00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
2 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
20:55
4 мин
Ежедневные новости
06:00
3 мин
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:01
4 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

"Түндүк агымдар". РФтин Башкы прокуратурасы теракт боюнча ишти баштады

© AP Photo / Swedish Coast Guard "Түндүк Агым 2" газ түтүгүндө газ агып кетти. Архив
Түндүк Агым 2 газ түтүгүндө газ агып кетти. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.06.2024
Жазылуу
Ивановдун айтымында, фактыларга карабастан АКШ, Кипр, Франциянын компетенттүү органдары олуттуу иликтөө жүргүзгөн жок.
БИШКЕК, 3-июн. – Sputnik. Россиянын Башкы прокуратурасы АКШ, Германия, Франция жана Кипрдин компетенттүү органдарына РФке карата жасалган терактылар, анын ичинде "Түндүк агымдардагы" жардыруулар боюнча кошумча сурам жөнөттү. Бул туурасында аталган көзөмөл органдын расмий өкүлү Андрей Иванов журналисттерге айтканын Sputnik Ближнее зарубежье жазды.

"Башкы прокуратура АКШ, Германия,Франция жана Кипрдин компетенттүү органдарына Россиянын аймагында РФтин кызыкчылыгына, жарандарына каршы жасалган террордук чабуулдар, ага байланыштуу кылмыштуу иштер боюнча кошумча сурам жөнөттү. Мунун ичинде эл аралык террордук актыга байланышкан "Түндүк агым-1" жана "Түндүк агым-2" газ куурларынын жардырылышы да бар", — деген ал.

Ивановдун айтымына караганда, болгон фактыларга карабастан, "АКШ, Кипр жана Франциянын компетенттүү органдары финансылоо жана башка аракеттер боюнча олуттуу иликтөө жүргүзгөн жок". Ал эми Германиянын тиешелүү органдары "Россия менен кызматташа турган милдеттенмелеринен кылчактай баш тартып жатышат". Анткен менен аталган мамлекеттер — Бомба террорчулугу менен күрөшүү жана Террорчулукту каржылоого каршы туруу боюнча эл аралык конвенциялардын катышуучусу.
2022-жылдын 26-сентябрында Европага россиялык газды экспорттогон "Түндүк агым" жана "Түндүк агым-2" түтүктөрүндө жарылуу болгон. Германия, Дания жана Швеция кадимкидей эле максат коюлуп жасалган диверсия болгонун четке каккан эмес. Владимир Путин муну теракт деп атаган. "Түндүк агымдын" оператору Nord Stream AG газ куурларын оңдоонун мөөнөтүн так айтууга мүмкүн эместигин билдирген. Россиянын башкы прокуратурасы эл аралык террорчулук актысы боюнча иш козгоону демилге кылган.
Америкалык журналист, Пулитцер сыйлыгынын лауреаты Сеймур Херш 8-февраль күнү Европага газ экспорттогон россиялык газ түтүктөрүндөгү теракт боюнча иликтөөсүн жарыялаган. Өз маалымат булагына таянуу менен ал жардыруучу түзүлүштөрдү магистралдын алдына 2022-жылдын июнь айында Baltops машыгуусуна жамынып АКШнын деңиздеги аскер күчтөрүнүн суучулдары орнотконун жазган. Херштин айтымында, аларга норвегиялык адистер көмөктөшкөн. Журналист операция боюнча чечимди АКШ президенти Жозеф Байден тогуз айлык талкуудан кийин кабыл алганын белгилеген эле.
Кийинчерээк британиялык The Telegraph гезити Батыштын атайын кызматтары "Түндүк агымдагы" терактыларга украиналык бизнесмендин тиешеси бар деген пикирде экенин жазып чыккан. Ал эми The New York Times гезити россиялык газды Европага жеткирүүнүн негизги маршрутун украиналык топ жарактан чыгарганын, бул адамдардын планынан Киев бийлиги кабардар болбогонун маалымдаган.
Кийинчерээк Пентагон АКШнын газ куурларды жардырууга эч кандай тиешеси жок деген билдирүү тараткан.
Түндүк Агым 2 газ түтүгүндө газдын агып кеттиши. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.09.2023
Жаап-жашыруу аракети... Батыш "Түндүк агымдагы" жардыруунун чындыгынан чочулайт
Жаңылыктар түрмөгү
0