https://sputnik.kg/20240309/-yurij-gagarin-kosmonavt-90-jyl-1083286995.html
Бүгүн туңгуч космонат Юрий Гагариндин туулган күнү... Тарыхый материалдар
Бүгүн туңгуч космонат Юрий Гагариндин туулган күнү... Тарыхый материалдар
Sputnik Кыргызстан
Гагарин адамзаттын тарыхында космос мейкиндигине көтөрүлгөн биринчи адам болду. 09.03.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-03-09T16:02+0600
2024-03-09T16:02+0600
2024-03-10T12:50+0600
ссср
юрий гагарин
космонавт
учкуч
космос
тарых
https://sputnik.kg/img/07e7/04/0c/1074374273_0:241:2357:1567_1920x0_80_0_0_0345d62bfb57eb9189b5076ca7d3064d.jpg
БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Юрий Гагарин мындан 90 жыл мурда Гжат районундагы Клушино айылында туулган. Ал — адамзаттын тарыхында өзүнүн терең изин салып кеткен советтик космонавт.Гагарин "Восток" космос кемеси менен 1961-жылдын 12-апрелинде Байкоңурдан учуп, Жер планетасын толук айланып чыккан.Гагарин адамзаттын тарыхында космос мейкиндигине көтөрүлгөн биринчи адам болду. Ал Жерди 108 мүнөт тегеренип, учкан. "Восток" кемеси космостон аман-эсен кайтып, Саратов облусуна конгон. 1962-жылдын 12-апрелинде СССРдин Жогорку Советинин президиумунун жарлыгы менен бул күн – Космонавтика күнү деп жарыяланат.Адамзаттын туңгуч ирет космоско көтөрүлүшү дүйнөдө абдан кызыгууну жаратып, ал эми Гагаринди ааламга таанытты. Ар кыл чакыруулар менен ал дүйнөнүн 30дан ашуун өлкөсүндө болгон. Учкуч-космонавт, Советтер Союзунун баатыры Гагарин өмүрүнүн акыркы жылдары коомдук-саясий иштерди жүргүзүп, К. Жуковский атындагы академияны бүтүп, Борбордук партиялык комитетте иштейт. Кырсыктуу окуя 1968-жылы 27-мартта болот. Гагарин Владимир облусунун Новоселово айылына жакын аймакта авиакырсыктан көз жумат. Бул учурда ал МиГ-15 УТИ үлгүсүндөгү учакта машыгуулардан өтүп жаткан. Кырсыктын себеби алигүнчө белгисиз.Баса, эки күндөн кийин, 11-мартта, саат 13:00дө Кыргыз-Россия Славян университетинде СССРдин легендарлуу учкуч-космонавтына арналган көргөзмө өтөт.
https://sputnik.kg/20240307/sssrde-kosmovanttardy-kantip-tandashkan-1083252982.html
ссср
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e7/04/0c/1074374273_0:0:2357:1769_1920x0_80_0_0_d1ac0a114d055ed9aac2c4d1639c100b.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
ссср, юрий гагарин, космонавт, учкуч, космос, тарых
ссср, юрий гагарин, космонавт, учкуч, космос, тарых
Бүгүн туңгуч космонат Юрий Гагариндин туулган күнү... Тарыхый материалдар
16:02 09.03.2024 (Жаңыртылды: 12:50 10.03.2024) Гагарин адамзаттын тарыхында космос мейкиндигине көтөрүлгөн биринчи адам болду.
БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Юрий Гагарин мындан 90 жыл мурда Гжат районундагы Клушино айылында туулган. Ал — адамзаттын тарыхында өзүнүн терең изин салып кеткен советтик космонавт.
Гагарин "Восток" космос кемеси менен 1961-жылдын 12-апрелинде Байкоңурдан учуп, Жер планетасын толук айланып чыккан.
Гагарин адамзаттын тарыхында космос мейкиндигине көтөрүлгөн биринчи адам болду. Ал Жерди 108 мүнөт тегеренип, учкан. "Восток" кемеси космостон аман-эсен кайтып, Саратов облусуна конгон. 1962-жылдын 12-апрелинде СССРдин Жогорку Советинин президиумунун жарлыгы менен бул күн – Космонавтика күнү деп жарыяланат.
Адамзаттын туңгуч ирет космоско көтөрүлүшү дүйнөдө абдан кызыгууну жаратып, ал эми Гагаринди ааламга таанытты. Ар кыл чакыруулар менен ал дүйнөнүн 30дан ашуун өлкөсүндө болгон. Учкуч-космонавт, Советтер Союзунун баатыры Гагарин өмүрүнүн акыркы жылдары коомдук-саясий иштерди жүргүзүп, К. Жуковский атындагы академияны бүтүп, Борбордук партиялык комитетте иштейт. Кырсыктуу окуя 1968-жылы 27-мартта болот. Гагарин Владимир облусунун Новоселово айылына жакын аймакта авиакырсыктан көз жумат. Бул учурда ал МиГ-15 УТИ үлгүсүндөгү учакта машыгуулардан өтүп жаткан. Кырсыктын себеби алигүнчө белгисиз.
Баса, эки күндөн кийин, 11-мартта, саат 13:00дө Кыргыз-Россия Славян университетинде СССРдин легендарлуу учкуч-космонавтына арналган көргөзмө өтөт.