https://sputnik.kg/20240525/bala-ehne-borbor-tagdyr-maek-1085463339.html
Эне менен баланы ажыратпоо үчүн 15 жылда 300 баланы асыраган аялдын маеги
Эне менен баланы ажыратпоо үчүн 15 жылда 300 баланы асыраган аялдын маеги
Sputnik Кыргызстан
Sputnik Кыргызстан агенттиги бул ирет учурда 26 бала жашап жаткан үйгө барды. Ал Сокулук районунун Маловодное айылында жайгашып, "Эне жана бала мээрими"... 25.05.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-05-25T19:21+0600
2024-05-25T19:21+0600
2024-05-30T10:13+0600
кыргызстан
бала
эне
борбор
тагдыр
маек
видео
мультимедиа
https://sputnik.kg/img/07e8/05/19/1085463041_0:0:1281:720_1920x0_80_0_0_70daa1702b17518c75b18f16fc1079c3.jpg
Биз барганда үйдө балдардын жарымы бар экен. Жарымы эртең менен мектепке кетишиптир. Таалайкүл Арзыматова "мында саат 6:30дан тартып эле тапыр-тупур жашоо башталат" деп кеп баштады. Адегенде эртең менен окугандар даярданып, тамактанып, балдардын улуулары кичүүлөрүн жетелеп мектепке кетишет. Андан соң түштөн кийин окуган балдар туруп дасторкон четине отурушат.Борбордо жашаган балдардын 17синин апасы бар, бирок көбү миграцияда, айрымдары баласы менен чогуу жашаганга шарты болбой убактылуу багууга беришкен.Арзыматова борбордун башкы максаты энени баладан, баланы энеден ажыратпоо экенин айтат. Буга байланыштуу 15 жылдык ишмердүүлүгүндө көптөгөн кыз-келиндердин тагдырынын түздөлүшүнө жолдошу Иса Өмүракунов экөө көмөктөш болушкан.Ооба, борборду Иса Өмүракунов менен жубайы Таалайкүл Арзыматова негиздеп, экөө бири-бирине жөлөк-таяк болуп, башкалардын баш калкалоосуна шарт түзүшкөн. Бирок ушул жылы уясынан 300 баланы учурган үй ээси дүйнө салган.Бул кайгысы менен бөлүшүп жатып Арзыматова борбордун иши турмуштан кыйналгандарды канатына калкалоо үчүн улана берерин белгиледи.
https://sputnik.kg/20230428/psiholog-ospurum-tarbiya-ata-ehne-bala-suicid-1074828839.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Кызжибек Раимова
https://sputnik.kg/img/07e6/0a/05/1068644909_339:416:646:723_100x100_80_0_0_05bb8774dbaf7c262e696c2d7b9c3943.jpg
Кызжибек Раимова
https://sputnik.kg/img/07e6/0a/05/1068644909_339:416:646:723_100x100_80_0_0_05bb8774dbaf7c262e696c2d7b9c3943.jpg
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/05/19/1085463041_153:0:1113:720_1920x0_80_0_0_7514755e9785e4588c6bcee202781fef.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Кызжибек Раимова
https://sputnik.kg/img/07e6/0a/05/1068644909_339:416:646:723_100x100_80_0_0_05bb8774dbaf7c262e696c2d7b9c3943.jpg
кыргызстан, бала, эне, борбор, тагдыр, маек, видео, мультимедиа
кыргызстан, бала, эне, борбор, тагдыр, маек, видео, мультимедиа
Эне менен баланы ажыратпоо үчүн 15 жылда 300 баланы асыраган аялдын маеги
19:21 25.05.2024 (Жаңыртылды: 10:13 30.05.2024) Эксклюзив
Sputnik Кыргызстан агенттиги бул ирет учурда 26 бала жашап жаткан үйгө барды. Ал Сокулук районунун Маловодное айылында жайгашып, "Эне жана бала мээрими" реабилитациялык борбору деп аталат.
Биз барганда үйдө балдардын жарымы бар экен. Жарымы эртең менен мектепке кетишиптир. Таалайкүл Арзыматова "мында саат 6:30дан тартып эле тапыр-тупур жашоо башталат" деп кеп баштады. Адегенде эртең менен окугандар даярданып, тамактанып, балдардын улуулары кичүүлөрүн жетелеп мектепке кетишет. Андан соң түштөн кийин окуган балдар туруп дасторкон четине отурушат.
Борбордо жашаган балдардын 17синин апасы бар, бирок көбү миграцияда, айрымдары баласы менен чогуу жашаганга шарты болбой убактылуу багууга беришкен.
Арзыматова борбордун башкы максаты энени баладан, баланы энеден ажыратпоо экенин айтат. Буга байланыштуу 15 жылдык ишмердүүлүгүндө көптөгөн кыз-келиндердин тагдырынын түздөлүшүнө жолдошу Иса Өмүракунов экөө көмөктөш болушкан.
"Бул жерден көптөгөн үй-бүлөлөр сакталып, түзүлүп да калды. Жаш кыздар, студенттер жакшы кепке алданып жигиттеринен кош бойлуу болуп калышат... Ата-энелерине айта алышпайт, ошондой кыздарга да төрөп, баласына мээрим төгүшүнө, оор учурдан чыгып кетишине шарт түздүк. Жолдошум экөөбүз канча деген жигиттерди артынан издеп жүрүп таап келип, үйлөндүрдүк", — деди ал.
Ооба, борборду Иса Өмүракунов менен жубайы Таалайкүл Арзыматова негиздеп, экөө бири-бирине жөлөк-таяк болуп, башкалардын баш калкалоосуна шарт түзүшкөн. Бирок ушул жылы уясынан 300 баланы учурган үй ээси дүйнө салган.
Бул кайгысы менен бөлүшүп жатып Арзыматова борбордун иши турмуштан кыйналгандарды канатына калкалоо үчүн улана берерин белгиледи.