https://sputnik.kg/20240516/sotsialdyk-kelishim-aryz-kabyl-alyna-bashtady-1085144679.html
"Социалдык келишимге" катышууга арыздар кабыл алынып, карала баштады
"Социалдык келишимге" катышууга арыздар кабыл алынып, карала баштады
Sputnik Кыргызстан
Бул программада артыкчылык аз камсыз болгон, ошол эле учурда бизнес-планы бар үй-бүлөлөргө берилмекчи. 16.05.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-05-16T08:33+0600
2024-05-16T08:33+0600
2024-05-16T08:33+0600
кыргызстан
социалдык келишим
акча
мамлекет
бизнес
иш
https://sputnik.kg/img/07e6/0b/17/1070224680_108:0:972:486_1920x0_80_0_0_7e36e461a5c134f2226d864d18a58600.jpg
БИШКЕК, 15-май — Sputnik. "Социалдык келишим" программасына катышуу үчүн арыздар кабыл алына баштады. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.Билдирмеге караганда, аталган программанын алкагында чакан бизнес ачуу үчүн 100 миң сом алса болот.100 миң сом кимдерге каралган:Соңку чечимди жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коомдук уюмдардын, жергиликтүү кеңештердин жана Эмгек министрлигинин аймактык башкармалыктарынын жана башка ведомстволордун өкүлдөрүнөн турган комиссия кабыл алары кошумчаланды.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/0b/17/1070224680_216:0:864:486_1920x0_80_0_0_747ffaece4903d69760833c59fce55f5.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, социалдык келишим, акча, мамлекет, бизнес, иш
кыргызстан, социалдык келишим, акча, мамлекет, бизнес, иш
"Социалдык келишимге" катышууга арыздар кабыл алынып, карала баштады
Бул программада артыкчылык аз камсыз болгон, ошол эле учурда бизнес-планы бар үй-бүлөлөргө берилмекчи.
БИШКЕК, 15-май — Sputnik. "Социалдык келишим" программасына катышуу үчүн арыздар кабыл алына баштады. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, аталган программанын алкагында чакан бизнес ачуу үчүн 100 миң сом алса болот.
"Быйыл бул программага 23 миң үй-бүлө катыша алат. Анын 20 миңи республикалык бюджеттен (2 миллиард) каржыланса, калган 3 миңин Дүйнөлүк банк аркылуу алышат", — деп жазылат маалыматта.
100 миң сом кимдерге каралган:
социалдык паспорту бар же "үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пулун алган аз камсыз болгон, ошол эле учурда иш ачам деген бизнес-планы бар үй-бүлөлөргө;
социалдык келишим түзүүдө артыкчылык үч же андан көп баласы барларга, майыптыгы барларга;
"Бир айыл – бир продукт" долбоорунун жана жашыл экономиканын критерийлерине жооп берген үй-бүлөлөргө берилет.
Соңку чечимди жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коомдук уюмдардын, жергиликтүү кеңештердин жана Эмгек министрлигинин аймактык башкармалыктарынын жана башка ведомстволордун өкүлдөрүнөн турган комиссия кабыл алары кошумчаланды.