https://sputnik.kg/20231222/okmot-ehmdoogo-koshumcha-karazhat-bolot-1081464246.html
Өкмөт эмдөө үчүн кошумча каражат бөлөт
Өкмөт эмдөө үчүн кошумча каражат бөлөт
Sputnik Кыргызстан
Байсалов вакцинация жана иммундук профилактика боюнча иштер күчөтүлүшү керектигин белгиледи. 22.12.2023, Sputnik Кыргызстан
2023-12-22T17:28+0600
2023-12-22T17:28+0600
2023-12-22T17:28+0600
кыргызстан
өкмөт
кызамык
оору
бала
эмдөө
вакцина
эдил байсалов
https://sputnik.kg/img/104398/76/1043987631_0:317:3076:2047_1920x0_80_0_0_7677276d6f27e10aa911ce7236b0ae41.jpg
БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Эмдөөнүн зарылдыгы тууралуу түшүндүрүү ишин күчөтүү керек, министрлер кабинети вакцина алуу үчүн тиешелүү каражатты бөлөт. Бул тууралуу өкмөт башчынын орун басары Эдил Байсалов өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал талкууланган жыйында билдирди.Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, республикада быйыл кызамык менен кызылчага шектелген 6 228 учур катталса, 5 894 баладан кызамык (корь — ред.) аныкталган. Вакцинанын биринчи дозасы сайылгандар 76 пайызды түзсө, экинчи дозаны балдардын 76,5 пайызы алган.Байсалов вакцинация жана иммундук профилактика боюнча иштер күчөтүлүшү керектигин белгиледи.Жыйын соңу менен Саламаттык сактоо министрлигине ооруну алдын алчу иш-чараларды улантуу, ал эми Билим берүү жана илим министрлигине ата-энелер менен балдардын арасында эмдөөнүн зарылдыгы жаатында социалдык мобилизация жүргүзүү тапшырылды.Муну менен бирге муфтият Саламаттык сактоо министрлигине вакцинация жүргүзүүгө жардам берүүгө милдеттендирилген. Ал эми Финансы министрлиги 2024-жылы калкты иммунизациялоо иш-чараларын өткөрүү үчүн кошумча каражат бөлүү маселесин карашы керек.
https://sputnik.kg/20231221/baldar-olumu-tuuraluu-maek-1081433151.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2023
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/104398/76/1043987631_380:311:2694:2047_1920x0_80_0_0_0cc6b16437ac5bf4648dbcf664dc71c9.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, өкмөт, кызамык, оору, бала, эмдөө, вакцина, эдил байсалов
кыргызстан, өкмөт, кызамык, оору, бала, эмдөө, вакцина, эдил байсалов
Өкмөт эмдөө үчүн кошумча каражат бөлөт
Байсалов вакцинация жана иммундук профилактика боюнча иштер күчөтүлүшү керектигин белгиледи.
БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Эмдөөнүн зарылдыгы тууралуу түшүндүрүү ишин күчөтүү керек, министрлер кабинети вакцина алуу үчүн тиешелүү каражатты бөлөт. Бул тууралуу өкмөт башчынын орун басары Эдил Байсалов өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал талкууланган жыйында билдирди.
Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, республикада быйыл кызамык менен кызылчага шектелген 6 228 учур катталса, 5 894 баладан кызамык (корь — ред.) аныкталган. Вакцинанын биринчи дозасы сайылгандар 76 пайызды түзсө, экинчи дозаны балдардын 76,5 пайызы алган.
Байсалов вакцинация жана иммундук профилактика боюнча иштер күчөтүлүшү керектигин белгиледи.
"Ар бир бала мамлекеттин коргоосуна алынган. Баланын ден соолугуна кам көрүү мамлекеттин артыкчылыктуу багыты гана болбостон, билим берүү сыяктуу эң башкы функциясы дагы. Бул — улуттук коопсуздук маселеси. Балдарды эмдөө ишин күчөтүү керек, эмдөөнүн зарылдыгы тууралуу маалымат берүү, түшүндүрүү иштери да жигердүү жүрүшү кажет. Министрлер кабинети вакцина сатып алууга тиешелүү каражатты бөлүп берет", — деди Байсалов.
Жыйын соңу менен Саламаттык сактоо министрлигине ооруну алдын алчу иш-чараларды улантуу, ал эми Билим берүү жана илим министрлигине ата-энелер менен балдардын арасында эмдөөнүн зарылдыгы жаатында социалдык мобилизация жүргүзүү тапшырылды.
Муну менен бирге муфтият Саламаттык сактоо министрлигине вакцинация жүргүзүүгө жардам берүүгө милдеттендирилген. Ал эми Финансы министрлиги 2024-жылы калкты иммунизациялоо иш-чараларын өткөрүү үчүн кошумча каражат бөлүү маселесин карашы керек.
21 Бештин айы 2023, 19:05