https://sputnik.kg/20240926/bishkek-baldar-rossiya-okuu-zhay-tapshyrat-1089020037.html
Мэрия: жыл сайын 300дөй бишкектик бала Россиянын окуу жайларына тапшырат
Мэрия: жыл сайын 300дөй бишкектик бала Россиянын окуу жайларына тапшырат
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Бишкектен жыл сайын 300гө жакын абитуриент Россиянын жогорку окуу жайларына тапшырат. Бул тууралуу мэриянын билим берүү бөлүмүнүн... 26.09.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-09-26T13:49+0600
2024-09-26T13:49+0600
2024-09-26T14:15+0600
кыргызстан
россия
көргөзмө
студенттер
абитуриент
пресс-борбор
https://sputnik.kg/img/07e8/09/1a/1089014130_0:321:3071:2048_1920x0_80_0_0_1399c10ecf63ca3ff2352664267d173a.jpg
БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Бишкектен жыл сайын 300гө жакын абитуриент Россиянын жогорку окуу жайларына тапшырат. Бул тууралуу мэриянын билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Элмира Сатышева билдирди.Ал Sputnik Кыргызстан маалымат борборундагы "Бишкектеги евразиялык билим берүү көргөзмөсү" аттуу брифингге катышты.Сатышева Кыргызстан абитуриенттердин татыктуу билим алуусуна кызыкдар экенин белгиледи.25-сентябрда Борбор Азия өлкөлөрүндөгү евразиялык билим берүүнүн VIII эл аралык көргөзмөсү башталды. Иш-чара Бишкек, Токмок, Кара-Балта жана Каракол шаарларында, ал эми ноябрда Кыргызстандын түштүгүндө өтөт. Мектеп окуучулары Россиянын алдыңкы университеттеринин сунуштары менен тааныша алышат.
https://sputnik.kg/20240926/kyrgyzstan-baldar-prorektor-rossiya-1089018365.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/09/1a/1089014130_171:0:2902:2048_1920x0_80_0_0_d62911c591852a56ad0fb31a3f0fbcc5.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, россия, көргөзмө, студенттер, абитуриент
кыргызстан, россия, көргөзмө, студенттер, абитуриент
Мэрия: жыл сайын 300дөй бишкектик бала Россиянын окуу жайларына тапшырат
13:49 26.09.2024 (Жаңыртылды: 14:15 26.09.2024) БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Бишкектен жыл сайын 300гө жакын абитуриент Россиянын жогорку окуу жайларына тапшырат. Бул тууралуу мэриянын билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Элмира Сатышева билдирди.
Ал
Sputnik Кыргызстан маалымат борборундагы "Бишкектеги евразиялык билим берүү көргөзмөсү" аттуу брифингге катышты.
Сатышева Кыргызстан абитуриенттердин татыктуу билим алуусуна кызыкдар экенин белгиледи.
"Бишкекте 30дан ашык статусу бар окуу жайлар бар. Алар студенттерди кошумча программалар менен даярдап, профилдик билим берип келишет. Бирок бул дагы жетишсиз. Мен чет элдик университеттерге кирген студенттер боюнча мониторинг жүргүзөм. Алардын көбү россиялык окуу жайларга тапшырышат. Буга Россия КМШнын курамында болгону, тарыхыбыз бир экени таасир этсе керек. Бишкекте орусча билбеген бала жок", — деди Сатышева.
25-сентябрда Борбор Азия өлкөлөрүндөгү евразиялык билим берүүнүн VIII эл аралык көргөзмөсү башталды. Иш-чара Бишкек, Токмок, Кара-Балта жана Каракол шаарларында, ал эми ноябрда Кыргызстандын түштүгүндө өтөт. Мектеп окуучулары Россиянын алдыңкы университеттеринин сунуштары менен тааныша алышат.