https://sputnik.kg/20240519/den-sooluk-dermatolog-kol-kun-kam-k-ruu-1085245808.html
Дерматолог колго да кам көрүү зарылдыгын айтты. Эмнелерден сактоо керек?
Дерматолог колго да кам көрүү зарылдыгын айтты. Эмнелерден сактоо керек?
Sputnik Кыргызстан
Адис башкысы колдун терисин кургатпай, жеңил крем сүйкөп турууну сунуштаган. 19.05.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-05-19T09:07+0600
2024-05-19T09:07+0600
2024-05-19T09:07+0600
ден соолук
дерматолог
кол
күн
кам көрүү
сулуулук
https://sputnik.kg/img/07e8/05/13/1085250461_0:996:2048:2148_1920x0_80_0_0_f3a560de588c4766ed37b50e0fc7a755.jpg
БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Күн ысыкта, короо, огороддо жумуш күчөгөндө колго кам көрүүнү унутпоону дерматолог Юлия Галлямова Sputnik радиосуна курган маегинде эскертти. Адистин айтымында, күн катуу тийген учурда колдун териси тез кургайт, ага бат-баттан нымдаштыруучу крем сүйкөп туруу керек.Адис унаа башкаргандар болсо күн тийген тараптагы колго күндөн коргоочу крем коюуну сунуштайт. Ал эми огороддо, талаада жумуш баштагандан мурун колго крем коюп, кол кап кийүүнү эскертет. Эгерде кол кап резинадан болсо көп узатпай чечип, кайра кийүү туура.Дерматолог айрым кыз-келиндер колун кургап кетүүдөн сактап самын менен жуубай коюшарына токтолуп, муну туура эмес деген. Айтымында, болгону колду кир самын менен жуубаш керек. Бирок самын колдонуп, андагы кирди кетирүү кажет. Суюк самындардын колдун терисине зыяны аз. Башкысы, аны жуугандан кийин крем сүйкөгөндү унутпоо эскертилди.
https://sputnik.kg/20240515/den-sooluk-tamak-ash-azyk-zhangak-dietolog-1085108106.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/05/13/1085250461_0:768:2048:2304_1920x0_80_0_0_af4deb9fb9558e6905a98afafeb06562.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
ден соолук, дерматолог, кол, күн, кам көрүү, сулуулук
ден соолук, дерматолог, кол, күн, кам көрүү, сулуулук
Дерматолог колго да кам көрүү зарылдыгын айтты. Эмнелерден сактоо керек?
Адис башкысы колдун терисин кургатпай, жеңил крем сүйкөп турууну сунуштаган.
БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Күн ысыкта, короо, огороддо жумуш күчөгөндө колго кам көрүүнү унутпоону дерматолог Юлия Галлямова
Sputnik радиосуна курган маегинде эскертти.
Адистин айтымында, күн катуу тийген учурда колдун териси тез кургайт, ага бат-баттан нымдаштыруучу крем сүйкөп туруу керек.
"Колго кам көрүүдө ага түнкүсүн крем коюп коюу менен эле чектелбеш керек. Колду химикаттардан сактоо зарыл. Идиш жууганда, үй жыйнаганда кол кап кийип алган туура. Сыртка чыгарда да крем коюу кажет. Колго кремди бат-баттан коюп туруу үчүн жеңил сиңгендерин тандаган оң", — деген дерматолог.
Адис унаа башкаргандар болсо күн тийген тараптагы колго күндөн коргоочу крем коюуну сунуштайт. Ал эми огороддо, талаада жумуш баштагандан мурун колго крем коюп, кол кап кийүүнү эскертет. Эгерде кол кап резинадан болсо көп узатпай чечип, кайра кийүү туура.
Дерматолог айрым кыз-келиндер колун кургап кетүүдөн сактап самын менен жуубай коюшарына токтолуп, муну туура эмес деген. Айтымында, болгону колду кир самын менен жуубаш керек. Бирок самын колдонуп, андагы кирди кетирүү кажет. Суюк самындардын колдун терисине зыяны аз. Башкысы, аны жуугандан кийин крем сүйкөгөндү унутпоо эскертилди.