50-300 сомго чейин арзан. Бишкектеги мамлекеттик дарыканалардын дареги
10:17 28.11.2023 (Жаңыртылды: 10:18 28.11.2023)
![Дарыканадагы кардар. Архив Дарыканадагы кардар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.11.2023](https://sputnik.kg/img/07e5/03/1d/1051934571_0:192:3300:2048_1920x0_80_0_0_e93450f740d5151bb7861323864f1b57.jpg)
© Sputnik / Александр Кряжев
/ Жазылуу
Учурда ордо калаада "Эл Аман" аталышында 10 мамлекеттик дарыкана иштеп жатат.
БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы өлкөдө 48 мамлекеттик дарыкана иштеп жатканын айтып, Бишкектеги дарыканалардын дарегин жарыялады.
Ага ылайык, учурда ордо калаада "Эл Аман" аталышында 10 мамлекеттик дарыкана иштеп жатат. Алар:
№1 Үй-бүлөлүк медициналык борбор. Дареги: Фучик көчөсү, 15;
№2 Үй-бүлөлүк медициналык борбор. Дареги: Ахунбаев көчөсү, 204/1;
№3 Үй-бүлөлүк медициналык борбор. Дареги: Логвиненко көчөсү, 30/1;
№4 Үй-бүлөлүк медициналык борбор. Дареги: Чыгыш-5 кичи району, 40;
№6 Үй-бүлөлүк медициналык борбору. Дареги: Жукеев-Пудовкин көчөсү, 75;
№5 Үй-бүлөлүк медициналык борбору. Дареги: Туңгуч кичи району, 57;
Шаардык клиникалык тез жардам ооруканасында (№4 шаардык оорукана). Дареги: Кривоносов көчөсү, 206;
Улуттук госпиталь, Лор бөлүмүндө. Дареги: Тоголок молдо көчөсү, 1к;
Эне жана баланы коргоо улуттук борбору. Дареги: Ахунбаев көчөсү, 190;
Чүй облустук ооруканасы. Дареги: Саратов көчөсү, 10.
Буга чейин саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев мамлекеттик дарыканаларда дары-дармек 50 сомдон 300 сомго чейин арзан сатыларын айткан.