00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
5 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:00
4 мин
Новости науки и новых технологий
18:51
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Новости науки и новых технологий
08:58
2 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
6 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:00
3 мин
Особый акцент
Как без проблем унаследовать приватизированную квартиру — советы юриста
20:04
48 мин
Ачык кеп
Өкмөт ушул жылдын аягына чейин бардык турак үйлөрдү камсыздандыруу тапшырмасын берди — кантип ишке ашат?
23:05
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Садыр Жапаров жалаа жабууга байланыштуу мыйзам долбоору боюнча үн катты

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевӨлкө башчы Садыр Жапаров. Архивдик сүрөт
Өлкө башчы Садыр Жапаров. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.09.2024
Жазылуу
Президент айып пулдун өлчөмүнө каршы экенин айтып, бирок бул мыйзам керек экенин белгилеген.
БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Өлкө башчы Садыр Жапаров ЖМК жана интернет аркылуу жалаа жабуу, мазактоого айып салган мыйзам долбоору боюнча "Кабар" агенттигине маек курду.
Буга чейин Маданият министрлиги ЖМК менен интернетте жалаа жабуу, мазактоого жеке жактарга 100 миң сом, юридикалык жактарга 200 миң сом айып салууну сунуштап, мыйзам долбоорун Жогорку Кеңешке киргизген.
Президент туура эмес маалымат тараткандарга мындай өлчөмдө (100, 200 миң) айып салууга каршы экенин айтып, бирок бул мыйзам керек экенин белгилеген.
Өлкө башчынын мыйзам долбоору боюнча "Кабар" агенттигиндеги маегинен урунттуу учурлар:
бул мыйзамды Маданият министрлиги сунуштаган экен. Мен кечээ соцтармакта талкуу болуп жаткандан кийин билдим. Менин оюмча, аны кайра чакыртып алыштын кереги жок. Анткени бул азырынча долбоор гана. Депутаттар, ЖМКлар сунуштарын айтып, алымча-кошумча кылышсын. Мен дагы 100 миң, 200 миң айып салуу дегенге каршымын. Муну парламенттин кароосуна коюш керек. Канча айып пул салыш керектигин депутаттар чечет;
бул элди дүрбөлөңгө салган маалыматтарды таратып жаткандар үчүн демилгеленген мыйзам болсо керек. Парламентке жетип талкуу башталсынчы, анан көрөлү;
Кыргызстанда сөз эркиндиги бар, болуп келген жана мындан ары да боло берет. Соцтармакка жалган маалымат таратпа, бирөө-жарымды далили жок каралаба, абийирине шек келтирбе. Суроо-талабың болобу, сын, пикириң болобу, бийликтин кемчиликтери болобу, каалаган жерде далил менен сайрай бер. Кемчиликтерибизди оңдойбуз, суроо-талаптарыңарды колдон келишинче чечебиз;
эл менен да, ЖМКлар менен да эриш-аркак иштешкенге даярбыз жана ачыкпыз. Жалган жана элди дүрбөлөңгө чакырган маалыматтар сөз эркиндигине жатпайт.
Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.09.2024
Акыйкатчы: жалаа жабууга салынчу айып пул негизсиз жогорулатылган
Жаңылыктар түрмөгү
0