Лавров Евромайдандын кесепети боюнча иш-чарада эмне деди. Тезис
17:48 16.02.2024 (Жаңыртылды: 12:59 17.02.2024)
© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүРФ ТИМинин жетекчиси Сергей Лавров "Евромайдан: Украинанын жоготкон ондогон жылдары" деп аталган конференцияда
![РФ ТИМинин жетекчиси Сергей Лавров Евромайдан: Украинанын жоготкон ондогон жылдары деп аталган конференцияда РФ ТИМинин жетекчиси Сергей Лавров Евромайдан: Украинанын жоготкон ондогон жылдары деп аталган конференцияда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.02.2024](https://sputnik.kg/img/07e8/02/10/1082763454_0:0:3176:1787_1920x0_80_0_0_4bc9b3651f2689644916805bd3c74463.jpg)
© Sputnik / Григорий Сысоев
/ Жазылуу
Украина чатагынын тегерегиндеги Лондондун позициясы Вашингтондукуна караганда алда канча агрессиялуу экени айтылды.
БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Украина сүйлөшүү жүргүзүшү үчүн Владимир Зеленский алгач аталган процесске өзүнүн колу менен тыюу салган декретти жокко чыгарышы керек. Бул туурасында РФ ТИМинин жетекчиси Сергей Лавров "Евромайдан: Украинанын жоготкон ондогон жылдары" деп аталган конференцияда айтты.
Лавровдун "Россия сегодня" эл аралык маалымат агенттигиндеги иш-чарада сүйлөгөн сөздөрүнөн:
Россиянын Батышка болгон "айкөлдүгүнүн лимити" эбак эле түгөнгөн, Москванын "ак көңүлдүгүнө" алар тиешелүү түрдө жооп беришкен жок;
Путиндин Такер Карлсонго берген интервьюсунан кийин АКШнын коомчулугу толугу менен эле маалыматтык блокадада жашап келгени түшүнүктүү болду;
Киев бийлиги — "эл аралык кайырчылар", ал эми Украина — жок болуп бараткан аймак;
Евробиримдик Киевди узакка жетүүчү курал менен камсыздап, "Россиянын жүрөгүнө чейин баруу" ниетинде;
Украина чатагынын тегерегиндеги Лондондун позициясы Вашингтондун линиясына караганда алда канча агрессиялуу;
Киев бийлигинин орус тилине карата саясаты Украинанын мыйзамдарында орусча жазылгандардын баарын жок кылууга умтулган "өзүнчө геноцид";
миллиондогон украиналыктар Россиядан баш калка таап, өздөрүн "үйүндө жүргөндөй эле сезүүдө";
Украинадагы жалданма аскерлер миңге чукул эле, азыр жарымы эле калды, калганы же кетти, же өздөрүнүн жайын тапты.