https://sputnik.kg/20240411/orenburgda-suunun-nugu-kooptuu-degen-dengeelden-ashty-1084140789.html
Оренбургда суунун көлөмү кооптуу деген деңгээлден ашты
Оренбургда суунун көлөмү кооптуу деген деңгээлден ашты
Sputnik Кыргызстан
Коркунуч жараткан көрсөткүч 124 сантиметрге жеткен. 11.04.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-04-11T12:17+0600
2024-04-11T12:17+0600
2024-04-11T12:17+0600
дүйнөдө
россия
оренбург
урал
дарыя
суу ташкыны
үй
https://sputnik.kg/img/07e8/04/0b/1084133094_0:79:3072:1807_1920x0_80_0_0_4e8984d1b9ad560c848a07636b8f81f3.jpg
БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Оренбург облусунда Урал дарыясы 32 сантиметрге көтөрүлүп, жалпысынан 1 054 сантиметрди түзгөнүн РИА Новости кабарлады. Маалыматта коркунуч жараткан көрсөткүч 124 сантиметрге чыкканы айтылган.Мурдагы маалыматтарда Оренбургда Урал дарыясынын нугу байкоого алынган мезгилдерден бери рекорддук көрсөткүчкө жеткени кабарланган. Калаа башчысы Сергей Салмин да суу ташкыны дарыянын жээк тарабындагы имараттарды каптаганын айткан.Аймакта баш-аягы 12 миңден ашык там жана 14 миңге чукул чарба тилкелери сууда турат. 7,5 миңдей адам коопсуз жайга көчүрүлгөн, алардын 2 миңи балдар. Сутка ичинде калк жашаган 11 жердеги 630 үй менен 706 чарбадан сууну сордурушкан.Түштүк Уралдагы аймактар быйыл болуп көрбөгөндөй суу ташкынына кабылды. Эң көп жабыр тарткан Оренбург болууда. Россиянын аталган облусуна караштуу Орск шаарында Урал дарыясынан коргоп турган дамба 5-апрелде жырылган. Суу айылдарды каптап, эл көчүрүлгөн. Каза болгондор да бар экени маалымдалды. Ошондой эле аймактык прокуратура дамба өз убагында көрүлбөгөн чаралардан улам бузулганын айтып, бул боюнча кылмыш иши козголгонун белгилеген. Бийликтин айтымында, жаратылыштын бул кырсыгынан 21 миллиард рублдик чыгым келген.
https://sputnik.kg/20240410/rossiya-menen-kazakstandagy-suu-kaptoolor-tuuraluu-1084122055.html
оренбург
урал
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/04/0b/1084133094_171:0:2902:2048_1920x0_80_0_0_98e61f8483c9c056dba54532f61eb84d.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, россия, оренбург, урал, дарыя, суу ташкыны, үй
дүйнөдө, россия, оренбург, урал, дарыя, суу ташкыны, үй
Оренбургда суунун көлөмү кооптуу деген деңгээлден ашты
Коркунуч жараткан көрсөткүч 124 сантиметрге жеткен.
БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Оренбург облусунда Урал дарыясы 32 сантиметрге көтөрүлүп, жалпысынан 1 054 сантиметрди түзгөнүн
РИА Новости кабарлады.
Маалыматта коркунуч жараткан көрсөткүч 124 сантиметрге чыкканы айтылган.
"11-апрелге карата Урал дарыясындагы суунун деңгээли 1 054 сантиметрди түздү", — деп айтылат кабарда.
Мурдагы маалыматтарда Оренбургда Урал дарыясынын нугу байкоого алынган мезгилдерден бери рекорддук көрсөткүчкө жеткени кабарланган. Калаа башчысы Сергей Салмин да суу ташкыны дарыянын жээк тарабындагы имараттарды каптаганын айткан.
Аймакта баш-аягы 12 миңден ашык там жана 14 миңге чукул чарба тилкелери сууда турат. 7,5 миңдей адам коопсуз жайга көчүрүлгөн, алардын 2 миңи балдар. Сутка ичинде калк жашаган 11 жердеги 630 үй менен 706 чарбадан сууну сордурушкан.
Түштүк Уралдагы аймактар быйыл болуп көрбөгөндөй суу ташкынына кабылды. Эң көп жабыр тарткан Оренбург болууда. Россиянын аталган облусуна караштуу Орск шаарында Урал дарыясынан коргоп турган дамба 5-апрелде жырылган. Суу айылдарды каптап, эл көчүрүлгөн. Каза болгондор да бар экени маалымдалды. Ошондой эле аймактык прокуратура дамба өз убагында көрүлбөгөн чаралардан улам бузулганын айтып, бул боюнча кылмыш иши козголгонун белгилеген. Бийликтин айтымында, жаратылыштын бул кырсыгынан 21 миллиард рублдик чыгым келген.