Бишкекте өткөн "Snow Leopard Run 2024" жарым марафонунан 18 сүрөт
Бишкекте өткөн "Snow Leopard Run 2024" жарым марафонунан 18 сүрөт
Sputnik Кыргызстан
Бишкекте эл аралык "Snow Leopard Run 2024" кайрымдуулук жарым марафону өттү. Sputnik Кыргызстан даярдаган сүрөт түрмөгүнөн иш-чарадан тартып алынган ирмемдерге... 29.09.2024, Sputnik Кыргызстан
Бешинчи ирет өткөрүлүп жаткан жарышка 4500дөй адам катышты. Адаттагыдай эле старт "Ала-Тоо" аянтынан берилди. Жарым марафондо спортчулар жана спортту сүйүүчүлөр 5, 14, 21,1 чакырым аралыкка чуркап өтүштү. Ошондой эле балдар үчүн да жарыштар уюштурулган, иш-чарадагы эң кичинекей катышуучу үч жашта болсо, эң улуусу 78 жашта.Уюштуруучулар жарыштын максаты спорт жана сергек жашоо образын жайылтуудан тышкары Кыргызстандын символу болгон ак илбирсти сактоого чакырык жасоо экенин билдиришти. Чогулган каражаттын бир бөлүгү сейрек кездешкен жырткычты сактоо программасы менен иштеген уюмдарга берилет.Тема боюнча:
Бишкекте эл аралык "Snow Leopard Run 2024" кайрымдуулук жарым марафону өттү. Sputnik Кыргызстан даярдаган сүрөт түрмөгүнөн иш-чарадан тартып алынган ирмемдерге көз салыңыз.
Бешинчи ирет өткөрүлүп жаткан жарышка 4500дөй адам катышты. Адаттагыдай эле старт "Ала-Тоо" аянтынан берилди. Жарым марафондо спортчулар жана спортту сүйүүчүлөр 5, 14, 21,1 чакырым аралыкка чуркап өтүштү. Ошондой эле балдар үчүн да жарыштар уюштурулган, иш-чарадагы эң кичинекей катышуучу үч жашта болсо, эң улуусу 78 жашта.
Уюштуруучулар жарыштын максаты спорт жана сергек жашоо образын жайылтуудан тышкары Кыргызстандын символу болгон ак илбирсти сактоого чакырык жасоо экенин билдиришти. Чогулган каражаттын бир бөлүгү сейрек кездешкен жырткычты сактоо программасы менен иштеген уюмдарга берилет.