https://sputnik.kg/20240816/maymyl-chechegi-kooptonuuga-negiz-barby-1087935480.html
Өлкөдө маймыл чечеги боюнча кооптонууга негиз барбы? Министрликтин жообу
Өлкөдө маймыл чечеги боюнча кооптонууга негиз барбы? Министрликтин жообу
Sputnik Кыргызстан
Дарыгер Кыргызстанда илдеттин бар-жогун текшере турган тест-система бардыгын билдирген. 16.08.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-08-16T20:04+0600
2024-08-16T20:04+0600
2024-08-17T10:21+0600
кыргызстан
пакистан
маймыл чечеги
инфекция
кр саламаттык сактоо министрлиги
жооп
тест
динара оторбаева
https://sputnik.kg/img/07e8/08/10/1087934463_0:110:2100:1291_1920x0_80_0_0_3400f57a9d4e764bdb44b963cd744d2f.jpg
БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Кыргызстанда маймыл чечеги боюнча кооптонууга негиз жок. Бул туурасында Саламаттык сактоо министрлигинен Sputnik Кыргызстанга айтышты.Санэпидкөзөмөл департаментинин инфекциялык, мите ооруларын алдын алуу жана көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Динара Оторбаева түшүндүрмө берди.Дарыгер Кыргызстанда аталган илдеттин бар-жогун текшере турган тест-система бардыгын кошумчалаган."Кокус инфекция чыгып калса деген шартта атайын буйруктун долбоору даярдалган. Былтыр ДССУдан тест-системаларды алганбыз. Бул өтө жакын байланыш болмоюн кишиден кишиге жукпайт", — деди эпидемиолог.Эске салсак, маймыл чечегин жугузуп алгандар Швеция менен Пакистанда катталган.
https://sputnik.kg/20240816/kooptuu-ooru-borbor-aziyada-birinchi-iret-kattaldy-1087934320.html
пакистан
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/08/10/1087934463_117:0:1984:1400_1920x0_80_0_0_a0986a1b9f8c182bfd47ffb7749c23b0.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, пакистан, маймыл чечеги, инфекция, кр саламаттык сактоо министрлиги, жооп, тест, динара оторбаева
кыргызстан, пакистан, маймыл чечеги, инфекция, кр саламаттык сактоо министрлиги, жооп, тест, динара оторбаева
Өлкөдө маймыл чечеги боюнча кооптонууга негиз барбы? Министрликтин жообу
20:04 16.08.2024 (Жаңыртылды: 10:21 17.08.2024) Дарыгер Кыргызстанда илдеттин бар-жогун текшере турган тест-система бардыгын билдирген.
БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Кыргызстанда маймыл чечеги боюнча кооптонууга негиз жок. Бул туурасында Саламаттык сактоо министрлигинен Sputnik Кыргызстанга айтышты.
Санэпидкөзөмөл департаментинин инфекциялык, мите ооруларын алдын алуу жана көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Динара Оторбаева түшүндүрмө берди.
"Маймыл чечеги негизинен Африканын Конго, Камерун, Нигерия, Түштүк Судан жана башка бир катар өлкөлөрүндө кездешет. Себеби ал жакта инфекцияларды ташып жүргөн маймылдар бар. Бул мамлекеттерде жашагандар аталган жаныбарлар менен дайыма аралашып жүргөндүктөн көбүрөөк оорушат", — деген Оторбаева.
Дарыгер Кыргызстанда аталган илдеттин бар-жогун текшере турган тест-система бардыгын кошумчалаган.
"Кокус инфекция чыгып калса деген шартта атайын буйруктун долбоору даярдалган. Былтыр ДССУдан тест-системаларды алганбыз. Бул өтө жакын байланыш болмоюн кишиден кишиге жукпайт", — деди эпидемиолог.
Эске салсак, маймыл чечегин жугузуп алгандар Швеция менен Пакистанда катталган.