https://sputnik.kg/20240105/kyrgyzstan-dollar-akcha-kotoruu-statistika-1081761406.html
Кыргызстанга кирген доллардан сыртка чыкканы көп болду
Кыргызстанга кирген доллардан сыртка чыкканы көп болду
Sputnik Кыргызстан
Эл аралык акча которуулар системасындагы транзакциялар боюнча караганда өткөн жылдын үч кварталынын ичинде өлкөгө 308,4 миллион доллар кирген. 05.01.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-01-05T16:51+0600
2024-01-05T16:51+0600
2024-01-05T16:51+0600
кыргызстан
доллар
акча которуулар
статистика
https://sputnik.kg/img/07e6/03/04/1062588153_0:0:3072:1728_1920x0_80_0_0_36c6645d2ad7edf48777b8f18ba99933.jpg
БИШКЕК, 5-янв. — Sputnik. Кыргызстандан чыккан доллардын көлөмү кирген доллардын көлөмүн басып өттү. Мындай жыйынтык акча которуулар боюнча эл аралык системанын маалыматын талдоодон улам келип чыккан.Өткөн жылдын үч кварталынын ичинде Кыргызстанга 308,4 миллион доллар жөнөтүлгөн болсо, өлкөдөн сыртка которулган сумма 342,1 миллион долларды түздү.Бирок III кварталда абал өзгөргөн: өлкөгө сырттан 114,1 миллион доллар кирген. Ал эми өлкөдөн 101,3 миллион доллар жөнөтүлгөн.Белгилей кетсек, Кыргызстанга сырттан которулган рубль менен евронун көлөмү доллардан кыйла көп болгон. Ал эми акча которуулардын жалпы көрсөткүчүн карай турган болсок, өлкөдөн чыккан акчага караганда кирген каражат басымдуулук кылат.
https://sputnik.kg/20231226/mamytov-zhany-ehkonomika-1081545321.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/03/04/1062588153_0:11:2519:1900_1920x0_80_0_0_e18639bc9dd967a307ba562cb04ecff3.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, доллар, акча которуулар, статистика
кыргызстан, доллар, акча которуулар, статистика
Кыргызстанга кирген доллардан сыртка чыкканы көп болду
Эл аралык акча которуулар системасындагы транзакциялар боюнча караганда өткөн жылдын үч кварталынын ичинде өлкөгө 308,4 миллион доллар кирген.
БИШКЕК, 5-янв. — Sputnik. Кыргызстандан чыккан доллардын көлөмү кирген доллардын көлөмүн басып өттү. Мындай жыйынтык акча которуулар боюнча эл аралык системанын маалыматын талдоодон улам келип чыккан.
Өткөн жылдын үч кварталынын ичинде Кыргызстанга 308,4 миллион доллар жөнөтүлгөн болсо, өлкөдөн сыртка которулган сумма 342,1 миллион долларды түздү.
Бирок III кварталда абал өзгөргөн: өлкөгө сырттан 114,1 миллион доллар кирген. Ал эми өлкөдөн 101,3 миллион доллар жөнөтүлгөн.
Белгилей кетсек, Кыргызстанга сырттан которулган рубль менен евронун көлөмү доллардан кыйла көп болгон. Ал эми акча которуулардын жалпы көрсөткүчүн карай турган болсок, өлкөдөн чыккан акчага караганда кирген каражат басымдуулук кылат.
26 Бештин айы 2023, 20:12