https://sputnik.kg/20240630/narkolog-bangizat-kyrgyzstan-1086533575.html
Өлкөдө баңгизатка берилгендер көбөйүп жатат. Наркологдор коңгуроо кагууда
Өлкөдө баңгизатка берилгендер көбөйүп жатат. Наркологдор коңгуроо кагууда
Sputnik Кыргызстан
Адис расмий статистика боюнча баңгизаттан көз каранды кыргызстандыктардын саны 6768ге жетерин билдирди. 30.06.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-06-30T09:28+0600
2024-06-30T09:28+0600
2024-06-30T09:28+0600
кыргызстан
баңгизат
наркомания
алдын алуу
өспүрүм
https://sputnik.kg/img/07e8/06/1d/1086536191_0:0:3071:1727_1920x0_80_0_0_92c30ed7e923cc2ac91481d44b7f6b0d.jpg
БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Наркомания менен күрөшүүдө аны алдын алуу жолдоруна өзгөчө басым жасоо керек. Бул тууралуу медицина илимдеринин кандидаты, Кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институтунун психиатрия, психотерапия жана наркология бөлүмүнүн башчысы Сүйүтбек Назаркулов Sputnik Кыргызстан радиосуна берген маегинде билдирди.Дарыгер Республикалык психиатрия жана наркология борборунда "Биз дени сак келечекти тандайбыз" деген аталышта маалыматтык кампания өтүп жатканын кабарлады."Борбордо ачык эшик күндөрү болот, ага каалоочулар келип дарыгерлерден керектүү маалымат ала алат. Ошондой эле 10-июлда Түштүк дарбаза паркында баңгизат менен күрөшүүгө жана дени сак жашоого үндөгөн спорттук жарыш өтөт", — деди Назаркулов.
https://sputnik.kg/20240625/migranttardyn-kylmyshka-baruusuna-tez-akcha-tabuu-sebep-1086385617.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/06/1d/1086536191_226:0:2957:2048_1920x0_80_0_0_0f748b82fd4747167061d81fca679bdb.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, баңгизат, наркомания, алдын алуу, өспүрүм
кыргызстан, баңгизат, наркомания, алдын алуу, өспүрүм
Өлкөдө баңгизатка берилгендер көбөйүп жатат. Наркологдор коңгуроо кагууда
Адис расмий статистика боюнча баңгизаттан көз каранды кыргызстандыктардын саны 6768ге жетерин билдирди.
БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Наркомания менен күрөшүүдө аны алдын алуу жолдоруна өзгөчө басым жасоо керек. Бул тууралуу медицина илимдеринин кандидаты, Кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институтунун психиатрия, психотерапия жана наркология бөлүмүнүн башчысы Сүйүтбек Назаркулов Sputnik Кыргызстан радиосуна берген маегинде билдирди.
"Баңгизаттан көз каранды болгондордун саны күн санап өсүүдө. Кыргызстанда 2024-жылдын 1-июнуна карата каттоодо тургандардын саны 6768ге чыккан. Бул расмий статистика экенин белгилеп кетким келет, себеби каттоого алынбагандар да бар. Мындан тышкары, баңгизат колдонгон өспүрүмдөр көбөйүүдө. Бул түз эле өлкөнүн келечегине кедергисин тийгизет. Ошондуктан наркоманияны алдын алып, коомго алкоголдук ичимдиктер менен баңгиге берилүү жакшылыкка алып келбей тургандыгы боюнча маалыматты болушунча көбүрөөк жайылтуу керек", — деди адис.
Дарыгер Республикалык психиатрия жана наркология борборунда "Биз дени сак келечекти тандайбыз" деген аталышта маалыматтык кампания өтүп жатканын кабарлады.
"Борбордо ачык эшик күндөрү болот, ага каалоочулар келип дарыгерлерден керектүү маалымат ала алат. Ошондой эле 10-июлда Түштүк дарбаза паркында баңгизат менен күрөшүүгө жана дени сак жашоого үндөгөн спорттук жарыш өтөт", — деди Назаркулов.