https://sputnik.kg/20240726/kyrgyzstan-sokuluk-kylmysh-iim-1087348837.html
Сокулукта өспүрүмгө бутун өптүрүп, бычак сайып кордогон улан кармалды. Видео
Сокулукта өспүрүмгө бутун өптүрүп, бычак сайып кордогон улан кармалды. Видео
Sputnik Кыргызстан
Өспүрүмдү кордоп, басынтып, анан бычак сайган видео соцтармактарда тараган. 26.07.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-07-26T10:33+0600
2024-07-26T10:33+0600
2024-07-26T11:23+0600
кыргызстан
сокулук
иим
кылмыш
https://sputnik.kg/img/103951/83/1039518321_0:317:6017:3701_1920x0_80_0_0_6eb9ae87cbcb2f063706dd79853995f9.jpg
БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Өспүрүмдүн санына бычак сайып, бутун өптүртүп басынткан видео социалдык тармактарда тарады.Анда өспүрүм видеону тартып жаткан кишиге "Ислам братан" деп кайрылып, кечирим сураганын көрүүгө болот. Бирок ал Ислам эмес экенин айтып, ага "принц" деп кайрылууну талап кылган. Ошондой эле өспүрүмдү кандай маки менен сайганын да камерага көрсөткөн.Жергиликтүү ЖМКлар окуя Сокулукта болгонун, жарадар болуп канжалаган өспүрүмдү жолдо өтүп бараткан адамдар үйүнө жеткиргенин жазышкан.Чүй ОИИБ бул боюнча маалымат берип, окуя 24-июлда саат 20:00 чамасында Калинин көчөсүндө болгонун кабарлады. 16 жаштагы баланын энеси милицияга арыз менен кайрылып, "Бейбаштык" боюнча кылмыш иши козголгон.Шектүү 26-июлда кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ал 19 жаштагы Ч.И. экени кошумчаланды.
https://sputnik.kg/20240720/kyrgyzstan-tokmok-mushtash-kylmysh-okuuchular-1087192590.html
сокулук
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/103951/83/1039518321_330:0:5685:4016_1920x0_80_0_0_6c22ed7b623568c0ed38cab1ce4c216f.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, сокулук, иим, кылмыш
кыргызстан, сокулук, иим, кылмыш
Сокулукта өспүрүмгө бутун өптүрүп, бычак сайып кордогон улан кармалды. Видео
10:33 26.07.2024 (Жаңыртылды: 11:23 26.07.2024) Өспүрүмдү кордоп, басынтып, анан бычак сайган видео соцтармактарда тараган.
БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Өспүрүмдүн санына бычак сайып, бутун өптүртүп басынткан видео социалдык тармактарда тарады.
Анда өспүрүм видеону тартып жаткан кишиге "Ислам братан" деп кайрылып, кечирим сураганын көрүүгө болот. Бирок ал Ислам эмес экенин айтып, ага "принц" деп кайрылууну талап кылган. Ошондой эле өспүрүмдү кандай маки менен сайганын да камерага көрсөткөн.
Жергиликтүү ЖМКлар окуя Сокулукта болгонун, жарадар болуп канжалаган өспүрүмдү жолдо өтүп бараткан адамдар үйүнө жеткиргенин жазышкан.
Чүй ОИИБ бул боюнча маалымат берип, окуя 24-июлда саат 20:00 чамасында Калинин көчөсүндө болгонун кабарлады. 16 жаштагы баланын энеси милицияга арыз менен кайрылып, "Бейбаштык" боюнча кылмыш иши козголгон.
Шектүү 26-июлда кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ал 19 жаштагы Ч.И. экени кошумчаланды.