https://sputnik.kg/20240407/allergiyalyk-rinit-murun-aguu-ooru-aldyn-aluu-1084036212.html
Жазда күчөгөн аллергиялык ринит эмнеси менен кооптуу?
Жазда күчөгөн аллергиялык ринит эмнеси менен кооптуу?
Sputnik Кыргызстан
Куралдуу күчтөрдүн башкы терапевти, жогорку категориядагы дарыгер, пульмонолог Бермет Естебесова аллергиялык риниттин пайда болуу себептери, дарылоо жана алдын... 07.04.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-04-07T14:58+0600
2024-04-07T14:58+0600
2024-04-07T14:58+0600
радио
аллергия
ринит
мурун
оору
алдын алуу
бермет естебесова
кыргызстан
https://sputnik.kg/img/07e8/04/02/1083914230_0:158:3067:1883_1920x0_80_0_0_be114efaa604ad25cd94a7d887920770.jpg
Жазда күчөгөн аллергиялык ринит эмнеси менен кооптуу?
Sputnik Кыргызстан
Жазда күчөгөн аллергиялык ринит эмнеси менен кооптуу?
Ринит сезондук, жыл бою, инфекциялык, курч, өнөкөт болуп бөлүнөт. Жазгысын көпчүлүк дал ушул сезондук аллергиялык ринитке дуушар болот. Бул тууралуу Бермет Естебесова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.Анын айтымында, аллергиялык ринит узакка созулса бара-бара бронхиалдык астмага айланып кетиши мүмкүн.Ал дарыгерлер биргеликте изилдөө жүргүзүп, спорт менен машыккандарда аллергиялык реакциялар кыйла азаяры аныкталганын кошумчалады.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/04/02/1083914230_302:0:3031:2047_1920x0_80_0_0_67202cdd9c1f1c0eefc49b200da96fd5.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аллергия, ринит, мурун, оору, алдын алуу, бермет естебесова, кыргызстан, аудио
аллергия, ринит, мурун, оору, алдын алуу, бермет естебесова, кыргызстан, аудио
Жазда күчөгөн аллергиялык ринит эмнеси менен кооптуу?
Куралдуу күчтөрдүн башкы терапевти, жогорку категориядагы дарыгер, пульмонолог Бермет Естебесова аллергиялык риниттин пайда болуу себептери, дарылоо жана алдын алуу ыкмалары тууралуу айтып берди.
Ринит сезондук, жыл бою, инфекциялык, курч, өнөкөт болуп бөлүнөт. Жазгысын көпчүлүк дал ушул сезондук аллергиялык ринитке дуушар болот. Бул тууралуу Бермет Естебесова
Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, аллергиялык ринит узакка созулса бара-бара бронхиалдык астмага айланып кетиши мүмкүн.
"Жөнөкөй адам аллергиялык ринитти кадимки курч респиратордук вирустук инфекциядан же сасык тумооон айырмалай албайт. Риниттин негизги белгилерине мурундан суюктук агуу, бүтүү, чүчкүрүү, кычышуу кирет. Ооруга маани бербей, өз учурунда дарыланбаса аллергиялык ринит бара-бара бронхиалдык астмага өтүп кетиши мүмкүн. Ошону менен бирге оору кулак, көзгө да терс таасирин тийгизет. Эгер эки жумадан ашык мурундан суюктук акса, аллергологго кайрылып, текшерүүдөн өтүү керек. Аллергиялык ринит организмдин тышкы дүүлүктүргүчтөргө болгон реакциясынан улам келип чыгат. Алсак, чөп-чардын чаңчалары, теректин түктөрү, үй жаныбарларынын эпидермиси, төшөк кенелери, ошондой эле тиричилик химиясы жана башка химиялык кошулмалар болушу мүмкүн. Аллергия көбүнчө иммунитеттин төмөндөшү менен пайда болорун эстен чыгарбоо керек. Андыктан риниттин алдын алуу үчүн сергек жашоо образын карманып, туура тамактанып жана көп кыймылдап машыгуу керек", — деди Естебесова.
Ал дарыгерлер биргеликте изилдөө жүргүзүп, спорт менен машыккандарда аллергиялык реакциялар кыйла азаяры аныкталганын кошумчалады.