00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Максимальный репост
16:04
45 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ачык кеп
ВИЧ менен ооругандардын арасында жаңы төрөлгөн баладан карыяларга чейин бар
23:04
44 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Владислав Бакальчук Wildberries компаниясына каршы 350 млрд. рублден ашык доо койду

© Sputnik / Ирина Алтухова / Медиабанкка өтүүWildberries онлайн дүкөнү. Архив
Wildberries онлайн дүкөнү. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.10.2024
Жазылуу
Ишкер тергөөнүн жүрүшүндө аталган сумма мындан да көбөйөрүн айтты.
БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Владислав Бакальчук "РВБ" ЖЧКСына, Wildberries ЖЧКсына жана Татьяна Кимге (Бакальчук) 350 миллиард рублден ашык доо арызын бергенин өзүнүн Telegram каналында билдирди.
Ишкер Wildberries активдерин бириккен компанияга өткөрүп берүү келишимин жокко чыгарууну талап кылууда.
"Документтерди изилдеп жатып Wildberries активдери "РВБ" ЖЧКсынын колуна ачык мыйзам бузуулар менен өткөнүн көрдүк. Доо арызыбызда бул келишимдерди жокко чыгарууга негиз бар экенин толук жазып бердик", — деди Бакальчук.
Ал кеп маркетплейстин туунду компанияларынын активдери тууралуу болуп жатканын белгиледи.
"Кампалар, жабдуулар, жүк ташуучу унаалар, логистикалык күчтөр, Wildberries банкы жана анын активдери, метариалдык эмес баалуулуктар, товардык белгилер, программалык камсыздоо, веб-сайт", — деп эсептеген Бакальчук.
Ишкер тергөөнүн жүрүшүндө аталган сумма мындан да көбөйүшү мүмкүн экенин, анткени азыр "алдын ала базар баасы" айтылганын белгиледи. Бакальчук "РВБ" компаниясы жана анын өкүлдөрү структуралык өзгөрүүлөр тууралуу документтерди жашырып жатканын кошумчалаган.
"Коомго ачыкталган билдирүүлөрдө "кайра уюштуруу" жүрүп жатканы жөнүндө айтылат, бирок мындай өзгөрүүлөр компаниянын тең негиздөөчүсү катары, менин макулдугумсуз ишке ашырылышы мүмкүн эмес. Демек, "кайра уюштуруу" юридикалык күчкө ээ эмес. Биз Wildberries компаниясын нөлдөн баштап 20 жыл ичинде курдук. Чогуу өстүргөн компаниябыз эми манипуляциянын каражатына айланып калды. Мен буга жол бербейм!" — деди Бакальчук.
Эске салсак, Татьяна Бакальчук менен күйөөсү Владислав Бакальчуктун айланасындагы чуу июль айында күч алган. Татьяна Бакальчук ажырашуу үчүн арыз жазган. Алардын жети баласы бар. Түгөйлөр РФтеги учурдун эң ири маркетплейсин 2004-жылы негиздешкен. Forbes журналы Татьяна Бакальчуктун каражатын 7,4 миллиард доллар деп эсептеген.
Владислав Бакальчук үй-бүлөнүн бул бизнеси рейдерлик басып алууга тушукканын, өзүн андан четтетип коюшканын билдирген. Ошондой эле ал бизнес ажырашкандан кийин тең бөлүнүшү керектигин айтып келет.
Ал эми 18-сентябрда Владислав Бакальчук коопсуздук жана ММА мушкерлеринин коштоосунда Москванын борборундагы Wildberries кеңсесине кирүүгө аракет кылганда атышуу болуп, эки коопсуздук кызматкери каза болгон.
Логистикалык борбордун кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.06.2023
Wildberries Кыргызстанда логистикалык борбор курууга кызыкдар. Чоо-жайы
Жаңылыктар түрмөгү
0