https://sputnik.kg/20231230/ak-ilbirs-kyrgyzstan-uluttuk-simvol-1081644145.html
Ак илбирс Кыргызстандын улуттук символу деп таанылды. Президенттин жарлыгы
Ак илбирс Кыргызстандын улуттук символу деп таанылды. Президенттин жарлыгы
Sputnik Кыргызстан
Кызыл китепке киргизилген ак илбирс дүйнөнүн 12 өлкөсүндө сейрек же жоголуп бараткан жаныбар статусуна ээ. 30.12.2023, Sputnik Кыргызстан
2023-12-30T12:49+0600
2023-12-30T12:49+0600
2024-01-01T10:42+0600
кыргызстан
садыр жапаров
ак илбирс
улуттук
символ
президент
жарлык
https://sputnik.kg/img/07e7/0c/1e/1081643977_0:198:2939:1851_1920x0_80_0_0_a778c030e9eb3efe514bb342e806f9dd.jpg
БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. Садыр Жапаров "Ак илбирсти Кыргыз Республикасынын улуттук символу деп таануу жөнүндө" жарлыгына кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.Ак илбирс Эл аралык жаратылышты коргоо союзунун Кызыл китебине киргизилген жана дүйнөнүн 12 өлкөсүндө сейрек же жоголуп бараткан жаныбар статусуна ээ.Байыркы кыргыз элинин маданиятында ак илбирс айбаттуулуктун, айкөлдүктүн, эр жүрөктүүлүктүн, кайраттуулуктун жана чыдамкайлыктын көрүнүшү болгон. Ошондуктан уламыштарда айтылгандай, илбирс — улуу Манастын тотемдик жаныбары.Жарлыкта ак илбирсти Кыргыз Республикасынын улуттук символу деп таануу жана коргоо максатында бир катар чаралар камтылган.
https://sputnik.kg/20231228/prezident-mamlekettik-siylyk-tizme-1081619652.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2023
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e7/0c/1e/1081643977_210:0:2939:2047_1920x0_80_0_0_6e56d21e8234058670ed6ed739b55128.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, садыр жапаров, ак илбирс, улуттук, символ, президент, жарлык
кыргызстан, садыр жапаров, ак илбирс, улуттук, символ, президент, жарлык
Ак илбирс Кыргызстандын улуттук символу деп таанылды. Президенттин жарлыгы
12:49 30.12.2023 (Жаңыртылды: 10:42 01.01.2024) Кызыл китепке киргизилген ак илбирс дүйнөнүн 12 өлкөсүндө сейрек же жоголуп бараткан жаныбар статусуна ээ.
БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. Садыр Жапаров "Ак илбирсти Кыргыз Республикасынын улуттук символу деп таануу жөнүндө" жарлыгына кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Ак илбирс Эл аралык жаратылышты коргоо союзунун Кызыл китебине киргизилген жана дүйнөнүн 12 өлкөсүндө сейрек же жоголуп бараткан жаныбар статусуна ээ.
Байыркы кыргыз элинин маданиятында ак илбирс айбаттуулуктун, айкөлдүктүн, эр жүрөктүүлүктүн, кайраттуулуктун жана чыдамкайлыктын көрүнүшү болгон. Ошондуктан уламыштарда айтылгандай, илбирс — улуу Манастын тотемдик жаныбары.
Жарлыкта ак илбирсти Кыргыз Республикасынын улуттук символу деп таануу жана коргоо максатында бир катар чаралар камтылган.
"Кыргызстан жапайы жаратылышты коргоо боюнча глобалдык программалардын активдүү катышуучусу болуп саналат. Ак илбирсти коргоо боюнча дүйнөлүк форумда ак илбирс жашаган 12 өлкөнүн өкүлдөрүнүн жана айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү эл аралык экологиялык коомчулуктун колдоосу менен Ак илбирсти коргоо боюнча Бишкек декларациясы бир добуштан кабыл алынган. Ак илбирсти жана анын экосистемаларын сактоо боюнча комплекстүү глобалдык программасы (The Global Snow Leopard and Ecosystem Protection – GSLEP) жактырылган", — деп айтылат маалыматта.
28 Бештин айы 2023, 23:15