00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:00
4 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
53 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Стоп-кадр
“Чоочун киши” сериалынын 2-сезону көрүүчүлөрдү эмнеси менен таң калдырат?
15:08
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Жума жыйынтыгы
апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:06
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Между строк
Холден Колфилд: герой нашего времени или бунтарь без причины?
18:06
49 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Акылбек Жапаров: Кыргызстан өзүн амбициялары бар өлкө катары таанытууга тийиш

© Фото / пресс-служба кабинета министров КР / Эргеш ЖусубалиевМинистрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.08.2024
Жазылуу
Өкмөт башчы президенттик администрацияда иштеген кызматкерлеринен берилгендик, чыгармачылык мамиле жана жогорку натыйжаларга жетүү үчүн дайыма умтулуу талап кылынарын эске салган.
БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Кыргызстан ири долбоорлорду ишке ашырууга даяр жана чоң амбициялары бар өлкө катары өзүн билдирүүгө тийиш. Бул туурасында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров президенттик администрациянын кызматкерлери менен болгон жыйын учурунда айтты.
"Учурдагы реалдуулуктун чегинен чыгуу зарыл болгон мезгил келди. Камбар-Ата-1 ГЭСин, Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолун куруу сыяктуу ири долбоорлорду ишке ашырууга даяр, чоң амбициялары бар, түптөлгөн өлкө катары Кыргызстан өзүн дүйнөгө таанытууга тийиш", — деген өкмөт башчы.
Төрага өлкөнүн өнүгүүсүнүн жаңы этабы курулуп жатканын белгилеген. Ал азыркы Кыргызстандын заманбап эгемендүүлүгүнүн жана мамлекеттүүлүгүнүн калыптанышынын маанилүү этабы болгон Кара-Кыргыз автономдуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгынын алкагында быйыл ири долбоорлор ишке ашырылып жатканын эске салган. Жүздөн ашык өнөр жай ишканалары жана 100 социалдык объект ишке киргизилерине токтолгон.
Moody's, Standard & Poor's жана Fitch агенттиктеринин суверендүү рейтингдеринде Кыргызстандын позициясын бекемдөө маанилүү экендигин белгилеген.
"Биздин милдет – бул рейтингдерде өлкөнүн позициясын жакшыртуу, ал инвестиция тартууда, кызматташууда жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Биздин реформалардын, прогресстин жана жакшы жакка умтулуунун натыйжасын дүйнө көрүшү үчүн колдон келгендин баарын кылышыбыз керек. Биздин стратегиялык максат — өлкөнүн стабилдүүлүгүн жана гүлдөп-өнүгүүсүн камсыз кылууга умтулуу", — деп айткан Жапаров.
Кыргызстандын Давос Дүйнөлүк экономикалык форуму, Дубайдагы Дүйнөлүк өкмөттүк саммит, Азия жана дүйнө өлкөлөрүнүн ортосундагы диалог үчүн эң чоң аянтча — Боаодогу (Кытай) Азия экономикалык форуму сыяктуу ири аянтчаларда болуп, ага катышууга умтулуш керектигин белгилеген.
Ал республиканын 2030-жылга чейин БУУнун туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү боюнча алдыңкы 30 өлкөнүн катарына кириши, аны менен катар эле 2030-жылга чейин ИДПнын көлөмүн 30 миллиард долларга жеткирүү керектигин эске салды.
Жапаров президенттик администрацияда иштеген кызматкерлеринен максималдуу берилгендик, чыгармачылык мамиле жана жогорку натыйжаларга жетүү үчүн дайыма умтулуу талап кылынарын белгилеген.
"Биздин ар бир кадамыбыз, ар бир чечимибиз менен жарандарыбыздын бакубаттуулугун жогорулатууга, өлкөнүн дүйнөлүк аренадагы позициясын бекемдөөгө багытталгандай иштейли. Кыргызстандын чоң мүмкүнчүлүктөрү бар, келечеги кең өлкө экенин бүт дүйнөгө көрсөтүшүбүз керек. Аракет кылуу мезгили келди!" – деди Жапаров.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.08.2024
Акылбек Жапаров: Кыргызстан күчтүү мамлекеттердин лигасына өтүүдө
Жаңылыктар түрмөгү
0