https://sputnik.kg/20240412/askerge-chakyruu-kuragyndagy-ukrainalyk-erkekterdin-ukugu-buzuluuda-1084177898.html
Небензя: аскерге чакыруу курагындагы украиналык эркектердин укугу бузулууда
Небензя: аскерге чакыруу курагындагы украиналык эркектердин укугу бузулууда
Sputnik Кыргызстан
БУУдагы өкүл таанышы барлар, депутаттар, аткаминерлер мобилизациядан качып, аскерге чакыруу курагындагы туугандарын чет өлкөгө алып чыгып кетип жатканын... 12.04.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-04-12T12:37+0600
2024-04-12T12:37+0600
2024-04-12T12:38+0600
россиянын донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
дүйнөдө
украина
россия
буу
мобилизация
мажбурлоо
согуш
эркектер
https://sputnik.kg/img/07e7/0a/08/1079241908_0:0:3072:1728_1920x0_80_0_0_0f19b0aca8c1bdf0080dcf9fb385bdb3.jpg
БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Карапайым украиналыктар аларга ким душман экендигин жана өмүрүнө кайсы жактан чыныгы кооптуулук жаралып жатканын улам даана сезип баратат. Бул туурасында РФтин БУУдагы атайын өкүлү Василий Небензя уюмдун Коопсуздук кеңешинин отурумунда айткан.Ал Батыш өлкөлөрү аскерге чакыруу курагындагы украиналык эркектердин укугу бузулуп, күч менен мобилизацияланып жатканы боюнча үн катпагандыгын, унчукпагандыгын белгилеген.БУУ өкүлү таанышы барлар, депутаттар, аткаминерлер мобилизациядан качып, аскерге чакыруу курагындагы туугандарын чет өлкөгө алып чыгып кетип жатканын белгилеген."Винница облусунда Молдова менен чектешкен аймактарга аскер курагындагы кишилерге кирүү тыюу салынган. Мындай чечим алардын чет өлкөгө качып чыгып кетпеши үчүн жасалган. Жакында эле президент Киев эл аралык социология институтунун маалыматтарына таянып, сурамжылоого алынган эркектердин сегиз пайызы гана Украинанын Куралдуу күчтөрүнө өз ыктыяры менен кошулууга даярдыгы аныкталганын айтты. Киев режими мындан улам бийлигинин күнү бүтө турган кооптуулук жаралып жатканын туура эле көрүп, андан улам "буроолорун бекемдеп" жатат", — деди Небензя.БУУнун атайын өкүлү бул айдын башында украиналыктар үчүн аскерге чакыруу курагы 27ден 25 жашка түшүрүлгөнүн, кыязы, жакында ал 17-18 жашты түзүп каларын кошумчалаган.
https://sputnik.kg/20240304/ukrainada-askerler-zhetishsiz-bolup-zhatkanyn-aytyshty-1083155075.html
украина
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e7/0a/08/1079241908_285:0:3016:2048_1920x0_80_0_0_fe1bfe846c11e381ddeb1d6f3600a604.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, украина, россия, буу, мобилизация, мажбурлоо, согуш, эркектер
дүйнөдө, украина, россия, буу, мобилизация, мажбурлоо, согуш, эркектер
Небензя: аскерге чакыруу курагындагы украиналык эркектердин укугу бузулууда
12:37 12.04.2024 (Жаңыртылды: 12:38 12.04.2024) БУУдагы өкүл таанышы барлар, депутаттар, аткаминерлер мобилизациядан качып, аскерге чакыруу курагындагы туугандарын чет өлкөгө алып чыгып кетип жатканын белгилеген.
БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Карапайым украиналыктар аларга ким душман экендигин жана өмүрүнө кайсы жактан чыныгы кооптуулук жаралып жатканын улам даана сезип баратат. Бул туурасында РФтин БУУдагы атайын өкүлү Василий Небензя уюмдун Коопсуздук кеңешинин отурумунда айткан.
Ал Батыш өлкөлөрү аскерге чакыруу курагындагы украиналык эркектердин укугу бузулуп, күч менен мобилизацияланып жатканы боюнча үн катпагандыгын, унчукпагандыгын белгилеген.
"Интернетте аскердик комиссариаттар украиналык эркектердин көңүлүн карап отурбай, бардык мыйзамдар менен нормаларды бузуп, издөө салынган киши сымал көчөдөн эле кармап кетип, согушка эч кандай даярдыгы жок жөнөткөн видеосу тарап жатат. Алар үчүн аман калуунун бир жолу — россиялыктардын колуна түшүп берүү. Мындай кылуу нацисттерден турган отряддардан улам оңой эмес. Нацисттер өздөрү россиялык аскерлер менен кармашкысы келбейт, алар мекендештеринин артынан ок чыгарууну ылайык көрүшөт", — деген Небензя.
БУУ өкүлү таанышы барлар, депутаттар, аткаминерлер мобилизациядан качып, аскерге чакыруу курагындагы туугандарын чет өлкөгө алып чыгып кетип жатканын белгилеген.
"Винница облусунда Молдова менен чектешкен аймактарга аскер курагындагы кишилерге кирүү тыюу салынган. Мындай чечим алардын чет өлкөгө качып чыгып кетпеши үчүн жасалган. Жакында эле президент Киев эл аралык социология институтунун маалыматтарына таянып, сурамжылоого алынган эркектердин сегиз пайызы гана Украинанын Куралдуу күчтөрүнө өз ыктыяры менен кошулууга даярдыгы аныкталганын айтты. Киев режими мындан улам бийлигинин күнү бүтө турган кооптуулук жаралып жатканын туура эле көрүп, андан улам "буроолорун бекемдеп" жатат", — деди Небензя.
БУУнун атайын өкүлү бул айдын башында украиналыктар үчүн аскерге чакыруу курагы 27ден 25 жашка түшүрүлгөнүн, кыязы, жакында ал 17-18 жашты түзүп каларын кошумчалаган.