00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
3 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
15:55
5 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
On air
18:55
4 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Кыргыз кыз-келиндеринен чыккан биринчи чалгынчы Санты Базарбаева. Таберик сүрөт

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек тарыхый сүрөттөрдү таап, анын таржымалын баяндайт.
© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КР
Төмөндө 1920-1923-жылдары Базар-Коргон району боюнча аскердик чалгын кызматында иштеп, басмачыларга каршы күрөшкө активдүү катышкан Санты Базарбаева тууралуу баяндалат. Сүрөт 1963-жылы Майлы-Сай шаарында тартылган.
Тарыхый маалыматтарга таянсак, Базарбаева кыргыз кыз-келиндеринин ичинен чыккан биринчи аскердик чалгынчы болгон. Сантынын жолдошу Тагай Базарбаев Майлы-Сай чөлкөмүндө басмачыларга каршы күрөшкөн ыктыярчылардан куралган отряддын командири болгону айтылат.
Борбордук мамлекеттик кинофотофонодокументтер архиви менен борбор калаадагы Михаил Фрунзенин мемориалдык музейиндеги маалыматта Санты Базарбаева 1920-1923-жылдары Базар-Коргон району боюнча аскердик чалгын кызматынын катарында Көлбай корбашыны талкалоого катышканы айтылат.
"1918-жылы жазда Советтик Россиянын курамында Түркстан Автономдуу Республикасы (Түркстан АССРи) түзүлөт. Ошол учурда Кеңеш өкмөтүнө каршы басмачылык кыймылы башталат. ТАССРинин жетекчилиги булар менен күрөшүү үчүн атайын Фергана фронтун түзөт. Анткени Ферганада басмачылык кыймыл күч алат. Эки тарап аёосуз согуш жүргүзөт. Бул согушка Тагай Базарбаев да катышат. Ал Совет бийлиги орногонго чейин болуш болгон. Кеңеш өкмөтүнүн катарына өз ыктыяры менен өтүп, Сузак жана Майлуу-Сай Маданбек паңсат менен Калкожо өңдүү корбашыларга каршы салгылашкан. Ошол эле учурда Базарбаев басмачылар менен түз сүйлөшүп, кан төкпөстөн бир пикирге келүүгө умтулган. Көп учурда Тагай мындай сүйлөшүүлөрдө ийгиликке жетишкен. Ага өмүрлүк жары Санты чоң көмөк көрсөткөн. 1920-1923 жылдары ал Базар-Коргон району боюнча аскердик чалгын кызматынын катарында Көлбай корбашыны талкалоого катышкан", — деп айтылат музейдеги маалыматта.
Мындан сырткары, 1933-жылы Базарбаев жубайы Санта менен Түштүк Казакстан, Түндүк Кыргызстан жана азыркы Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автоном районуна атайын экспедициянын курамында барып, өкмөттүн тапшырмасын аткарган деген учкай маалымат бар.
Тема боюнча:
Венгр илимпозуна жардам берген кыргыздын урпактары изделүүдө. Таберик сүрөт
Жаңылыктар түрмөгү
0