https://sputnik.kg/20240203/adis-videobaylanysh-uchurunda-choochun-adamdy-ekrandy-krg-koshuu--bul-adamdy-yg-konokko-chakyrganday-ele-1082407687.html
WhatsApp тиркемесиндеги видеобайланыш шылуундарга маалымат топтоого жол ачат
WhatsApp тиркемесиндеги видеобайланыш шылуундарга маалымат топтоого жол ачат
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. Өткөн жылы WhatsApp тиркемесине киргизилген видеочалуу учурунда смартфондун экранын көрсөтүү функциясы шылуундарга жарандардын жеке... 03.02.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-02-03T14:07+0600
2024-02-03T14:07+0600
2024-02-03T14:07+0600
технологиялар
санарип
шылуун
байланыш
уюлдук байланыш
маалымат
кеңеш
https://sputnik.kg/img/07e5/03/09/1051707310_0:45:3073:1774_1920x0_80_0_0_1effc7f6371e89d3f45bd037936ef3a3.jpg
БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. Өткөн жылы WhatsApp тиркемесине киргизилген видеочалуу учурунда смартфондун экранын көрсөтүү функциясы шылуундарга жарандардын жеке маалыматтарын топтоого жол ачат. Бул тууралуу "Прайм" агенттигине Gem Space супераппынын түзүүчүлөр командасынын башчысы Ваге Закарян түшүндүрүп берген. Анын айтымында, видеобайланыш учурунда чоочун адамды экранды көрүүгө кошуу – бул адамды үйгө конокко чакыргандай эле. Себеби смартфондо бардык маалыматтар бар да.Адис шылуун керектүү маалыматтардын баарын билгенден кийин социалдык инженерия (колдонуучуга түрдүү манипуляцияларды жасоо) ыкмасын колдонорун же анын аккаунттарын бузуп кириши мүмкүндүгүн эскерткен.
https://sputnik.kg/20230726/iim-soctarmak-zharnama-1077309819.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/03/09/1051707310_149:0:2878:2047_1920x0_80_0_0_972c8b43fe4590713203128b5261638a.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
технологиялар, санарип, шылуун, байланыш, уюлдук байланыш, маалымат, кеңеш
технологиялар, санарип, шылуун, байланыш, уюлдук байланыш, маалымат, кеңеш
WhatsApp тиркемесиндеги видеобайланыш шылуундарга маалымат топтоого жол ачат
БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. Өткөн жылы WhatsApp тиркемесине киргизилген видеочалуу учурунда смартфондун экранын көрсөтүү функциясы шылуундарга жарандардын жеке маалыматтарын топтоого жол ачат. Бул тууралуу
"Прайм" агенттигине Gem Space супераппынын түзүүчүлөр командасынын башчысы Ваге Закарян түшүндүрүп берген.
Анын айтымында, видеобайланыш учурунда чоочун адамды экранды көрүүгө кошуу – бул адамды үйгө конокко чакыргандай эле. Себеби смартфондо бардык маалыматтар бар да.
"Шылуунга экранды көрүү жеткиликтүү болгон учурда ал колдонуучу тууралуу көп маалыматтарды ала алат. Мисалы, ал кандай банк тиркемелерин колдонот, кайсы дүкөндөрдөн товарларга буюртма берет, кайсы социалдык тармактарга катталган деген сыяктуу маалыматтарды топтойт", — деген Закарян.
Адис шылуун керектүү маалыматтардын баарын билгенден кийин социалдык инженерия (колдонуучуга түрдүү манипуляцияларды жасоо) ыкмасын колдонорун же анын аккаунттарын бузуп кириши мүмкүндүгүн эскерткен.