Токтомаметов: окуу китептердин бир бөлүгү Сингапурдан келет
Жазылуу
Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун директору Алмаз Токтомаметов 12 жылдык окуу системасына өтүүдө алгачкы керек болуучу жагдайларга токтолду.
Алдын ала эсептөөлөргө ылайык, 12 жылдык окуу системасына өтүүдө 3800дөй мугалим, 2 445 жаңы класстар керек болот. Бул тууралуу Алмаз Токтомаметов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып айтты.
Токтомаметов: окуу китептердин бир бөлүгү Сингапурдан келет
12 жылдык окуу системасы этап-этабы менен ишке ашат.
"Өлкөдө орто мектептерде билим берүүнү 12 жылдык системага этап-этабы менен өткөрүү боюнча тескеме кабыл алынган. Анда эки вариант каралган. Кайсынысы менен иштейбиз, азырынча так айтыла элек. Алардын бири — 12 классты дароо өткөрүү, экинчиси боюнча, үч жылга бөлүп, алгач 1-2-класстарды өткөрүү. Андан соң башка класстарга киришүү. 12 жылдык окууда негизги маселе 1-класстарды жана 2-класстарды өткөрүү маанилүү. Ал эми жогорку класстар же болбосо бүтүрүүчү 11-класстар дагы бир жыл окуп калат деген маселе жок. Көп ата-энелер ушинтип түшүнүп алып, жаңылып жатышат. Муну менен катар окуу программалары да өзгөрөт. Мамлекеттик стандарттар быйылкы декабрь айына чейин бүтөт, андан соң предметтик стандарттар 2025-жылдын сентябрына чейин ишке ашат. Окуу китептер эки топтон турат. Биринчиси Кембридж системасында басылып чыккан, Сингапурдан келген китептер болот. Дүйнөдө 100дөн ашык өлкө ушул системадагы китептер менен окушат. Ал эми Сингапур өзүнө алып, Азияга ылайыкташтырган. Биз ал окуу куралдарын өзүбүзгө адаптациялап, кыргыз, өзбек, орус, тажик тилдерине которуп колдонобуз. Ошондой эле англис тили жана информатика предметтери боюнча китептерди сырттан алып келебиз. Калган сабактар боюнча окуулуктар өзүбүздөн чыгат", — деди Токтомаметов.
Ал учурда Сингапурдан алынчу китептердин электрондук варианттары келип, учурда котормо иштери жүрүп жатканын кошумчалады.