00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
6 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:07
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Кеменгер
Жаңы кыргыз кандай болушу шарт?
15:04
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Жума жыйынтыгы
апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:06
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
8 мин
Между строк
Любимец классиков: почему русские писатели обожают Чехова?
18:09
37 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Кыргыздын Кытайда сатылып кеткен уул-кыздарын бошотуп... Белек Солтоноевди эскерүү

© Фото / из семейного архива БелековыхКыргыздын туңгуч тарыхчысы Белек Солтоноев (2-катарда ортодо) кыздары Зайнакан, Зилия, Нурия, Токтакан. Уулдары Уланбек менен Темиркан. Кɵк-Ойрок жайлоосу, Чоң Кемин. 1936-жыл
Кыргыздын туңгуч тарыхчысы Белек Солтоноев (2-катарда ортодо) кыздары Зайнакан, Зилия, Нурия, Токтакан. Уулдары Уланбек менен Темиркан.  Кɵк-Ойрок жайлоосу, Чоң Кемин. 1936-жыл  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.06.2024
Жазылуу
Белек Солтоноев ата мекендик тарыхчылардын ичинен биринчилерден болуп эмгегин илимий булактарга таянып жазган.
Үркүндө Батыш Кытайга качкан кандаштарды Ата Журтка көчүрүп келүүгө активдүү катышкан Белек Солтоноевдин баскан жолу тууралуу небереси Замира Белекова жана тарыхчы Назарбек Түнтеев менен колумнист Алмаз Батилов маектешкен.
— Чоң атаңыз тууралуу алгач качан кимден уктуңуз эле?
Замира Белекова: — Чоң атам эки ирет үйлөнүптүр. Биринчи жубайынан Токтокан деген кыздуу, Урумкан аттуу эркек балалуу болгон экен. Токтокан эжени көрүп калдым, аны менен катышып жүрдүк. Урумкан Сүлүктүдө мугалим болуп иштеп жүрүп, 25 жашында каза болуптур. Чоң атам уулун жоктоп "Урумкан" аттуу поэмасын жазган экен. Биринчи жубайы эмне болгонун билбейм. Экинчи ирет чоң энем Ракия Жолукеевага баш кошуптур. Ал да Кеминдин кызы. Экөө алты балалуу болгон. Мен уулу Уланбектин кызымын. Атамдын Зайнакан, Зилия, Нурия, Разия жана Темирчен деген бир туугандары болгон. Тилекке каршы, баары бул дүйнөдөн өтүп кетишти. Зайнакан улуттук музейдин илимий кызматкери эле. Темирчен адистиги боюнча агроном болчу. Зилия байланыш тармагында эмгектенди. Нурия борбор калааадагы Касымалы Баялинов (мурдагы Чернышевский) атындагы китепканада иштеди. Разия мединститутта мугалим болчу. Чоң атам тууралуу атамдан укканым көбүрөөк эсимде калды. Бирок ал көп нерсени айта албай кетти. Ал учурда репрессияга кабылган үй-бүлөлөр ашык сүйлөгөндөн коркушчу.
© Фото / из семейного архива БелековыхКыргыздын туңгуч тарыхчысы Белек Солтоноевдун уулу Уланбек Белеков. Ал Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери. Уланбек согушта көрсөткөн эрдиги үчүн "Аскердик күжүрмөндүк" медалы менен сыйланган. 1960-жылдар. Фрунзе
Сын кыргызского историка Белека Солтоноева Белеков Уланбек - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.06.2024
Кыргыздын туңгуч тарыхчысы Белек Солтоноевдун уулу Уланбек Белеков. Ал Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери. Уланбек согушта көрсөткөн эрдиги үчүн "Аскердик күжүрмөндүк" медалы менен сыйланган. 1960-жылдар. Фрунзе
— Чоң атаңыздын кыргыздын тарыхын жазууга эмнеден улам белсенгени тууралуу маалыматыңыз барбы?
З.Б.: — Чоң атам 1878-жылы Чоң-Кеминдин Тегирменти айылында жарык дүйнөгө келген экен. Өзүнүн атасы Солтонкелди эрте каза болуп, энесинин боюнда калыптыр. Ошол мезгилдеги салт боюнча, ал кайниси Солтоной менен баш кошот. Ошон үчүн чоң атамдын фамилиясы Солтоноев болуп калган. Чоң атам — Атаке баатырдын урпагы. Чоң-Кеминде кадырлуу жана малдуу үй-бүлөнүн баласы болгон. Сабаты араб ариби менен ачылган. Эс тартып калган кезинде Чолпон-Атага орус тилин үйрөнүүгө жиберишкен. Андан кийин Караколдо орус-тузем мектебин бүтүргөн соң Пишпектеги окумуштуу Алексей Фетисовдун багбандар мектебинде эки жыл окутушкан. Орус тилин мыкты билгендиктен аны жакындары "чала орус" деп тамашалашчу экен. 1918-жылы Кыргызстанда Кеңеш өкмөтүнүн бийлиги орногондон кийин чоң атам анкетасына "кедей-кембагалдын баласымын" деп жаздырган. Аргасыздан замандын талабына ылайыкташкан экен.
© Sputnik / Самрат КарачевЗамира Белекова кыргыздын туңгуч тарыхчысы Белек Солтоноевдун небереси
Внучка историка Белека  Солтоноева Замира Белекова  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.06.2024
Замира Белекова кыргыздын туңгуч тарыхчысы Белек Солтоноевдун небереси
"Кызыл кыргыз тарыхы" аттуу китебинде тарыхты жазууга эмне түрткү болгонун айткан. 1895-жылы чоң атам Пишпекте китеп саткан дүкөнгө кирет. Тарых жөнүндө китептерди сатып алайын десе, теги өзбек ээси сатпай коёт. "Сага тарыхтын кереги жок, кыргыз кырк кызды ээрчиген иттен тараган, атаңар ит, энеңер кырк кыз" деп шылдыңдайт. Ошондон тарта чоң атам кыргыз элинин тарыхын жазууга белсенет. 1916-жылы анын орус тилин мыкты билгенин жана калыстыгын баалап, айылдаштары болуш кылып шайлашкан экен. Бирок ошол жылы Түндүк Кыргызстанда ак падышага каршы көтөрүлүш башталып, жазалоочулар козголоңду аёосуз басат. Элдин басымдуу бөлүгү Синьцзянга качат. Чоң атам Үч-Турпан аймагын (Батыш Кытай) баш паанектейт. Ошондо да эмгегин ала кетип, ал жерде да кыргыз тарыхын изилдөөсүн уланткан. 1917-жылы Кыргызстанга кайтып келген экен.
© Sputnik / Самрат Карачев1990-2000-жылдары кыргыздын туңгуч тарыхчысы Белек Солтоноевдун басмадан чыккан китептери.
Кыргызский историк, поэт-акын, собиратель фольклора и просветитель Белек Солтоноев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.06.2024
1990-2000-жылдары кыргыздын туңгуч тарыхчысы Белек Солтоноевдун басмадан чыккан китептери.
— Осмонаалы Сыдык уулу менен Белек Солтоноевдун тарыхый эмгектеринде эмне айырмачылык бар?
Назарбек Түнтеев: — 1913-жылы кыргыздын туңгуч агартуучуларынын бири Осмонаалы Сыдык уулу "Мухтасар тарих-и Кыргызийа" менен "Тарихи Кыргыз Шадманийа" аттуу тарыхый эмгектерин чыгарат. Эки китепте тең диний таасир күчтүү, автордун илимий булактарды пайдаланбаганы көрүнүп турат. Ал эми Белек Солтоноев "Кызыл кыргыз тарыхы" эмгегинде тарыхый булактарга таянган. Бул китепти окуганда тарыхый булактардын молдугу дароо көзгө урунат, байыркы кытай тарыхчылары жана түрк, араб, орус илимпоздорунун эмгектерин пайдаланган. Солтоноев тарыхый булактарга таянып, "Кыргыздын эң байыркы турган жери Енисей дайрасы, Алтай, Саян, Тянь-Шань, Памир, Хотан тоолору жана ушул айтылган тоолордун аралары менен өзөн-салаалары болгон" деп белгилеген. Муну менен ал ата мекендик тарыхчылардын ичинен биринчилерден болуп илгертеден кыргыз эли Ала-Тоону мекендегенин далилдеген. 1916-1917-жылдары Белек Батыш Кытайда баш калкалап жүргөн маалда аймактагы кандаштарыбыз жөнүндө маалымат чогулткан. Мисалы, эмгегинде Тибетте жашаган кыргыздар тууралуу кыска, бирок кызыктуу маалымат берет. Солтоноев бул маалыматты кашкарлык соодагерден жазып алган. Мындан сырткары, Батыш Кытайда жүргөндө Тагай бийдин бейитин табат. Буга чейин анын сөөгү кайда коюлганы белгисиз эле. Солтоноев эмгегинде кыргыздын баатырдыгын, трагедиясын жана комедиясын так чагылдырган. Алгачкылардан болуп кыргыздын энциклопедиясын түзгөн деп айтсак болот.
© SputnikТарыхчы Назарбек Түнтеев
Кандидат исторических наук Назарбек Тунтеев  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.06.2024
Тарыхчы Назарбек Түнтеев
— 1917-жылы Синьцзяндан кайтып келгенден кийин репрессияга кабылып кала жаздаган экен...
З.Б.: — Ооба. Чоң атам Батыш Кытайдан келген соң 217-чек ара полкунда кызмат өтөп, тилмеч болгон, басмачыларга каршы күрөшкө катышкан. 1920-жылы "падышанын учурунда болуш болгонсуң, демек, Кеңеш өкмөтүнүн душманысың" деп куугунтукка алынат. Чоң атам Алматыга качып, ал жерде эки жылдай баш калкалайт. Казак элинин улуу жазуучусу Мухтар Ауэзов чоң жардам берген экен. Ошол учурда чоң атам кыргыздын ичинен алгачкылардан болуп чет өлкөлүк классиктердин чыгармаларын которгон.
— Кыргызстанга кандайча кайтып келген?
Н.Т.: — 1922-жылы Кара-Кыргыз автономиялуу облусу уюшула баштаганда аны Алматыдан Жусуп Абдрахманов менен Шабдан баатырдын экинчи уулу Самүдүн кайра Пишпекке чакырышат. Белек Солтоноев менен Жусуп Абдрахманов дос болушкан экен, экөөнүн мүдөөсү бир болгондуктан аягына чейин кол үзүшпөптүр. Солтоноев Жалпы билим берүү комитетине жумушка орношуп, элдин сабатсыздыгын жоюуга катышат. 1924-жылы Түркстан АССРинин борбордук аткаруу комитети 1916-жылы Синьцзянга качкан кыргыздардын кулдукка сатылып кеткен балдарын жана кыздарын эркиндикке алып чыгуу үчүн үч миллион рубль сарптоо боюнча чечим чыгарган. Ошол эле жылы Солтоноев Батыш Кытайдын Үч-Турпан жана Ак-Суу аймактарындагы айылдарын түрө кыдырып, дунган жана уйгурлардын байларына сатылып кеткен кыргыздын балдарын таап, бошотот. Кытайдан келгенден кийин Өлкө таануу институтуна орношуп, кыргыз тилинин терминологиялык сөздүгүн түзөт. Андан соң Эл агартуу комиссариатынын маданият курулуш илим-изилдөө институтунда, Борбордук архивде иштеген. 1934-жылы Солтоноев "Кызыл кыргыз тарыхы" аттуу эмгегин бүтүргөн. Бул эмгекти жазууга кырк жылга жакын өмүрүн сарптаган экен. Өзү тирүүлөй тарых болчу деп белгилеп кетким келет. Китебинде "ар бир жүрөгүндө жалыны бар жигит өз элинин тарыхын билүүгө милдеттүү" деп жазган. Кыргыз тарыхынын атасы десем жаңылбайм. Китеби 1990-2000-жылдары үч жолу басылып чыкты. Өкүнүчтүүсү — үчөө тең редакторлордун айынан одоно каталар менен жарык көрдү.
— Чоң атаңыз кыргыздан чыккан алгачкы ботаник жана энтомолог (көпөлөк чогулткан) болгон экен. Бул багытка кандай кызыгып калганын билесизби?
З.Б.: — Менимче, чоң атам бул илимге Пишпектеги Фетисовдун мектебинде окуп жүргөндө кызыгып калган болуш керек. Жайында Чоң-Кеминдин Көк-Ойрок жайлоосуна барып, алачыкка өсүмдүктөр менен көпөлөктөрдү чогултчу экен. Мындан сырткары, ыр жазыптыр. Бирок бул чыгармачылыгы билинбей калган. Атамдын айтканына караганда, чоң атама белгилүү мамлекеттик ишмер Төрөкул Айтматов көп жардам бериптир. Атактуу тилчи Касым Тыныстанов менен да тыгыз байланышта экен. 1937-жылы 14-сентябрда чоң атам Кеңеш өкмөтүнүн душманы деген жалаа менен түрмөгө камалат. Ошондо эң кичүү Роза эжем ымыркай экен. Туугандарыбыз репрессиядан коркуп, биздин үй-бүлө менен катышын үзгөн. Чоң атам алты ай борбор калаадагы азыркы Токтогул менен Панфилов көчөлөрүнүн кесилишиндеги түрмөдө камалыптыр. Тергөөчүлөр "1924-жылы Кытайга баргансың, ошол мамлекеттин тыңчысысың" деп айыпташат. Чоң атам Синьцзянга Кеңеш өкмөтүнүн тапшырмасы менен барганын айтканына карабай 1938-жылы 10-февралда атууга кеткен. Бүгүнкү күндө да сөөгү кайда коюлганы белгисиз.
© Фото / ЦГА КФФД КРКыргыздын ичинен чыккан биринчи профессор,агартуучу, мамлекеттик ишмер Касым Тыныстанов (оң жакта) жубайы Турдубүбү жана бир туугандары менен. 1925-жыл
Первый народный комиссар просвещения Кыргызстана, профессор, и поэт Касым Тыныстанов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.06.2024
Кыргыздын ичинен чыккан биринчи профессор,агартуучу, мамлекеттик ишмер Касым Тыныстанов (оң жакта) жубайы Турдубүбү жана бир туугандары менен. 1925-жыл
Камакка алынганда "Кыргыз урууларын жайгашкен жерлери", "Кыргызстандагы жер-суулардын аталыштары" деген сыяктуу үч-төрт илимий эмгеги бар экен. Балким, УКМКнын архивинде сакталуудур.
— Үй-бүлөсү аябай кыйналса керек?
З.Б.: — Чоң энем балдары менен далай азап-тозоктон өтүптүр. Атам элдин малын багып, энесине жөлөк болуптур. Аларды эл душманынын балдары деп кемсинтишчү экен. 1943-жылы атам кан майданга аттанып, Улуу Жеңишти Кёнигсберг (азыркы Калининград) шаарында тоскон. Фронтто бир нече ирет жарадар болгон. Эрдиги үчүн Советтер Союзунун Өзгөчө аскердик каармандык үчүн медалы менен сыйланган. Атам 1978-жылы 53 жашында согушта алган жаракаттарынан улам каза болду. Зайнакан эжем чоң атамдын эмгектерин сактап калган экен, өлөрүндө Нурия эжеме таштап кетти. 1980-1990-жылдары чоң атамдын эмгегин калың элге тааныштууруда жазуучу Кеңеш Жусупов, тарыхчы Өмүркул Караев жана адабиятчы, акын Качкынбай Артыкбаев чоң роль ойношту. Ал эми "Кызыл кыргыз тарыхын" басмаканадан толук чыгарууда маркум Нурия эжем көп эмгек жумшады. 1990-жылдардын аягында Кеминге барган Аскар Акаевге атайын жолугуп, чоң атамдын китебин кайрадан чыгарып берүүнү өтүнүп кол жазмасынын түп нускасын колуна берет. 2003-жылы ал эжемдин өтүнүчүн аткарып, басмаканадан 1000 нуска менен чыгарып берген. Азыр чоң атамдын "Кызыл кыргыз тарыхынын" кол жазмасынын түп нускасы табылбай жатат. 2005-жылдагы революция учурунда Ак үйдөн жоголгон деген божомол бар. 1990-жылдары тарыхчы Назарбек Түнтеев менен кокусунан таанышып калдым, УКМКнын архивинен чоң атам тууралуу маалыматты таап берүүгө чоң жардам берди. Андан тышкары, УКМКнын жетекчиси ыраматылык Анарбек Бакаев да көмөк көрсөттү.
© Фото / из семейного архива БелековыхКыргыздын туңгуч тарыхчысы Белек Солтоноевдун кызы Зайнакан Белекова . Ленинград. 1976-жыл
Дочка кыргызского историка Белека Солтоноева Белекова Зайнакан - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.06.2024
Кыргыздын туңгуч тарыхчысы Белек Солтоноевдун кызы Зайнакан Белекова . Ленинград. 1976-жыл
Быйыл Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түптөлүшүнүн 100 жылдыгы белгиленет. Бул мааракеге байланыштуу чоң атамдын ысымы борбордун көчөлөрүнүн же жогорку окуу жайлардын бирине берилсе деп неберелери үмүт кылабыз.
Иманалы Айдарбеков баскан жол. Кара-Кыргыз автономиялуу облусу кантип түзүлгөн? - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.05.2024
Иманалы Айдарбеков баскан жол. Кара-Кыргыз автономиялуу облусу кантип түзүлгөн?
Жаңылыктар түрмөгү
0