https://sputnik.kg/20240325/lavrov-kyrgyz-tarapka-teraktydagy-koldoosuna-yraazylyk-bildirdi-1083716573.html
РФ ТИМи кыргыз тарапка терактыдан кийинки колдоосуна ыраазылык билдирди
РФ ТИМи кыргыз тарапка терактыдан кийинки колдоосуна ыраазылык билдирди
Sputnik Кыргызстан
Кулубаев эл аралык террорчулукка каршы күрөштө РФти кыргыз тарап колдой турганын айткан. 25.03.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-03-25T16:23+0600
2024-03-25T16:23+0600
2024-03-25T17:11+0600
кыргызстан
россия
теракт
ыраазычылык
тим
крокус сити холл
сүйлөшүүлөр
сергей лавров
жээнбек кулубаев
подмосковьедеги “крокус сити холлдо” болгон теракт
https://sputnik.kg/img/07e7/06/1e/1076668884_0:110:3224:1925_1920x0_80_0_0_ff2da7b51d941ef21c59bd6517053cbc.jpg
БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Кыргызстан ТИМинин жетекчиси Жээнбек Кулубаев россиялык кесиптеши Сергей Лавров менен телефон аркылуу сүйлөшүп, тараптар байланыштарды улантып тиешелүү маалыматтарды алмашууга макулдашты.Аталган министрликтин маалымат кызматы тараткан кабарда Кулубаевдин "Крокус сити холлдогу" кандуу окуяны кескин айыптап, эл аралык террорчулукка каршы күрөштү кыргыз тарап колдой турганын билдиргени айтылат. Мындан сырткары, аталган багытта бирдиктүү күч-аракеттерди жумшоого чакырган.Россия ТИМ башчысы Кыргызстандын каргашадан кийинки колдоосуна ыраазылыгын билдирген.Эске салсак, мындан үч күн мурда, 2024-жылдын 22-мартында, кечке маал Москванын жанындагы Красногорск шаарынын "Крокус сити холл" концерттик залында теракт жасалган. РИА Новостинин ошол жерде болгон кабарчысынын айтымында, партер жактан кеминде камуфляжчан үч адам кирип келип, элди аткылап, от алып кетүүчү каражаттарды ыргыткан. Андан кийин имараттын бир катар жерлерин өрт чулгаган.Россиянын Тергөө комитети 137 киши каза тапканын айтты, алардын ичинен үчөө балдар болуп чыкты. "Россия сегодня" медиатобу менен RT телеканалынын башкы редактору Маргарита Симоньян көз жумгандардын саны 143кө жеткенин жазган. Жаракат алгандар 182 кишинин тегерегинде деп болжолдонууда.Терактыга байланыштуу шектүү катары бир нече киши кармалып, камалды.
https://sputnik.kg/20240324/terakt-omur-saktoo-videomayek-1083692443.html
крокус сити холл
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e7/06/1e/1076668884_271:0:3002:2048_1920x0_80_0_0_191c7c666d5b47097691e65ff0400def.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, россия, теракт, ыраазычылык, тим, крокус сити холл, сүйлөшүүлөр, сергей лавров, жээнбек кулубаев
кыргызстан, россия, теракт, ыраазычылык, тим, крокус сити холл, сүйлөшүүлөр, сергей лавров, жээнбек кулубаев
РФ ТИМи кыргыз тарапка терактыдан кийинки колдоосуна ыраазылык билдирди
16:23 25.03.2024 (Жаңыртылды: 17:11 25.03.2024) Кулубаев эл аралык террорчулукка каршы күрөштө РФти кыргыз тарап колдой турганын айткан.
БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Кыргызстан ТИМинин жетекчиси Жээнбек Кулубаев россиялык кесиптеши Сергей Лавров менен телефон аркылуу сүйлөшүп, тараптар байланыштарды улантып тиешелүү маалыматтарды алмашууга макулдашты.
Аталган министрликтин маалымат кызматы тараткан кабарда Кулубаевдин "Крокус сити холлдогу" кандуу окуяны кескин айыптап, эл аралык террорчулукка каршы күрөштү кыргыз тарап колдой турганын билдиргени айтылат. Мындан сырткары, аталган багытта бирдиктүү күч-аракеттерди жумшоого чакырган.
Россия ТИМ башчысы Кыргызстандын каргашадан кийинки колдоосуна ыраазылыгын билдирген.
"Россиянын Тышкы иштер министрлигинин башчысы кыргыз тарапка трагедиядан кийин дароо эле эң жогорку деңгээлде колдоо көрсөткөндүгү жана ар тараптуу жардам көрсөтүүгө даярдыгы үчүн ыраазылык билдирген. Тараптар байланыштарды улантууга жана тиешелүү маалымат алмашууга макулдашты", — деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, мындан үч күн мурда, 2024-жылдын 22-мартында, кечке маал Москванын жанындагы Красногорск шаарынын "Крокус сити холл" концерттик залында
теракт жасалган. РИА Новостинин ошол жерде болгон кабарчысынын айтымында, партер жактан кеминде камуфляжчан үч адам кирип келип, элди аткылап, от алып кетүүчү каражаттарды ыргыткан. Андан кийин имараттын бир катар жерлерин өрт чулгаган.
Россиянын Тергөө комитети 137 киши каза тапканын айтты, алардын ичинен үчөө балдар болуп чыкты. "Россия сегодня" медиатобу менен RT телеканалынын башкы редактору Маргарита Симоньян көз жумгандардын саны 143кө жеткенин жазган. Жаракат алгандар 182 кишинин тегерегинде деп болжолдонууда.
Терактыга байланыштуу шектүү катары бир нече киши
кармалып, камалды.