00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
06:44
12 мин
Жаңылыктар
07:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
14:05
41 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Атамдын улуу адам экенин аңдабаптырмын. Саякбай манасчынын кызынын маеги

© Sputnik / Э. Вильчинский / Медиабанкка өтүүУлуу манасчы Саякбай Каралаев
Улуу манасчы Саякбай Каралаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.06.2024
Жазылуу
Саякбай Каралаевдин айтуусунда жазылган "Манас" эпосунун вариантынын жалпы көлөмү 500 553 ыр сабын түзөт. Улуу манасчы өзү да колу ачык, жетимди көрсө башынан сыламайын кетпеген адам болгон экен. Ал кишинин улуу өнөрдөн тышкары кыйын мүнүшкөр болгону да маалым.
Sputnik Кыргызстан агенттигинин "Туяк" рубрикасында конокто улуу манасчы Саякбай Каралаевдин кызы Гүлсүн Саякбаева болду. Биз залкар инсандын өмүрү жана чыгармачылыгы тууралуу баарлаштык.
© SputnikУлуу манасчы Саякбай Каралаевдин кызы Гүлсүн Саякбаева: апам мени 50гө жакындап калганда төрөгөн
Дочь великого сказителя Саякбая Каралаева Гулсун Саякбаева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.06.2024
Улуу манасчы Саякбай Каралаевдин кызы Гүлсүн Саякбаева: апам мени 50гө жакындап калганда төрөгөн
— Сиз Саякбай Каралаевдин кичүү кызы болосуз да?
— Ооба, апам мени 40 жаштан өтүп 50гө жакындап калганда төрөгөн. Ал кезде улуу эжелерим турмушка чыгып кетиптир. Андан кийин эки агам бар. Орус мектепке барып, мединститутту орусча окуп, орус тилдүү болуп калдым. Балалык кылсам керек, көп нерселер эсимден чыгып кетиптир. Үйдөн такыр конок үзүлчү эмес. Ыбрай Туманов, акын Чалагыз Иманкуловдор менен атам дос болуп, үй-бүлөлүк катышта эле. Билесиңер, атам өзү бүркүтчү болгон. Келген конокторго да көп кызыктарды айтып берсе керек. Эл да атамдан манас айтып берүүсүн суранып калганда апам кирип-чыгып жүрүп "ай, эл манас айтууңду суранып жатат" дегенде анан сыртка чыгып буркан-шаркан түшүп айтчу. 1932-жылы Фрунзеге көчүп келгенде Москва көчөсүндө Чыңгыз Айтматов менен бир подъездде 8 жыл жашадык. Мамлекет дароо үй берди, укмуш күтүрөп бай жашабасак да эч нерседен кем болбогонубузду апам айтып калар эле. Эшиктин алдында сквер бар болчу. Кээде убактысы болуп калганда скверге чыгып эл менен баарлашып, манас айтып калчу. Ал эми кышында бир-эки ай бүркүт салып айылына кетчү. Ойлоп көрсөм, бала чагымда залкар манасчынын кызы экенимди деле аңдабаптырмын. Мен үчүн ал киши биринчи кезекте ата болчу. Апам катуу кармачу. Бир нерсе керек болсо атама барып, тияк-биягына чыгып "атакелесем", ал апама "бир ачууңду мага берип, кызыма берип койчу" дечү. Ушундай эркелетип өстүрдү. Апамдын төркүнү — Бостери. Үч эжем тең Бостериге турмушка чыкты. Айылга атам эки бөлмөлүү үй салган. Азыр жээндерим турат. Ал кезде пансионаттар жок. Айылга барганда көл жээгине боз үй тигип, кой союп, эл тынбай келип, кечинде Манас айтылчу. Мен билгенден атамды өмүр бою эле эл тегеректеп жүрдү.
© Фото / Центральный Государственный архив кинофотодокументов КРСаякбаева: 1932-жылы Фрунзеге көчүп келгенде Москва көчөсүндө Чыңгыз Айтматов менен бир подъездде 8 жыл жашадык
Легендарный манасчи Саякбай Каралаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.06.2024
Саякбаева: 1932-жылы Фрунзеге көчүп келгенде Москва көчөсүндө Чыңгыз Айтматов менен бир подъездде 8 жыл жашадык
— Атаңыз баласаак болгон экен да...
— Ооба, катуу айтпады. Сыргак, Чубак аттуу эки байкем бар. Сыргак жоошураак, ал эми Чубак бир аз тентек болду. "Айбалтанын Чубагы чуу чыгарган чунагы" деп Чубактын атынан койдум эле, бул да тентек болуп калды" деп атам күлүп койчу. Улуу эжемдин балдарынан кичүүмүн. Мен төрөлгөндө апам уялгандан айылга барбаптыр. Негизи улуу эжем окубаптыр. Экинчиси Каликан 15 жашында турмушка чыкса да күйөөсү менен кошо жүрүп окуп, "Эл агартуунун мыктысын" алууга жетишкен. Абдан сулуу, сүйлөгөндө сөзү ордунда, такылдаган аял болчу. Андан кийинкиси техникумду аяктап, анан турмушка чыккан.
Атам мени кичинемден эле медик кылууну көздөгөн. Мен геолог болууну кыялданар элем. Кошунабыз окуу жайда иштечү. Ал кишиден геология факультетине кыздарды экзаменсиз кабыл алып жатканын угуп абдан кызыгып калдым. Ошентип документтеримди тапшырып сүйүнүп келсем атам "кызым, кайдагыны айтасың. Мени көрүп жатасың, кайра-кайра кан басымым көтөрүлүп жатат" деди. Мен химияга басым жасаган мектепте окугам. Ошентип кайра Мединституттун дарылоо факультетине тапшырдым. Атамдын кан басымын ченеп, кароого жетишип калдым. Кийин мен иштеп баштаганда каза болуп калды.
Атамды биз "ата" катары эле кабыл алыптырбыз да. Сүйлөгөндөрүн жаздырып, кептерин жазып калбай деп көп өкүнүп калам.
© Фото / Центральный Государственный архив кинофотодокументов КРСаякбаева: бир нерсе керек болсо атама барып, тияк-биягына чыгып "атакелесем", ал апама "бир ачууңду мага берип, кызыма берип койчу" дечү
Легендарный манасчи Саякбай Каралаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.06.2024
Саякбаева: бир нерсе керек болсо атама барып, тияк-биягына чыгып "атакелесем", ал апама "бир ачууңду мага берип, кызыма берип койчу" дечү
— Кадыр-баркы менен, дайым сый үстүндө жүрдү...
— Атам чет мамлекеттерге гастролдорго көп кетчү. Бир ирет ошондой гастролго барып, атамды сахнада эл артисти катары бардык наамдарын айтып тааныштырып чакырышып, анан манас айтат. Ага чейин "убакыт чектелүү, биз жакты карап коюп туруңуз, белги бергенде токтотуңуз" дешет. "Макул" дегени менен атам ыйлаган жерден ыйлап, бакылдап эле манас айта берет. Же тигилерди карабайт. Ошентип бир топто барып биздикилерди караганда алар белги берип анан токтотот. Зал тимеле тымтырс угуп, акырында туруп кол чапканын күбөлөр айтып келишти. "Которуп берели" десе көрөмандар "кереги жок, ансыз деле түшүндүк, абдан кейип айтты" дешиптир. Ушундай окуялары көп. Артисттер менен көп гастролдорго чыгар эле. Ал эми Кыргызстандын булуң-бурчтарын кыдырганда өнөр адамдары атамдын тобуна жазылганды жакшы көрүшчү экен. Анткени абдан көңүлдүү барышып, анан барган жерде атамды сыйлап чакырган жерлерден укмуш сый көрүшчү экен. Атамдын үйүнө кирип, нан ооз тийип чыкканына ыраазы болгон адамдар болгон. Ошондогу элдин пейилин караңызчы.
— Атаңызды абдан колу ачык киши болгон дешет...
— Азыр Москва көчөсүндөгү үйдөн биз эле көчүп кеттик. Жазуучулардын балдары дагы деле жашашат. Ошол үйдүн маңдайында жетим балдардын жатак мектеби болор эле. Атам "жетим" десе эле артынан түшүп алып үйгө алып келе берчү. Ошол мектептен бир баланы алып келип, ал үйдө биздин арабызда бир туугандай эле жүрдү. Бир ирет Конго мамлекетинен өлкөгө кара терилүү балдарды алып келишти. Ошол кезде атам төрт жаштагы оорукчан баланы багып алууга алыптыр. Бирок апам болбой койду. Жашы өтүп калган. Кароого чамасы келмек эмес.
Дагы бир окуясын айтайын, атама мамлекет "Москвич" берсе, андан баш тартып коюптур. Апам анысына нааразы болуп, ошондон экөө кер-мур айтышып калышчу. Керек болсо бухгалтер да "атаңардын колуна акча турбайт, абдан колу ачык" дечү. Биз үч бөлмөлүү батирде турганыбыз менен карапайым жашадык.
© SputnikСаякбаева: азыр Москва көчөсүндөгү үйдөн биз эле көчүп кеттик. Жазуучулардын балдары дагы деле жашашат
Дочь великого сказителя Саякбая Каралаева Гулсун Саякбаева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.06.2024
Саякбаева: азыр Москва көчөсүндөгү үйдөн биз эле көчүп кеттик. Жазуучулардын балдары дагы деле жашашат
— Апаңыз тууралуу айтсаңыз?
— Апамдын ата-теги азыркы Бостеринин аймагында абдан аты чыккан байлар болгон экен. Кийин алардын баары Урмамбет таякеме калат. Апам 15ке чыга элек кезинде Мамандан атам апамды ала качат. Эки жыл Маманда жүрүп, балалуу болгондон кийин атам бир торпок, бир мүшөк буудай алып аялын төркүлөтүп алып келет.Таякем унчукпай коноктоп, эртеси апамды алып калып, атамды кетирип жиберет. Карындашы ыйласа да болбойт. Теңсинбей коюптур. Сөгөттү айылына барып атам чогулган элге манас айтып, анан колуктусун кайнагасы алып калганын да айтып берет. Ошол түнү таякемдин бир чоң боз үйүнө чагылган түшүп, бүтүн күйүп кетиптир. Бактыга жараша, анда киши жок экен. Эл айтса керек. Урмамбет таякем кайра киши жиберип атамды алдырып, апамды колуна салып берген экен. Ошол таякем 104 жыл жашады. Апам аябагандай жакшынакай аял болчу. Ал киши 54 жашында инсульт алып каза болуп калды. Ошол кезде байкеме Балыкчыдан үч бөлмөлүү үй берилип, эртең көчкөнү жаткан. Ошону менен кийин байкем үй-бүлөсү менен көчүп, мен атамдын жанында калдым.
— Арманы болдубу?
— Негизи биздин тукумдну уулдары экиден ашпай турганын олуялар айтыптыр. Чынында эле атамдын жалгыз эркек бир тууганы каза болуп калган. Атам бир туугандарынын жоктугуна абдан кейичү. Көп ага-туугандуу болууну эңсээр эле. Арманы ушул болду. Азыр бизде ага-тууган жок. Өзүмдүн бир туугандарымдын балдары бар. Ошолор менен катышабыз. Атам өзү да эки эркек балалуу болду.
Советтер Союзунун Баатыры Асанбек Оторбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.06.2024
20 жашында Советтер Союзунун Баатыры болгон. Асанбек Оторбаевди эскерүү
Жаңылыктар түрмөгү
0