https://sputnik.kg/20240321/nooruz-majramynyn-maanisi-1083613453.html
Кайыпов: Ноорузду өз салтыбыз менен түпкү маанисин бузбай майрамдап келгенбиз
Кайыпов: Ноорузду өз салтыбыз менен түпкү маанисин бузбай майрамдап келгенбиз
Sputnik Кыргызстан
Фольклорчу-этнограф, жазуучу-публицист, филология илимдеринин кандидаты, тарых илимдеринин доктору Сулайман Кайыпов кыргыз бардык нерсени негизги маанисин... 21.03.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-03-21T14:39+0600
2024-03-21T14:39+0600
2024-03-21T14:39+0600
нооруз
майрам
сүмөлөк
эл
ынтымак
сулайман кайыпов
радио
https://sputnik.kg/img/07e8/03/15/1083613592_0:98:3067:1823_1920x0_80_0_0_0985fb86a21cd546c187909c335c333e.jpg
Кайыпов: Ноорузду өз салтыбыз менен түпкү маанисин бузбай майрамдап келгенбиз
Sputnik Кыргызстан
Фольклорчу-этнограф, жазуучу-публицист, филология илимдеринин кандидаты, тарых илимдеринин доктору Сулайман Кайыпов кыргыз бардык нерсени негизги маанисин бузбай, өз салтына ылайыкташтырып колдонуп алганын айтты.
Нооруз майрамынын эч бир дин, эч бир идеология жатыркап жерибей турган касиети бар. Ал коомдо адамдарды бириктирүүчү мааниге ээ. Бул тууралуу Сулайман Кайыпов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.Анын айтымында, Нооруз — ичтеги таарынычтарды жоюп, араздашкандарды жараштыруучу, жаман иштерден аруулануучу күн.Ал өлкөнүн түндүгүндө көжө, ал эми түштүктө көбүнчө сүмөлөк жасашканын кошумчалады.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/03/15/1083613592_277:0:3006:2047_1920x0_80_0_0_f78706333aec128d20d699dc5002c637.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
нооруз, майрам, сүмөлөк, эл, ынтымак, сулайман кайыпов, аудио
нооруз, майрам, сүмөлөк, эл, ынтымак, сулайман кайыпов, аудио
Кайыпов: Ноорузду өз салтыбыз менен түпкү маанисин бузбай майрамдап келгенбиз
Фольклорчу-этнограф, жазуучу-публицист, филология илимдеринин кандидаты, тарых илимдеринин доктору Сулайман Кайыпов кыргыз бардык нерсени негизги маанисин бузбай, өз салтына ылайыкташтырып колдонуп алганын айтты.
Нооруз майрамынын эч бир дин, эч бир идеология жатыркап жерибей турган касиети бар. Ал коомдо адамдарды бириктирүүчү мааниге ээ. Бул тууралуу Сулайман Кайыпов
Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Нооруз — ичтеги таарынычтарды жоюп, араздашкандарды жараштыруучу, жаман иштерден аруулануучу күн.
"Түрк элдери бул майрамды ар кандай майрамдайт. Кыргыз саясий болобу, диний болобу, бардык нерсени түпкү маанисин бузбай өз салтына ылайыкташтырып колдоно билген. Сүмөлөк жасоо оюн-зоок менен коштолуп, ал түнү эл уктабаганга аракет кылган. Ал эми уктап калгандарынын кирпиктерине акырын сүмөлөк сүртүп, тамашага салышкан. Баары шаңдуу тосушкан. Аксакалдар санжыра айтып отурган. Нооруз күн менен түндүн теңелишине туура келет. Негизинен бир-эки күн гана айырма болуп калышы мүмкүн. Ошол себептен ушул күндөрү жылуу сөздөрдү, жакшы тилектерди айтышкан. Күнөөлөрү үчүн кечирим сурап, аруулануучу күн деп эсептешкен. Бизде мурда Нооруз үч күн катары менен майрамдалса, азербайжандарда 13 күнгө чейин созулган. Кыргыздар Ноорузду колдо болгон азыгыбыз менен дасторкон жайып, карманган каада-салтыбыз менен философиясын бузбай майрамдап келгенбиз ", — деди Кайыпов.
Ал өлкөнүн түндүгүндө көжө, ал эми түштүктө көбүнчө сүмөлөк жасашканын кошумчалады.