00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
3 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
15:55
5 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:00
5 мин
Между строк
Почему мировая культура не сможет обойтись без русской литературы
18:11
40 мин
On air
18:55
4 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Израиль министри ХАМАСтын жаңы лидерин "тезинен жок кылууга" чакырды

© AP Photo / Abir SultanИзраилдин тышкы иштер министри Исраэль Кац
Израилдин тышкы иштер министри Исраэль Кац  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.08.2024
Жазылуу
Яхья ас-Синвар өлтүрүлгөн Исмаил Ханиянын ордуна дайындалган.
БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Израилдин тышкы иштер министри Исраэль Кац ХАМАСтын саясий бюросунун жаңы дайындалган жетекчиси Яхья ас-Синварды "тезинен жок кылууга" чакырды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Буга чейин кыймыл Яхья ас-Синвар Иранда киши колдуу болгон Исмаил Ханиянын ордуна дайындалганын билдирген.
"Башкы террорчу Яхья ас-Синвардын Исмаил Ханиянын ордуна ХАМАСтын жаңы лидери болуп дайындалышы — аны тез аранын ичинде жок кылып, уюмду жер менен жексен кылууга дагы бир негизги себеп", — деп жазган Кац X соцтармагына.
ХАМАС 31-июлда Ирандын жаңы президентинин инаугурациясына катышуу үчүн Тегеранга келген Исмаил Хания резиденциясына жасалган соккудан улам каза тапканын билдирген. Палестиналык кыймыл анын жоопкерчилигин Тель-Авив менен Вашингтонго жүктөп, кол салуу жоопсуз калбай турганын эскерткен эле.
Өз кезегинде ЦАХАЛ Ханиянын өлтүрүлүшү боюнча билдирүүлөргө эч кандай реакция жасабай турганын айткан болчу. The Jerusalem Post гезити израилдик министрлерге окуя тууралуу кандайдыр бир комментарий берүүгө тыюу салынганын жазган.
The New York Times гезитинин маалыматы боюнча, Хания өлтүрүлгөндөн кийин Ирандын руханий лидери Али Хименеи Израилге түз сокку урууга буйрук берген. Кийинчерээк өлкөнүн БУУдагы туруктуу өкүлү Амир Саид Ирвани Тегеран эл аралык укук нормаларына таянуу менен керектүү учурда өзүн-өзү коргоо укугун сактап каларын билдирген. Ал Ханияны жок кылуу америкалык чалгын кызматынын колдоосу менен ишке ашканын белгилеп, БУУнун Коопсуздук кеңешин еврей мамлекетине санкция киргизүүгө чакырган.
Палестина президенти Махмуд Аббас. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.08.2024
Палестина президенти Аббас Хания эмне себептен өлтүрүлгөнүн айтып берди
Жаңылыктар түрмөгү
0