https://sputnik.kg/20240811/ajaal-lazarev-kolo-uchun-betteshte-utuldu-1087760849.html
Айаал Лазарев коло үчүн беттеште утулуп, Парижден карьерасын жыйынтыктады
Айаал Лазарев коло үчүн беттеште утулуп, Парижден карьерасын жыйынтыктады
Sputnik Кыргызстан
Спортчу 38 жашта, 14 жылдан бери Кыргызстандын намысын коргоп келет. 11.08.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-08-11T00:26+0600
2024-08-11T00:26+0600
2024-08-11T00:38+0600
кыргызстан
париж
олимпиада
айаал лазарев
беттеш
карьера
спорт
https://sputnik.kg/img/07e8/08/0b/1087760997_0:0:3072:1728_1920x0_80_0_0_4b8cac30eacfc5029f03006fc74ef941.jpg
БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Париж Олимпиадасында эркин күрөш боюнча оор салмактагы балбан Айаал Лазарев коло медаль үчүн беттеште түркиялык спортчу Тах Акгүлгө 0:7 эсебинде утулуп калды.Кыргызстандык балбан 1/8 бөлүктө ирандык спортчу Хоссейн Зареге жеңилген. Атаандашы финалга чыккандыктан Лазарев коло байге үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алган.Жубатуучу беттеште канадалык атлетти утуп алган болчу.38 жаштагы Лазарев беттеш бүткөндөн кийин бут кийимин чечип, спорттук карьерасын жыйынтыктаганын билдирди. Коло байгенин ээси 33 жаштагы Тах Акгүл да расмисин жасап, мындан ары килемге чыкпай турган болду.Эскерте кетсек, Якутияда төрөлгөн Айаал Лазарев 14 жылдан бери Кыргызстандын намысын коргоп келет.
https://sputnik.kg/20240810/ajperi-medet-kyzy-olimpiadanyn-kolo-medaly-1087760457.html
париж
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/08/0b/1087760997_137:0:2868:2048_1920x0_80_0_0_4d52adbaa6221e95f6b06651fb6da3bf.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, париж, олимпиада, айаал лазарев, беттеш, карьера, спорт
кыргызстан, париж, олимпиада, айаал лазарев, беттеш, карьера, спорт
Айаал Лазарев коло үчүн беттеште утулуп, Парижден карьерасын жыйынтыктады
00:26 11.08.2024 (Жаңыртылды: 00:38 11.08.2024) Спортчу 38 жашта, 14 жылдан бери Кыргызстандын намысын коргоп келет.
БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Париж Олимпиадасында эркин күрөш боюнча оор салмактагы балбан Айаал Лазарев коло медаль үчүн беттеште түркиялык спортчу Тах Акгүлгө 0:7 эсебинде утулуп калды.
Кыргызстандык балбан 1/8 бөлүктө ирандык спортчу Хоссейн Зареге жеңилген. Атаандашы финалга чыккандыктан Лазарев коло байге үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алган.
Жубатуучу беттеште канадалык атлетти утуп алган болчу.
38 жаштагы Лазарев беттеш бүткөндөн кийин бут кийимин чечип, спорттук карьерасын жыйынтыктаганын билдирди. Коло байгенин ээси 33 жаштагы Тах Акгүл да расмисин жасап, мындан ары килемге чыкпай турган болду.
Эскерте кетсек, Якутияда төрөлгөн Айаал Лазарев 14 жылдан бери Кыргызстандын намысын коргоп келет.