https://sputnik.kg/20240527/bishkek-bashalamandyk-militsiya-1085533239.html
Бишкектеги башаламандык. Свердлов РИИБинин кызматкерлери кызматтан алынды
Бишкектеги башаламандык. Свердлов РИИБинин кызматкерлери кызматтан алынды
Sputnik Кыргызстан
Жалпысынан милициянын 20 кызматкери тартиптик жоопкерчиликке тартылды. 27.05.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-05-27T21:21+0600
2024-05-27T21:21+0600
2024-05-27T21:22+0600
бишкек
иим
милиция
башаламандык
кыргызстан
кызматтан алуу
рииб
свердлов районунун ички иштер бөлүмү
https://sputnik.kg/img/102250/61/1022506197_0:251:6016:3635_1920x0_80_0_0_f93d53f183fcab3d3bfab79ba7d7e4a9.jpg
БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Жеңишбек Абитов баш болгон 10 кызматкер борбор калаадагы 13-майда жана 18-майга караган түнү болгон окуяларга байланыштуу кызматтан алынды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди. Мындан тышкары, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын жана Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын 10 кызматкери ар кандай тартип жоопкерчилигине тартылган. Маалыматта мындай чечим кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы менен ИИМдин бүгүн, 27-майда, өткөн коллегиясында кабыл алынганы жазылган. Жеңишбек Абитов үстүбүздөгү жылдын апрель айында спецназ ата-баланы токмоктогон окуядан кийин Жалал-Абад ОИИБдин начальниги кызматынан алынып, Бишкек шаарынын Свердлов райондук милициясын жетектемей болгон. Эске салсак, 13-майда төрт кыргыз бала чет элдиктерге кол салып, мушташ чыккан. Анын видеосу интернетте "чет элдиктер кыргыздарды сабаган" деген аталыш менен тарап, 18-майга караган түнү Бишкекте чет элдиктер жашаган мейманкананын жанына жаштардын чогулушуна себеп болгон. Топтолгондор түшүндүрүү иштеринен кийин таңга жуук тарашкан. Кийин мушташка катышкан делип төрт чет элдик жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилип, кайра үй камагына чыгарылган. Ал эми аларга кол салган делген үч бала, кийин дагы бири кармалган. Окуя боюнча "Массалык башаламандык" жана "Бейбаштык" боюнча иш козголду.
https://sputnik.kg/20240522/kyrgyzstan-kylmysh-zha-zhal-chet-eldik-1085351088.html
бишкек
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/102250/61/1022506197_661:0:6016:4016_1920x0_80_0_0_916a41c45c29cf967d40f13e680d33f4.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
бишкек, иим, милиция, башаламандык, кыргызстан, кызматтан алуу, рииб, свердлов районунун ички иштер бөлүмү
бишкек, иим, милиция, башаламандык, кыргызстан, кызматтан алуу, рииб, свердлов районунун ички иштер бөлүмү
Бишкектеги башаламандык. Свердлов РИИБинин кызматкерлери кызматтан алынды
21:21 27.05.2024 (Жаңыртылды: 21:22 27.05.2024) Жалпысынан милициянын 20 кызматкери тартиптик жоопкерчиликке тартылды.
БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Жеңишбек Абитов баш болгон 10 кызматкер борбор калаадагы 13-майда жана 18-майга караган түнү болгон окуяларга байланыштуу кызматтан алынды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.
Мындан тышкары, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын жана Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын 10 кызматкери ар кандай тартип жоопкерчилигине тартылган. Маалыматта мындай чечим кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы менен ИИМдин бүгүн, 27-майда, өткөн коллегиясында кабыл алынганы жазылган.
Жеңишбек Абитов үстүбүздөгү жылдын апрель айында спецназ ата-баланы токмоктогон окуядан кийин Жалал-Абад ОИИБдин начальниги кызматынан алынып, Бишкек шаарынын Свердлов райондук милициясын
жетектемей болгон.
Эске салсак, 13-майда төрт кыргыз бала чет элдиктерге кол салып, мушташ чыккан. Анын видеосу интернетте "чет элдиктер кыргыздарды сабаган" деген аталыш менен тарап, 18-майга караган түнү Бишкекте чет элдиктер жашаган мейманкананын жанына жаштардын чогулушуна себеп болгон. Топтолгондор түшүндүрүү иштеринен кийин таңга жуук тарашкан. Кийин мушташка катышкан делип төрт чет элдик жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилип, кайра үй камагына чыгарылган. Ал эми аларга кол салган делген үч бала, кийин дагы бири кармалган. Окуя боюнча "Массалык башаламандык" жана "Бейбаштык" боюнча иш козголду.