https://sputnik.kg/20240606/mamleket-murastardy-izildg-karajat-blgn-emes-1085844118.html
Жолдошов: буга чейин мамлекет тарыхый мурастарды изилдөөгө ири каражат бөлгөн эмес
Жолдошов: буга чейин мамлекет тарыхый мурастарды изилдөөгө ири каражат бөлгөн эмес
Sputnik Кыргызстан
Маданий мурастарды сактоо жана өнүктүрүү башкармалыгынын башкы адиси Чынарбек Жолдошов "Көөнө тарых сырлары" мамлекеттик программасынын максаты тарыхый-маданий... 06.06.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-06-06T12:10+0600
2024-06-06T12:10+0600
2024-06-06T12:10+0600
радио
тарыхый баалуулуктар
мурас
археология
программа
кыргызстан
чынарбек жолдошов
https://sputnik.kg/img/07e8/06/06/1085844506_0:213:3067:1938_1920x0_80_0_0_7f7506697a30ea53378bbf19fde39701.jpg
Жолдошов: буга чейин мамлекет тарыхый мурастарды изилдөөгө ири каражат бөлгөн эмес
Sputnik Кыргызстан
Жолдошов: буга чейин мамлекет тарыхый мурастарды изилдөөгө ири каражат бөлгөн эмес
"Көөнө тарых сырлары" мамлекеттик программасы өзүнчө беш чоң бөлүктөн турат. Анда Кыргызстандын аймагындагы тарыхый эстеликтерди аныктоо, археологиялык изилдөө жүргүзүү жана мамлекеттик каттоодон баштап, оңдоого муктаж объектилерди реконструкциялоо иштери жүрөт. Бул тууралуу Чынарбек Жолдошов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.Анын айтымында, бул программанын курамына археолог, тарыхчы, архитектор жана искусство таануучулар кирди.Ал аталган мамлекеттик программанын алкагында жаш кадрлар жана студенттер экспедицияларга активдүү тартылганын кошумчалады.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/06/06/1085844506_169:0:2898:2047_1920x0_80_0_0_b2b1b95f77b99910ab072b664ac128cc.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
тарыхый баалуулуктар, мурас, археология, программа, кыргызстан, чынарбек жолдошов , аудио
тарыхый баалуулуктар, мурас, археология, программа, кыргызстан, чынарбек жолдошов , аудио
Жолдошов: буга чейин мамлекет тарыхый мурастарды изилдөөгө ири каражат бөлгөн эмес
Маданий мурастарды сактоо жана өнүктүрүү башкармалыгынын башкы адиси Чынарбек Жолдошов "Көөнө тарых сырлары" мамлекеттик программасынын максаты тарыхый-маданий мурас объектилерин сактоону жана натыйжалуу пайдаланууну камсыздоо экенин айтты.
"Көөнө тарых сырлары" мамлекеттик программасы өзүнчө беш чоң бөлүктөн турат. Анда Кыргызстандын аймагындагы тарыхый эстеликтерди аныктоо, археологиялык изилдөө жүргүзүү жана мамлекеттик каттоодон баштап, оңдоого муктаж объектилерди реконструкциялоо иштери жүрөт. Бул тууралуу Чынарбек Жолдошов
Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, бул программанын курамына археолог, тарыхчы, архитектор жана искусство таануучулар кирди.
"Буга чейин тарыхый мурастарды изилдөө үчүн мамлекеттен ири каражат бөлүнгөн эмес. Мамлекеттик программалар жокко эсе болчу. 2022-жылы президенттин жарлыгы менен "Көөнө тарых сырлары" мамлекеттик программасы түзүлгөн. Ал жерде жети орчундуу багыт көрсөтүлгөн. Алсак, тарыхый мурастарды сактап, аларды туризм жаатында колдонуу, изилдөө жана эл аралык консервация иштерин жүргүзүү, ошондой эле бул тармактагы жаш кадрларды даярдоо камтылды. Бүгүнкү күндө өз ишин баштады жана ал 2027-жылга чейин уланат. Бул аралыкта кырк чакты чоң иш-чара аткарылат. Анын жыйынтыгында музейлерди куруу пландалууда", — деди Жолдошов
Ал аталган мамлекеттик программанын алкагында жаш кадрлар жана студенттер экспедицияларга активдүү тартылганын кошумчалады.