00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:00
4 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
53 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Стоп-кадр
“Чоочун киши” сериалынын 2-сезону көрүүчүлөрдү эмнеси менен таң калдырат?
15:08
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Жума жыйынтыгы
апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:06
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Между строк
Холден Колфилд: герой нашего времени или бунтарь без причины?
18:06
49 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

УКМК Райым Матраимовдун мамлекетке өткөн мүлкүн көрсөттү. Видео

© Фото / пресс-служба ДУМКМамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары, ишкер Райым Матраимов. Архив
Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары, ишкер Райым Матраимов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.02.2024
Жазылуу
Буга чейин УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Матраимовдун бардык мүлкү мамлекетке өткөрүлөрүн убадалаган.
БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары, ишкер Райым Матраимовдун жалпы баасы 34 миллион 810 миң 500 долларлык (3 миллиард 98 миллион 134 миң сом) кыймылсыз мүлкү мамлекеттин менчигине өткөрүлдү. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, мамлекеттин менчигине кайтарылган мүлктү Матраимов жана анын жакын санаалаштары мыйзамсыз жол менен алышкан. Атайын кызмат бардык объектини баасы менен жарыялады. Алар:
Бишкектеги Киев — Тыныстанов көчөсүндө жайгашкан "Бай Таш мунарасынын" беш кабаты. Жалпы аянты 8148,5 чарчы метр, алдын ала баасы 16 миллион 297 миң долларды түзөт;
Ош шаарындагы Төлөйкөн кичи районунда жайгашкан "Ихлас" курулуш компаниясынын коммерциялык имараттары. Жалпы аянты 5 085 чарчы метр, алдын ала баасы 7 миллион 627 миң долларды түзөт;
Ош облусундагы Кара-Суу районундагы 3,87 гектар жер тилкеси менен "БИМИ Ош сервис" бажы каттоо жери. Алдын ала баасы 4 миллион долларды түзөт;
Бишкектеги Рыскулов көчөсүнүн 79 Б дарегинде жайгашкан "Эрем" спорт клубу. Жалпы аянты 538 чарчы метр, болжолдуу баасы 1 миллион доллар;
Бишкектин Жукеев-Пудовкин көчөсүнүн 82/2 дарегинде жайгашкан кеңсе. Жалпы аянты 700 чарчы метр, болжолдуу баасы 2 миллион 500 миң долларды түзөт;
Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы 37,3 гектар жер тилкеси менен "Юни Лаб" бажы каттоо жери. Болжолдуу баасы 1 миллион 286 миң доллар;
Ош шаарынын Абсамат Масалиев көчөсүндө жайгашкан "Имарат Стиль" ЖЧКсына тиешелүү "Империал" коммерциялык имараты. Жалпы аянты 1 400 чарчы метр. Болжолдуу баасы 2 миллион 100 миң долларды түзөт.
УКМК учурда Райым Матраимовдун кылмыш жолу менен алынган кошумча мүлкүн аныктап, аларды мамлекетке өткөрүү боюнча иштер уланып жатканын кошумчалады.
Буга чейин УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Матраимовдун бардык мүлкү мамлекетке өткөрүлөрүн убадалаган. Райымбек Матраимовго издөө жарыяланган. Ал "Уюшкан топ жана кылмыштуу уюмдар тарабынан адамды күч менен кармоо, анын жүрүү эркиндигин чектөө" беренеси боюнча айыпталууда.
Райым Матраимов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.11.2023
Ташиев: Райым Матраимов өлкөдө Matiz айдап жүрүшү керек
Жаңылыктар түрмөгү
0