https://sputnik.kg/20240606/kyrgyzstan-pushkin-kun-achylysh-1085852470.html
Кыргызстанда Пушкин күндөрүнүн салтанаттуу ачылышы өттү. Видео
Кыргызстанда Пушкин күндөрүнүн салтанаттуу ачылышы өттү. Видео
Sputnik Кыргызстан
Бүгүн дүйнө улуу орус акыны Александр Сергеевич Пушкиндин 225 жылдыгын жана Эл аралык орус тилинин күнүн белгилейт. Мунун урматына республика боюнча ондогон... 06.06.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-06-06T15:35+0600
2024-06-06T15:35+0600
2024-06-06T19:19+0600
кыргызстан
александр пушкин
крсу
белгилөө
https://sputnik.kg/img/07e8/06/06/1085852579_299:161:3339:1871_1920x0_80_0_0_9d06502514c98bb835ef53c45aaedd9a.jpg
Пушкин күндөрүнүн ачылыш аземине карата КРСУнун башкы имаратынын жанындагы улуу акындын эстелигине Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын бардык мүчөлөрү, башкача айтканда, өлкөдө жашаган бардык улуттардын өкүлдөрү топтолушту.Иш-чарага Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко катышты. Ал орус тили Кыргызстанда өз маанисин сактап, кош тилдүүлүктүн алкагында бардык пландарды ишке ашырууга салым кошот деген ишенимин билдирди.Элчи Россия Кыргызстанда орус тилин жана улуу акындын мурасын изилдөөнү колдой турганын белгиледи. Бул үчүн өлкөнүн бардык аймактарында орус тилдүү тогуз мектепти куруу маанилүү кадам болот.Удовиченко ошондой эле Александр Сергеевич Пушкиндин чыгармачылыгына кыргыз жазуучулары, анын ичинде Алымкул Үсөнбаев, Жоомарт Бөкөнбаев, Чыңгыз Айтматов да шыктанганын айтты. Өлкөдөгү көчөлөргө жана мектептерге Пушкиндин ысымы ыйгарылган.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/06/06/1085852579_455:0:3186:2048_1920x0_80_0_0_d65cb650e6afc380d7a71c25f0586ee0.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, александр пушкин, крсу, белгилөө, видео
кыргызстан, александр пушкин, крсу, белгилөө, видео
Кыргызстанда Пушкин күндөрүнүн салтанаттуу ачылышы өттү. Видео
15:35 06.06.2024 (Жаңыртылды: 19:19 06.06.2024) Бүгүн дүйнө улуу орус акыны Александр Сергеевич Пушкиндин 225 жылдыгын жана Эл аралык орус тилинин күнүн белгилейт. Мунун урматына республика боюнча ондогон иш-чаралар өткөрүлүүдө.
Пушкин күндөрүнүн ачылыш аземине карата КРСУнун башкы имаратынын жанындагы улуу акындын эстелигине Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын бардык мүчөлөрү, башкача айтканда, өлкөдө жашаган бардык улуттардын өкүлдөрү топтолушту.
Иш-чарага Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко катышты. Ал орус тили Кыргызстанда өз маанисин сактап, кош тилдүүлүктүн алкагында бардык пландарды ишке ашырууга салым кошот деген ишенимин билдирди.
Элчи Россия Кыргызстанда орус тилин жана улуу акындын мурасын изилдөөнү колдой турганын белгиледи. Бул үчүн өлкөнүн бардык аймактарында орус тилдүү тогуз мектепти куруу маанилүү кадам болот.
Удовиченко ошондой эле Александр Сергеевич Пушкиндин чыгармачылыгына кыргыз жазуучулары, анын ичинде Алымкул Үсөнбаев, Жоомарт Бөкөнбаев, Чыңгыз Айтматов да шыктанганын айтты. Өлкөдөгү көчөлөргө жана мектептерге Пушкиндин ысымы ыйгарылган.