https://sputnik.kg/20241001/eaehb-ehlektr-ehnergiya-zhalpy-rynok-1089160722.html
ЕАЭБдеги электр энергиянын жалпы рыногун түзүүгө дагы бир кадам жасалды
ЕАЭБдеги электр энергиянын жалпы рыногун түзүүгө дагы бир кадам жасалды
Sputnik Кыргызстан
Электр энергия рыногу боюнча маалымат алмашуу эрежелери Еревандагы бүгүнкү жыйында бекитилген. 01.10.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-10-01T22:27+0600
2024-10-01T22:27+0600
2024-10-01T22:27+0600
еаэб
еэк
арзыбек кожошев
электр энергиясы
рынок
https://sputnik.kg/img/07e4/08/08/1049255980_0:89:3483:2048_1920x0_80_0_0_ab3c793cccb7f7dcca8cca0da9aa2568.jpg
БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Электр энергиянын жалпы рыногу евразиялык энергетикалык интеграциянын флагманы болуп калды. Бул тууралуу ЕЭКтин энергетика жана инфраструктура министри Арзыбек Кожошев Еревандагы Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынында билдирди.Ал евразиялык "бештиктин" бул рынокту түзүү чечими электр энергиясына бирдей бааны, тарифтерди жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн экономикасынын өсүүсү үчүн рационалдуу чечим болгонун белгилеген.ЕЭКтин маалымат кызматы Евразия өкмөттөр аралык кеңеши бүгүн ЕАЭБдин жалпы электр энергия рыногунун иштөө эрежелерин түзүү жумуштары аяктаганын кабарлады.ЕАЭБдин электр энергия рыногу боюнча маалымат алмашуу эрежелери Еревандагы бүгүнкү жыйында бекитилген.
https://sputnik.kg/20241001/erevan-okmot-zhyjyn-dokument-1089159078.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e4/08/08/1049255980_330:0:3061:2048_1920x0_80_0_0_edf9610b4772ee6e03facea3a1935194.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
еаэб, еэк, арзыбек кожошев, электр энергиясы, рынок
еаэб, еэк, арзыбек кожошев, электр энергиясы, рынок
ЕАЭБдеги электр энергиянын жалпы рыногун түзүүгө дагы бир кадам жасалды
Электр энергия рыногу боюнча маалымат алмашуу эрежелери Еревандагы бүгүнкү жыйында бекитилген.
БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Электр энергиянын жалпы рыногу евразиялык энергетикалык интеграциянын флагманы болуп калды. Бул тууралуу ЕЭКтин энергетика жана инфраструктура министри Арзыбек Кожошев Еревандагы Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынында билдирди.
Ал евразиялык "бештиктин" бул рынокту түзүү чечими электр энергиясына бирдей бааны, тарифтерди жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн экономикасынын өсүүсү үчүн рационалдуу чечим болгонун белгилеген.
ЕЭКтин маалымат кызматы Евразия өкмөттөр аралык кеңеши бүгүн ЕАЭБдин жалпы электр энергия рыногунун иштөө эрежелерин түзүү жумуштары аяктаганын кабарлады.
ЕАЭБдин электр энергия рыногу боюнча маалымат алмашуу эрежелери Еревандагы бүгүнкү жыйында бекитилген.
"Эрежелер рыноктун субъектилеринин, энергетика тармагындагы ыйгарым укуктуу органдардын жана ЕЭКтин ортосундагы маалыматтык кызматташууну жөнгө салып, ачыкка чыга турган маалыматтардын курамын аныктайт", — деп жазылат маалыматта.