https://sputnik.kg/20240827/stadion-rekonstrukciyalanuuda-1088188013.html
Жаңыланган стадиондо биринчи болуп Кыргызстан — Өзбекстан беттеши өтөт
Жаңыланган стадиондо биринчи болуп Кыргызстан — Өзбекстан беттеши өтөт
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 10-сентябрында реконструкциядан өткөн Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо 2026-жылкы дүйнө чемпионатынын үчүнчү... 27.08.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-08-27T10:43+0600
2024-08-27T10:43+0600
2024-08-27T11:10+0600
кыргызстан
бишкек
стадион
реконструкция
беттеш
өзбекстан
https://sputnik.kg/img/07e6/0a/02/1068548217_0:105:3267:1943_1920x0_80_0_0_4089e601cfcc3340c0cc514fdaba4db7.jpg
БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 10-сентябрында реконструкциядан өткөн Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо 2026-жылкы дүйнө чемпионатынын үчүнчү тандоо раундунун алкагында Кыргызстан менен Өзбекстандын улуттук курама командалары кез келет. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдиги (КФБ) билдирди.Эскерте кетсек, учурда стадион жаңыланууда. КФБ бүгүнкү күндө реконструкциялоо иштери дээрлик 90 пайызга аяктап калганын кабарлады.Кыргыз футбол биримдигинин башкы катчысы Медербек Сыдыков, Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев жана реконструкция боюнча иштерин аткарган компаниянын жетекчилиги реконструкция иштеринин жүрүшү менен таанышкан.Буга чейин жаңылангандан кийин борбордук стадион эл аралык стандарттарга жооп берип, күйөрмандар электрондук турникет аркылуу киргизилери белгиленди.Стадионду оңдоп-түзөө иштери июнь айында башталган.
https://sputnik.kg/20240701/oshtun-borborduk-stadionu-ondolot-1086581955.html
бишкек
өзбекстан
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/0a/02/1068548217_268:0:2999:2048_1920x0_80_0_0_88578855e213166b4fa81b6b9844ccf9.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, бишкек, стадион, реконструкция, беттеш, өзбекстан
кыргызстан, бишкек, стадион, реконструкция, беттеш, өзбекстан
Жаңыланган стадиондо биринчи болуп Кыргызстан — Өзбекстан беттеши өтөт
10:43 27.08.2024 (Жаңыртылды: 11:10 27.08.2024) БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 10-сентябрында реконструкциядан өткөн Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо 2026-жылкы дүйнө чемпионатынын үчүнчү тандоо раундунун алкагында Кыргызстан менен Өзбекстандын улуттук курама командалары кез келет. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдиги (КФБ) билдирди.
Эскерте кетсек, учурда стадион жаңыланууда. КФБ бүгүнкү күндө реконструкциялоо иштери дээрлик 90 пайызга аяктап калганын кабарлады.
Кыргыз футбол биримдигинин башкы катчысы Медербек Сыдыков, Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев жана реконструкция боюнча иштерин аткарган компаниянын жетекчилиги реконструкция иштеринин жүрүшү менен таанышкан.
Буга чейин жаңылангандан кийин борбордук стадион эл аралык стандарттарга жооп берип, күйөрмандар электрондук турникет аркылуу киргизилери белгиленди.
Стадионду оңдоп-түзөө иштери июнь айында башталган.