
таберик сүрөт
https://sputnik.kg/img/07e6/04/18/1063897329_0:120:2049:1272_1920x0_80_0_0_eeb566905fb79daa7e53bc48a49d3be4.jpg
© Sputnik / Александр ФедоровЭрте жазда ат араба айдап бара жаткан актриса Урумкан Исмаилова жана чылада арабаны түрткөн кыз-келиндерди камерага түшүргөн КРдин эл артисти, таланттуу кинооператор Манас Мусаевдин сүрөтү 1985-жылы Талас облусунда тартылган.Ал жылы КРдин эл артисти, белгилүү кинорежиссер Бакыт Карагулов жазуучу Ашым Жакыпбековдун сценарийинин негизинде "Айдагы жез кемпир" көркөм тасмасын тартып, ага сүрөттөгү чыгармачыл инсандар катышкан.Фильм тартуу учурун КР эл артисти Манас Мусаев мындайча эскерет:Улуу Ата Мекендик согуш жылдарындагы элдин турмушун баяндаган кинофильмде Изобар Дүйшеналиев, Светлана Чаптыкова, Капар Медетбеков, Алиман Жангорозова, Койсун Карасартова, Кадыржан Кыдыралиев, Сакыбек Карабаев, Ерсаин Толеубаев, Жанна Куанышева, Кеңеш Курманалиева, Балтыбай Сейтмамутова, Жанна Куанышева, Турсун Уралиев, Алымкул Алымбаев, Бакирдин Алиев, Сейитказы Андабеков, Гүлнар Рахимбаевалар роль жараткан.Тема боюнча:— Образга кирген Базаров, муюган Кытаев менен Думанаев. Залкарлардын таберик сүрөтү— Актёрлорго катуу талап койгон Болот Шамшиев. "Ак кемедеги" таберик сүрөт— Тасмадагы акыркы ролу болду... Таттыбүбү Турсунбаеванын таберик сүрөтү
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2023
Мирбек Сакенов
https://sputnik.kg/img/104343/42/1043434299_1177:149:2036:1008_100x100_80_0_0_414606a0d40d8ce720ce1aa4c6ce2676.jpg
Мирбек Сакенов
https://sputnik.kg/img/104343/42/1043434299_1177:149:2036:1008_100x100_80_0_0_414606a0d40d8ce720ce1aa4c6ce2676.jpg
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/04/18/1063897329_0:0:2049:1537_1920x0_80_0_0_f0f3277321b3425b57f651a396338a55.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Мирбек Сакенов
https://sputnik.kg/img/104343/42/1043434299_1177:149:2036:1008_100x100_80_0_0_414606a0d40d8ce720ce1aa4c6ce2676.jpg
кыргызстан, маданият, манас мусаев, режиссер, тасма, таберик сүрөт, инфографика
кыргызстан, маданият, манас мусаев, режиссер, тасма, таберик сүрөт, инфографика
Айтматовдун айылына чогулган киночулар. "Айдагы жез кемпирдин" таберик сүрөтү
20:06 23.11.2023 (Жаңыртылды: 10:41 24.11.2023) Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, тарыхын баяндоону улантат.
© Sputnik / Александр Федоров
Эрте жазда ат араба айдап бара жаткан актриса Урумкан Исмаилова жана чылада арабаны түрткөн кыз-келиндерди камерага түшүргөн КРдин эл артисти, таланттуу кинооператор Манас Мусаевдин сүрөтү 1985-жылы Талас облусунда тартылган.
Ал жылы КРдин эл артисти, белгилүү кинорежиссер Бакыт Карагулов жазуучу Ашым Жакыпбековдун сценарийинин негизинде "Айдагы жез кемпир" көркөм тасмасын тартып, ага сүрөттөгү чыгармачыл инсандар катышкан.
Фильм тартуу учурун КР эл артисти Манас Мусаев мындайча эскерет:
"Бакыт Карагуловдун бул эмгегин залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун айылында тартканбыз. Режиссер да Шекерден болгондуктан өз айылын камерага түшүргүсү келген экен. Мен оператор катары Бакыт менен ушул эле кинокартинада иштештим. Аябай шайыр жигит болчу. Иш дайыма күлкү, тамаша менен коштолуп жеңил эле бүтүргөнбүз. Айтматов менен Карагуловдун айылдаштары, тааныштары келип кол кабыш кылып, үч айда тартып бүтүп, ошол эле жылы көрүүчүлөргө сунушталган. Ал жылы тасма Фрунзе шаарында өткөн "Жомок" кинофестивалында атайын сыйлыкка да татыган. Кинофильмге кыргыздардан сырткары башка республикалардан келгендер да тартылган. Союз маалында казак, өзбек, орус, хакас, тажик актер, актрисаларын чакыртып иштешүү тажрыйбасы кеңири колдонулган", — деди Мусаев.
Улуу Ата Мекендик согуш жылдарындагы элдин турмушун баяндаган кинофильмде Изобар Дүйшеналиев, Светлана Чаптыкова, Капар Медетбеков, Алиман Жангорозова, Койсун Карасартова, Кадыржан Кыдыралиев, Сакыбек Карабаев, Ерсаин Толеубаев, Жанна Куанышева, Кеңеш Курманалиева, Балтыбай Сейтмамутова, Жанна Куанышева, Турсун Уралиев, Алымкул Алымбаев, Бакирдин Алиев, Сейитказы Андабеков, Гүлнар Рахимбаевалар роль жараткан.