00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
2 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
20:55
4 мин
Ежедневные новости
06:00
3 мин
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:01
4 мин
Ачык кеп
Айыл чарбасына багытталган арзан насыя – Дыйкан, фермерлер насыя алууда кандай тоскоолдуктарга кабылууда?
23:05
39 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Кыргызстанда үй сатып алууда пенсиянын топтомо бөлүгүн колдонуу эрежеси кеңейди

© Sputnik / Алексей ФилипповТурак жай комплексинин курулушунда жумушчулар. Архив
Турак жай комплексинин курулушунда жумушчулар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.02.2024
Жазылуу
Буга чейин топтомо бөлүктү баштапкы төлөм же ипотеканы жабуу үчүн гана колдонушчу. Эми мүмкүнчүлүктөр кеңейди.
БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражатты инвестициялоо жөнүндөгү" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча документке кол койду. Мындан ары бул каражатты үй сатып алууда колдонсо болот.
Президенттин маалымат кызматы белгилегендей, мыйзам өткөн жылдын 21-декабрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
Документтин максаты – айлыгынын эки пайыз өлчөмүндөгү топтолмо пенсиялык фонддун каражатын колдонуу менен курулуш субъектилеринен турак жай сатып алуу каалоосун билдирген жарандарга мүмүкүнчүлүктөрдү кеӊейтүү жана колдоо көрсөтүү.
Буга чейин топтомо бөлүктү баштапкы төлөм же ипотеканы жабуу үчүн гана колдонууга болот болчу. Эми мүмкүнчүлүктөр кеңейди.

"Мыйзамда курулуп жаткан же курулуп бүткөн үйлөрдү бөлүп төлөө менен келишимдик негизде сатып алууда же сатып алганда баштапкы жана кошумча төгүм катары пенсиялык төлөмдөрдү көп жолу пайдаланууга укуктуу деген ченем каралган", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, жумушчу адатта Социалдык фондго айлыгынын 10 пайызын которот. Анын бешинчи бөлүгү (эки пайыз) топтомо бөлүк болуп эсептелет.
Пенсиянын топтомо бөлүгүн дагы кимдер ала аларын материалдан окуңуз.
Социалдык фонддун төрагасынын орун басары Гүлнура Жуматаева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.01.2024
Радио
Тоолуу аймакта чегерилген пенсия эми өрөөнгө түшкөндө өзгөрбөй турган болду
Жаңылыктар түрмөгү
0