https://sputnik.kg/20240419/kamchybek-zholdoshbaev-abaktan-chykty-1084399817.html
Экс-депутат Камчыбек Жолдошбаев 150 млн. сом төлөп абактан чыкты
Экс-депутат Камчыбек Жолдошбаев 150 млн. сом төлөп абактан чыкты
Sputnik Кыргызстан
Мурунку эл өкүлү негиздеген базар салык төлөөдөн качкан деп айып коюлган. 19.04.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-04-19T18:29+0600
2024-04-19T18:29+0600
2024-04-19T19:28+0600
кыргызстан
камчыбек жолдошбаев
укмк
базар
салык
камак
тил кат
зыян
https://sputnik.kg/img/101971/77/1019717769_0:0:5008:2817_1920x0_80_0_0_9a91678195cc327a90d04924c2c87210.jpg
БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Бишкектеги "Беш-Сары" жоопкерчилиги чектелген коомунун негиздөөчүсү , экс-депутат Камчыбек Жолдошбаевдин баш коргоо чарасы өзгөрүп, абактан бошотулду. Бул тууралуу УКМК кабарлады.Маалыматта Биринчи май райондук сотунун өкүмүнүн негизинде Жолдошбаев мамлекетке келтирген 150 миллион сомдук зыяндын ордун толтуруп, эч жакка чыкпоо боюнча тил кат жазып бергени айтылат.Анткен менен тиешелүү тергөө иштери уланып жатканы белгилүү болду.Эскерте кетсек, буга чейин Жолдошбаев ээлик кылган "Беш-Сары" ЖЧКсында ири өлчөмдө салыкты төлөөдөн качкан фактылар аныкталган. "Компаниянын администрациясы жетекчиликтин көрсөтмөсү менен көп жылдардан бери бухгалтердик кош эсеп жүргүзүп келген. Ошондой эле ЖЧКнын бухгалтериясы салык боюнча отчетторунда соода жайларынан түшкөн пайданы төмөндөтүп, салык органдарына жалган маалыматтарды берип келгени аныкталган. Мындан улам Камчыбек Жолдошбаев 22-февраль күнү кармалып убактылуу кармоочу жайга киргизилген болчу. Андан соң баш коргоо чарасы каралып, 19-апрелге чейин камакка алынган.
https://sputnik.kg/20240415/ukmk-bishkek-vitse-mer-miyzamsyz-bayuu-1084256070.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/101971/77/1019717769_560:0:5008:3336_1920x0_80_0_0_4ae93896936848cd369c3d62850737d3.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, камчыбек жолдошбаев, укмк, базар, салык, камак, тил кат, зыян
кыргызстан, камчыбек жолдошбаев, укмк, базар, салык, камак, тил кат, зыян
Экс-депутат Камчыбек Жолдошбаев 150 млн. сом төлөп абактан чыкты
18:29 19.04.2024 (Жаңыртылды: 19:28 19.04.2024) Мурунку эл өкүлү негиздеген базар салык төлөөдөн качкан деп айып коюлган.
БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Бишкектеги "Беш-Сары" жоопкерчилиги чектелген коомунун негиздөөчүсү , экс-депутат
Камчыбек Жолдошбаевдин баш коргоо чарасы өзгөрүп, абактан бошотулду. Бул тууралуу УКМК кабарлады.
Маалыматта Биринчи май райондук сотунун өкүмүнүн негизинде Жолдошбаев мамлекетке келтирген 150 миллион сомдук зыяндын ордун толтуруп, эч жакка чыкпоо боюнча тил кат жазып бергени айтылат.
Анткен менен тиешелүү тергөө иштери уланып жатканы белгилүү болду.
Эскерте кетсек, буга чейин Жолдошбаев ээлик кылган "Беш-Сары" ЖЧКсында ири өлчөмдө салыкты төлөөдөн качкан фактылар аныкталган. "Компаниянын администрациясы жетекчиликтин көрсөтмөсү менен көп жылдардан бери бухгалтердик кош эсеп жүргүзүп келген. Ошондой эле ЖЧКнын бухгалтериясы салык боюнча отчетторунда соода жайларынан түшкөн пайданы төмөндөтүп, салык органдарына жалган маалыматтарды берип келгени аныкталган. Мындан улам Камчыбек Жолдошбаев 22-февраль күнү
кармалып убактылуу кармоочу жайга киргизилген болчу. Андан соң баш коргоо чарасы каралып, 19-апрелге чейин
камакка алынган.