https://sputnik.kg/20240918/baldar-klinikalyk-oorukanasyna-byltyr-280-minden-ashyk-bejtap-kajryldy-1088791859.html
Балдар клиникалык ооруканасына былтыр 280 миң бейтап кайрылган
Балдар клиникалык ооруканасына былтыр 280 миң бейтап кайрылган
Sputnik Кыргызстан
Бишкек шаардык №3 балдар клиникалык ооруканасынын башкы дарыгеринин орун басары Данияр Шайбеков хирургиялык ооруларга чалдыккан балдардын саны көбөйүп жатканын... 18.09.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-09-18T13:27+0600
2024-09-18T13:27+0600
2024-09-18T13:27+0600
радио
балдар
оору
хирург
клиника
https://sputnik.kg/img/07e8/09/12/1088791262_0:161:3067:1886_1920x0_80_0_0_38ba4782c45e204c50deb003eded160f.jpg
Балдар клиникалык ооруканасына былтыр 280 миң бейтап кайрылган
Sputnik Кыргызстан
Бишкек шаардык №3 балдар клиникалык ооруканасынын башкы дарыгеринин орун басары Данияр Шайбеков хирургиялык ооруларга чалдыккан балдардын саны көбөйүп жатканын айтты.
Балдар клиникалык ооруканасына былтыр 280 миңден ашык бейтап кайрылды. 2022-жылы бул көрсөткүч 170-180 миңдин тегерегинде болгонун Данияр Шайбеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.Анын айтымында, балдар ооруканасына келгендердин 80 пайызы амбулатордук дарылануу алууга тийиш, алар үй-бүлөлүк дарыгерге же жергиликтүү поликлиникага кайрылышы зарыл.Ошондой эле ал республика аймагында балдар хирургу жетишпей турганын, медицинада кадр маселесине көп көңүл бурулушу керектигин кошумчалады.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/09/12/1088791262_169:0:2898:2047_1920x0_80_0_0_1a43e70e15c3153f8a96e717b2f542c4.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
балдар, оору, хирург, клиника, аудио
балдар, оору, хирург, клиника, аудио
Балдар клиникалык ооруканасына былтыр 280 миң бейтап кайрылган
Бишкек шаардык №3 балдар клиникалык ооруканасынын башкы дарыгеринин орун басары Данияр Шайбеков хирургиялык ооруларга чалдыккан балдардын саны көбөйүп жатканын айтты.
Балдар клиникалык ооруканасына былтыр 280 миңден ашык бейтап кайрылды. 2022-жылы бул көрсөткүч 170-180 миңдин тегерегинде болгонун Данияр Шайбеков
Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, балдар ооруканасына келгендердин 80 пайызы амбулатордук дарылануу алууга тийиш, алар үй-бүлөлүк дарыгерге же жергиликтүү поликлиникага кайрылышы зарыл.
"Балдар хирургу болуп №3 балдар клиникалык ооруканасында иштегениме 30 жылдай болду. Ооруканага кайрылгандардын саны жылдан-жылга өсүп келе жатат. Мисалы, былтыр эле бизге 280 миңден ашык бейтап кайрылды. 2022-жылы бул көрсөткүч 170-180 миңдин тегерегинде болчу. Быйыл андан да көп болушу мүмкүн. Тилекке каршы, келгендердин көбү амбулатордук кароого тийиш. Алар негизи үй-бүлөлүк дарыгерге же жергиликтүү поликлиникага кайрылышы абзел. Балдардын оорулары чынында көбөйдү. Штаттык бирдик да көбөйүп, айлыктары учурга ыңгайлуу болсо көп адистерди өзүбүздө сактап калат элек", — деди Шайбеков.
Ошондой эле ал республика аймагында балдар хирургу жетишпей турганын, медицинада кадр маселесине көп көңүл бурулушу керектигин кошумчалады.