https://sputnik.kg/20240912/rossiya-elektr-energiya-zhetkiruu-1088638136.html
Кыргызстанга электр энергиясын үзгүлтүксүз жеткирген Россияга ыраазычылык айтылды
Кыргызстанга электр энергиясын үзгүлтүксүз жеткирген Россияга ыраазычылык айтылды
Sputnik Кыргызстан
ЫСЫК-КӨЛ, 12-сен. — Sputnik. Энергетика Кыргызстан менен Россиянын кызматташтыгынын негизги багыттарынын бири бойдон калууда. Бул тууралуу VI Кыргыз-Россия... 12.09.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-09-12T12:17+0600
2024-09-12T12:17+0600
2024-09-12T12:18+0600
кыргызстан
экономика
россия
электр энергиясы
https://sputnik.kg/img/07e8/07/16/1087245888_0:160:3072:1888_1920x0_80_0_0_53c33fb6d5d3aaa57571ade838f95bda.jpg
ЫСЫК-КӨЛ, 12-сен. — Sputnik. Энергетика Кыргызстан менен Россиянын кызматташтыгынын негизги багыттарынын бири бойдон калууда. Бул тууралуу VI Кыргыз-Россия экономикалык форумунда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.Анын айтымында, "Росатом" менен биргеликте чакан ГЭСтерди, ошондой эле шамал жана күн электр станцияларын куруу боюнча долбоорлор ишке ашырылууда. Алар энергетикалык коопсуздукту жакшыртууга гана эмес, өлкөбүз үчүн стратегиялык багыт болгон энергиянын кайра жаралуучу булактарына өтүүнү тездетүүгө жардам берет.Ал газ тармагы электр энергиясынан кем эмес мааниге ээ экенин белгиледи."Чалдыбар ЖЭБинин жана 500 МВт болгон Кара-Кече ТЭСинин курулушу сыяктуу ири энергетикалык долбоорлор боюнча ишти активдештирүүнү пландап жатабыз. Алар өлкөбүздү керектүү энергетикалык ресурстар менен камсыздайт жана өнөр жайды өнүктүрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзөт", — деди ал.
https://sputnik.kg/20240912/rossiyada-ishtegen-kyrgyzstandyktar-1088636566.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/07/16/1087245888_171:0:2902:2048_1920x0_80_0_0_f84e254f77f878a94ab5c6675cdfe7d8.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, экономика, россия, электр энергиясы
кыргызстан, экономика, россия, электр энергиясы
Кыргызстанга электр энергиясын үзгүлтүксүз жеткирген Россияга ыраазычылык айтылды
12:17 12.09.2024 (Жаңыртылды: 12:18 12.09.2024) ЫСЫК-КӨЛ, 12-сен. — Sputnik. Энергетика Кыргызстан менен Россиянын кызматташтыгынын негизги багыттарынын бири бойдон калууда. Бул тууралуу VI Кыргыз-Россия экономикалык форумунда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.
Анын айтымында, "Росатом" менен биргеликте чакан ГЭСтерди, ошондой эле шамал жана күн электр станцияларын куруу боюнча долбоорлор ишке ашырылууда. Алар энергетикалык коопсуздукту жакшыртууга гана эмес, өлкөбүз үчүн стратегиялык багыт болгон энергиянын кайра жаралуучу булактарына өтүүнү тездетүүгө жардам берет.
"Мен Россияга Кыргызстанды электр энергиясы менен туруктуу камсыз кылууда көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирем", — деди Жапаров.
Ал газ тармагы электр энергиясынан кем эмес мааниге ээ экенин белгиледи.
"Чалдыбар ЖЭБинин жана 500 МВт болгон Кара-Кече ТЭСинин курулушу сыяктуу ири энергетикалык долбоорлор боюнча ишти активдештирүүнү пландап жатабыз. Алар өлкөбүздү керектүү энергетикалык ресурстар менен камсыздайт жана өнөр жайды өнүктүрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзөт", — деди ал.