https://sputnik.kg/20241003/bilim-beruudo-onlajn-platformalardyn-ordu-ozgocho-1089192516.html
Расул Абазбек уулу: онлайн-курстардын иши жөнгө салынат
Расул Абазбек уулу: онлайн-курстардын иши жөнгө салынат
Sputnik Кыргызстан
Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу онлайн билим берүүнү иретке келтирген жобо даярдалып жатканын айтты. 03.10.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-10-03T13:01+0600
2024-10-03T13:01+0600
2024-10-03T13:01+0600
радио
кыргызстан
онлайн
платформа
жобо
токтом
расул абазбек уулу
https://sputnik.kg/img/07e8/09/1e/1089103107_0:161:3067:1886_1920x0_80_0_0_aedafaa2a1a432d28e35037a1b2dae17.jpg
Расул Абазбек уулу: онлайн-курстардын иши жөнгө салынат
Sputnik Кыргызстан
Расул Абазбек уулу: онлайн-курстардын иши жөнгө салынат
Билим берүү тармагындагы онлайн-платформалар — учурдун талабы, мезгилдин чакырыгы. Бул тууралуу Расул Абазбек уулу Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.Анын айтымында онлайн окуу мекемесин ачкысы келгендерге атайын мүмкүнчүлүктөр түзүлүп жатат.Ошондой эле ал өлкөдөгү бардык кесиптик окуу жайлар жана кыска мөөнөттүк курстар тууралуу кеңири маалыматтар камтылган онлайн-платформа жасалып ишке киргенин дагы кошумчалады.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/09/1e/1089103107_169:0:2898:2047_1920x0_80_0_0_ee30b6a32577b4cf5d2a976a427d5eb5.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, онлайн, платформа, жобо, токтом, расул абазбек уулу, аудио
кыргызстан, онлайн, платформа, жобо, токтом, расул абазбек уулу, аудио
Расул Абазбек уулу: онлайн-курстардын иши жөнгө салынат
Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу онлайн билим берүүнү иретке келтирген жобо даярдалып жатканын айтты.
Билим берүү тармагындагы онлайн-платформалар — учурдун талабы, мезгилдин чакырыгы. Бул тууралуу Расул Абазбек уулу
Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында онлайн окуу мекемесин ачкысы келгендерге атайын мүмкүнчүлүктөр түзүлүп жатат.
"Онлайн-платформалардын орду тууралуу айтсак, бүгүнкү күндө аябай актуалдуу, учурдун чакырыгы. Бул багытта бизде активдүү аракеттер жүрүп жатат. Кенен токтоло турган болсом, азыр онлайн билим берүү мекемелери жөнүндө токтом даярдалып жатат. Анткени онлайн-курстар болгону менен алардын ишин жөнгө салган кандайдыр бир жобо жок. Онлайн окуу мекемесин ачкысы келгендерге дагы мүмкүнчүлүк түзүшүбүз керек. Анда курстар эмнени камтып, кандай шарт түзүлүшү керектиги так көрсөтүлөт. Ошондой эле Билим берүү министрлиги "Электрондук мектеп" деген платформа түзүлүшү керек деп жобо иштеп чыкты. Ал миграцияда жүргөн же ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген мекендештерибизге жакшы шарт түзөт. Программаны мектепке барбай туруп толук окууга мүмкүнчүлүк берет. Ал жерде сабактар видео түрүндө даярдалат, кайтарым байланышы бар, тапшырмалар камтылган толук кандуу атайын платформа", — деди Абазбек уулу.
Ошондой эле ал өлкөдөгү бардык кесиптик окуу жайлар жана кыска мөөнөттүк курстар тууралуу кеңири маалыматтар камтылган онлайн-платформа жасалып ишке киргенин дагы кошумчалады.