https://sputnik.kg/20241005/makron-gazadagy-sogush-chn-izrailge-kural-bern-toktotuuga-chakyrdy--1089256303.html
Макрон Газадагы согуш үчүн Израилге курал берүүнү токтотууга чакырды
Макрон Газадагы согуш үчүн Израилге курал берүүнү токтотууга чакырды
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 5 окт — Sputnik. Франциянын президенти Эммануэль Макрон Израилге Газа тилкесинде аскердик операцияларды жүргүзүү үчүн колдонулган курал-жарактарды... 05.10.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-10-05T22:17+0600
2024-10-05T22:17+0600
2024-10-05T23:21+0600
франция
эммануэль макрон
израиль
газа сектору
курал
https://sputnik.kg/img/07e8/06/0a/1085949881_304:0:2769:1386_1920x0_80_0_0_291305799f85db59a96201c229d37758.jpg
БИШКЕК, 5 окт — Sputnik. Франциянын президенти Эммануэль Макрон Израилге Газа тилкесинде аскердик операцияларды жүргүзүү үчүн колдонулган курал-жарактарды берүүнү токтотууга чакырып, мындай кадамды аймактагы кырдаалды жөнгө салуу үчүн маагилүү экенин айтты. Бул тууралуу РИА Новости билдирди. 2023-жылдын 7-октябрында Израиль Газа тилкесинен ракеталык чабуулга кабылган. Андан соң палестиналык ХАМАС кыймылынын согушкерлери өлкөнүн чек ара аймактарына кирип келип, аскерлер менен карапайым элге ок чыгарып, 250дөн ашуун адамды барымтага алышкан. Бийликтердин маалыматы боюнча, 1,2 миңге жакын адам каза болгон. Израилдин коргонуу күчтөрү Газа тилкесинде жарандык буталарга кол салууларды камтыган "Темир кылычтар" операциясын баштаган. Израиль анклавды толук блокадага алганын жарыялап, суу, электр энергиясы, күйүүчү май, тамак-аш жана дары-дармек менен камсыздоо токтотулган. Газанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, 7-октябрдан бери каза болгондордун саны 41 миңден ашты, 95 миңден ашуун киши жаракат алды.
https://sputnik.kg/20241004/izrail-bunker-bomba-tashtady-1089233639.html
франция
израиль
газа сектору
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/06/0a/1085949881_199:0:2930:2048_1920x0_80_0_0_8d799cd8607c17ff39ea3b4dd26ee264.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
франция, эммануэль макрон, израиль, газа сектору, курал
франция, эммануэль макрон, израиль, газа сектору, курал
БИШКЕК, 5 окт — Sputnik. Франциянын президенти Эммануэль Макрон Израилге Газа тилкесинде аскердик операцияларды жүргүзүү үчүн колдонулган курал-жарактарды берүүнү токтотууга чакырып, мындай кадамды аймактагы кырдаалды жөнгө салуу үчүн маагилүү экенин айтты. Бул тууралуу
РИА Новости билдирди.
"Мен бүгүнкү күндүн маанилүү маселеси жаңжалды саясий жол менен чечүүгө кайтып келүү жана Газадагы согуш үчүн курал-жарак берүүнү токтотуу деп эсептейм. Франция курал жеткирбейт”, - деди Макрон France Inter радиосунда.
2023-жылдын 7-октябрында Израиль Газа тилкесинен ракеталык чабуулга кабылган. Андан соң палестиналык ХАМАС кыймылынын согушкерлери өлкөнүн чек ара аймактарына кирип келип, аскерлер менен карапайым элге ок чыгарып, 250дөн ашуун адамды барымтага алышкан. Бийликтердин маалыматы боюнча, 1,2 миңге жакын адам каза болгон.
Израилдин коргонуу күчтөрү Газа тилкесинде жарандык буталарга кол салууларды камтыган "Темир кылычтар" операциясын баштаган. Израиль анклавды толук блокадага алганын жарыялап, суу, электр энергиясы, күйүүчү май, тамак-аш жана дары-дармек менен камсыздоо токтотулган. Газанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, 7-октябрдан бери каза болгондордун саны 41 миңден ашты, 95 миңден ашуун киши жаракат алды.