https://sputnik.kg/20241004/astanada-kmsh-olkolorunun-koopsuzduk-kyzmatynyn-zhetekchileri-choguldu-1089226432.html
Астанада КМШ өлкөлөрүнүн коопсуздук кызматынын жетекчилеринин жыйыны өттү
Астанада КМШ өлкөлөрүнүн коопсуздук кызматынын жетекчилеринин жыйыны өттү
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Бүгүн Астанада КМШнын коопсуздук органдары менен атайын кызматтардын кеңешинин жетекчилеринин 55-жыйыны өттү. Бул туурасында... 04.10.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-10-04T14:35+0600
2024-10-04T14:35+0600
2024-10-04T16:31+0600
кмш
казакстан
коопсуздук
кызмат
жыйын
талкуу
https://sputnik.kg/img/07e8/0a/04/1089225337_140:202:1060:720_1920x0_80_0_0_f2ef8828527710b20b84b95a338b2480.jpg
БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Бүгүн Астанада КМШнын коопсуздук органдары менен атайын кызматтардын кеңешинин жетекчилеринин 55-жыйыны өттү. Бул туурасында Казакстандын Улуттук коопсуздук кызматынан кабарлашты.Алгач аларды Касым-Жомарт Токаев кабыл алып, ыкчам жана аналитикалык маалымат менен өз убагында алмашуу аймактык коопсуздуктун көйгөйлөрүнө жана коркунучтарына каршы иштөөгө жардам берерин белгилеген.Иш-чарага Азербайжан, Армения, Беларусь, Казакстан, Россия, Тажикстан, Өзбекстандан делегациялар жана КМШнын Аткаруу комитети менен Антитеррордук борборунун өкүлдөрү катышкан.Жолугушууда буга чейинки жыйындан берки мезгилдеги кызматташуунун жыйынтыктары каралган. Ошондой эле эл аралык террорчулукка, трансулуттук кылмыштуулукка, киберкылмыштуулукка каршы күрөшүүдө биргелешип иштешүүнүн негизги маселелери талкууланган. Мыйзамсыз миграция, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү маселеси да көңүл борборунда болгон.
https://sputnik.kg/20240524/bishkek-kmsh-zhiyyn-video-1085447114.html
кмш
казакстан
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/0a/04/1089225337_264:194:965:720_1920x0_80_0_0_deafb8171fc48dfc5da969c72340bbc2.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кмш, казакстан, коопсуздук, кызмат, жыйын, талкуу
кмш, казакстан, коопсуздук, кызмат, жыйын, талкуу
БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Бүгүн Астанада КМШнын коопсуздук органдары менен атайын кызматтардын кеңешинин жетекчилеринин 55-жыйыны өттү. Бул туурасында Казакстандын Улуттук коопсуздук кызматынан кабарлашты.
Алгач аларды Касым-Жомарт Токаев кабыл алып, ыкчам жана аналитикалык маалымат менен өз убагында алмашуу аймактык коопсуздуктун көйгөйлөрүнө жана коркунучтарына каршы иштөөгө жардам берерин белгилеген.
Иш-чарага Азербайжан, Армения, Беларусь, Казакстан, Россия, Тажикстан, Өзбекстандан делегациялар жана КМШнын Аткаруу комитети менен Антитеррордук борборунун өкүлдөрү катышкан.
Жолугушууда буга чейинки жыйындан берки мезгилдеги кызматташуунун жыйынтыктары каралган. Ошондой эле эл аралык террорчулукка, трансулуттук кылмыштуулукка, киберкылмыштуулукка каршы күрөшүүдө биргелешип иштешүүнүн негизги маселелери талкууланган. Мыйзамсыз миграция, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү маселеси да көңүл борборунда болгон.