https://sputnik.kg/20240702/ukraina-20-mlrd-dollarlyk-karyzynan-ulam-defoltko-kepteldi-1086616602.html
Радада Украина 20 млрд. долларлык карызынан улам дефолтко кептелгени айтылды
Радада Украина 20 млрд. долларлык карызынан улам дефолтко кептелгени айтылды
Sputnik Кыргызстан
Зеленскийдин кеңсесинде салыктарды жогорулатуу ыктымалдуулугу тууралуу айтылып жатат, бирок терс реакциядан чочулап элге алып чыгыша элек. 02.07.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-07-02T16:04+0600
2024-07-02T16:04+0600
2024-07-02T16:04+0600
дүйнөдө
украина
карыз
экономика
дефолт
бюджет
жардам
https://sputnik.kg/img/07e8/04/14/1084436197_0:0:2868:1614_1920x0_80_0_0_cfc2b70258b261abb50c5c4b807c79f5.jpg
БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Украина 20 миллиард долларлык коммерциялык карызынан улам расмий жарыяланбаганы менен дефолт абалына тушукту. Бул тууралуу Жогорку Раданын депутаты Нина Южанина билдиргенин РИА Новости жазды. Дүйшөмбү күнү британиялык Economist басылмасы Украина бийлиги кредиторлор менен карызын реструктуризациялоо боюнча макулдаша албаса өлкө дефолтко кабылганын августта жарыялашы мүмкүн экенин боолгологон.Анын айтымында, Радада элдин реакциясын байкооо үчүн салыкты жогорулатып көрүү ыктымалдуулугу айтылууда. Зеленскийдин кеңсеси бул маселени карап жатат, бирок элдин маанайынан чочулап коомчулукка чыгара элек."Эл өтө бай жана өтө жакыр жашагандар болуп экиге бөлүнүп калды. Ушу тапта Украина элинин 50 пайызынан ашыгы жакырчылыктын босогосунда турат", — деген депутат.Financial Times Жогорку Раданын бюджет комитетинин төрайымы Роксолана Пидласуга таянып жазгандай, Украина жылдык бюджетинин тең акчасы болгон 87 миллиард долларды коргонууга жумшаган, анткен менен ички керектөөсү болгону 46 милиардды түзөт. Депутаттын айтымында, дефицит мобилизациянын жаңы толкунунан улам жогорулай берет, себеби айлык акыга, окутууга жана армияга чакырылгандарды тийиштүү каражат менен камсыздоого сарпталат.Буга чейин дагы бир депутат Александра Устинова мамлекеттик бюджеттин жетишсиздиги Батыштан келген акча менен жабылып жатканын билдирген. Эгер АКШ Киевге жардамын токтото турган болсо, өлкө жетекчилиги "Чоң жетиликтин" башка мамлекеттерине кайрылууга аргасыз болот.2023-жылдын ноябрында Зеленский Украинанын мамлекеттик бюджети тууралуу мыйзам долбооруна кол койгон. Анда дефицит 43 миллиард доллардан ашкан.
https://sputnik.kg/20240702/nato-ukrainaga-kural-zhetkiruunu-uzgultukko-uchuratpajt-1086615175.html
украина
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/04/14/1084436197_11:0:2742:2048_1920x0_80_0_0_0a161b2471a330d44526e52786af674d.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, украина, карыз, экономика, дефолт, бюджет, жардам
дүйнөдө, украина, карыз, экономика, дефолт, бюджет, жардам
Радада Украина 20 млрд. долларлык карызынан улам дефолтко кептелгени айтылды
Зеленскийдин кеңсесинде салыктарды жогорулатуу ыктымалдуулугу тууралуу айтылып жатат, бирок терс реакциядан чочулап элге алып чыгыша элек.
БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Украина 20 миллиард долларлык коммерциялык карызынан улам расмий жарыяланбаганы менен дефолт абалына тушукту. Бул тууралуу Жогорку Раданын депутаты Нина Южанина билдиргенин
РИА Новости жазды.
Дүйшөмбү күнү британиялык Economist басылмасы Украина бийлиги кредиторлор менен карызын реструктуризациялоо боюнча макулдаша албаса өлкө дефолтко кабылганын августта жарыялашы мүмкүн экенин боолгологон.
"Коммерциялык карыз жаатында чоң көйгөйүбүз бар, 20 миллиард долларга жетти... Де-юре айтылбаганы менен дефолтко кептелдик", — деген Южанина "Новости.LIVE" телеканалынын эфиринде.
Анын айтымында, Радада элдин реакциясын байкооо үчүн салыкты жогорулатып көрүү ыктымалдуулугу айтылууда. Зеленскийдин кеңсеси бул маселени карап жатат, бирок элдин маанайынан чочулап коомчулукка чыгара элек.
"Эл өтө бай жана өтө жакыр жашагандар болуп экиге бөлүнүп калды. Ушу тапта Украина элинин 50 пайызынан ашыгы жакырчылыктын босогосунда турат", — деген депутат.
Financial Times Жогорку Раданын бюджет комитетинин төрайымы Роксолана Пидласуга таянып жазгандай, Украина жылдык бюджетинин тең акчасы болгон 87 миллиард долларды коргонууга жумшаган, анткен менен ички керектөөсү болгону 46 милиардды түзөт. Депутаттын айтымында, дефицит мобилизациянын жаңы толкунунан улам жогорулай берет, себеби айлык акыга, окутууга жана армияга чакырылгандарды тийиштүү каражат менен камсыздоого сарпталат.
Буга чейин дагы бир депутат Александра Устинова мамлекеттик бюджеттин жетишсиздиги Батыштан келген акча менен жабылып жатканын билдирген. Эгер АКШ Киевге жардамын токтото турган болсо, өлкө жетекчилиги "Чоң жетиликтин" башка мамлекеттерине кайрылууга аргасыз болот.
2023-жылдын ноябрында Зеленский Украинанын мамлекеттик бюджети тууралуу мыйзам долбооруна кол койгон. Анда дефицит 43 миллиард доллардан ашкан.